Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-мартындагы № 151 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 19-октябры № 728
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
| Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-б.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
47-беренеде:
1) 2-бөлүгү "укугун" деген сөздөн мурда "же ижаралоо" деген сөздөр менен толукталсын.
2) 6-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Мамлекеттик билим берүү уюмдарынын имараттары жана курулмалары андан ары аларды ажыратып алуу укугусуз мамлекеттик билим берүү уюмдарына жана мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнүн менчик билим берүү уюмдарына (ижара шартында) өткөрүп берилиши мүмкүн.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Билим берүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамына кошумча жана өзгөртүү киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2012-жылдын 12-июнундагы № 20-2120 Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмасын аткарууда жеке менчик билим берүүчү уюмдарын өнүктүрүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдады.
Биздин өлкөдө жеке менчик жогорку жана орто кесиптик билим берүүчү уюмдар жетиштүү өнүгүп жатат.
Ошол эле учурда, жеке менчик билим берүүчү мектепке чейинки жана мектептик билим берүүчү жеке менчик уюмдар аз.
Мунун негизги себеби жеке менчик билим берүүчү уюмдарын ачыш үчүн менчик имарат болуусун талап кылуу.
Ушул себептен, өлкөбүздөгү 691 мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардын 38 гана жеке менчик болуп саналат, мектепке чейинки билим берилүүчү менчик жайларга барган балдардын саны 2424 же жалпы бакчаларга барган балдардын эсебинен менчик бала бакчаларга барган балдардын эсеби болгону 2,8% барабар.
2204 жалпы билим берилүүчү мектептердин 60 гана жеке менчик, жалпы билим берүү мекемелерине барган окуучулардын ичинен 13670 же 1,35% жеке менчик мектептерге барышат.
Министрлик тарабынан даярдалган долбоор мектепке чейинки жана мектептик билим берүүчү жеке менчик уюмдарды түзүүчүлөргө жана ал уюмдардын иштешине тийиштүү шарттарды түзүп берүүгө багытталган.
Мыйзамдын долбоору боюнча мектепке чейинки жана мектептик билим берүүчү жеке менчик уюмдарды түзүүчүлөргө имаратты ижарага алууга уруксат берилет.
Ушуга окшош долбоор биздин министрлик тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 2012-жылдын 29-февралында жиберилген жана 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 250 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен жактырылган.
2012-жылдын 18-апрелинде № 20-5679 каты менен Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилген.
Мыйзамдын долбоорун кароодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин билим, илим, маданият жана спорт комитетинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан мамлекеттик билим берүүчү мекемелердин имараттарын мектепке чейинки жана мектептик билим берүүчү жеке менчик уюмдарына берүүнүн механизмдери аныкталсын жана Мыйзам долбоорунун кайра иштелип чыксын деген сунуштар болгон (Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин 2012-жылдын 5-июнундагы № 20-5679 каты).
Сунуштар эске алынды, мамлекеттик билим берүүчү мекемелердин имараттарын мектепке чейинки жана мектептик билим берүүчү жеке менчик уюмдарына ижаранын негизинде берилет, андан ары аларды ажыратып алуу укугусуз.
Долбоордун максаты билим берүү тармагында жеке менчик мектепке чейинки жана мектептик билим берүүчү уюмдардын санын өнүктүрүүнү Мыйзамдаштыруу болуп саналат.
Долбоордун милдети билим берүү тармагында жеке менчик мектепке чейинки жана мектептик билим берүүчү уюмдардын өнүктүрүүнү колдоо.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин веб-сайтына 2012-жылдын 27-июнунда жайгаштырылган.
Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорун кабыл алуу мүмкүн болуучу экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттери жок.
Мындан тышкары, жүргүзүлгөн анализдердин жыйынтыгында кабыл алынуучу Мыйзамдын долбоору улуттук жана эл аралык Мыйзамдарга каршы келбейт.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча акча каражатын талап кылбайт.
Министр К.Садыков
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Колдонулуп жаткан редакция │ Сунуш кылынып жаткан редакция │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ "Билим берүү жөнүндөгү" │ "Билим берүү жөнүндөгү" │
│ Кыргыз Республикасынын Мыйзамы │ Кыргыз Республикасынын Мыйзамы │
│ │ │
│47-статья. Билим берүү тутумунун │47-статья. Билим берүү тутумунун │
│ менчик мамилелери │ менчик мамилелери │
│ │ │
│Мамлекеттик эмес билим берүү │Мамлекеттик эмес билим берүү │
│уюмдарына алардын ишин камсыз │уюмдарына алардын ишин камсыз │
│кылуу максатында, уставда каралган│кылуу максатында, уставда каралган│
│имараттарды, курулмаларды, │имараттарды, курулмаларды, │
│жабдууларды, ошондой эле │жабдууларды, ошондой эле │
│керектелүүчү, социалдык, маданий │керектелүүчү, социалдык, маданий │
│жана башка багыттагы зарыл │жана башка багыттагы зарыл │
│керектүү башка мүлктөрдү │керектүү башка мүлктөрдү │
│уюмдаштыруучу (уюмдаштыруучулар) │уюмдаштыруучу (уюмдаштыруучулар) │
│менчикке өткөрүп берет же │менчикке өткөрүп берет же │
│оперативдүү башкаруу же ижаралоо │оперативдүү башкаруу же ижаралоо │
│укугун берет. │укугун берет. │
│Ушул ченем, эгерде мамлекет │Ушул ченем, эгерде мамлекет │
│уюмдаштыруучу болуп саналган │уюмдаштыруучу болуп саналган │
│учурга жайылтылбайт. │учурга жайылтылбайт. │
│Мамлекеттик билим берүү уюмунун │МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН│
│имараттары жана курулмалары │ИМАРАТТАРЫ ЖАНА КУРУЛМАЛАРЫ АНДАН │
│мамлекеттик билим берүү уюмуна │АРЫ АЛАРДЫ АЖЫРАТЫП АЛУУ УКУГУСУЗ │
│гана өткөрүлүп берилиши мүмкүн. │МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНА │
│ │ЖАНА МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ ЖАНА │
│ │МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЕНЧИК │
│ │БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНА (ИЖАРА │
│ │ШАРТЫНДА) ӨТКӨРҮЛҮП БЕРИЛИШИ │
│ │МҮМКҮН. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
Министр К.Садыков