Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 319 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 8-январы № 1

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана экспертизалоо департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана экспертизалоо департаменти жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-майындагы № 299 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитариялык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментин түзүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев