Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 22-октябры № 737
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 1994-ж., № 5, 153-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Мамлекеттик сырды сактоонун системасы (жашырындуулуктун тартиби) - ченемдик укуктук актылар менен белгиленген мамлекеттик сырлардын сакталышын жана корголушун камсыз кылуунун бирдиктүү тартиби.".
2. 2-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2-берене. Мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө мыйзамдар
Мамлекеттик сырларды коргоонун укуктук негиздерин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.".
3. 8-беренеде:
1) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Маалыматты мамлекеттик сырларга таандык кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Мамлекеттик сырларды түзгөн башкы маалыматтардын тизмесинин негизинде иштерде, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтардын жашыруундуулугунун даражасын аныктоо жана белгилөө тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.".
2) төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Жашырындуулукка алууга жаткан маалыматтардын тизмеси Мамлекеттик сырды түзгөн башкы маалыматтардын тизмесинин негизинде иштелип чыгат жана тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан бекитилет.".
4. 10-берененин 5-бөлүгүндө:
1) биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин органдары" деген сөздөр "улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) төртүнчү абзацындагы "туруктуу комиссияларынын" деген сөздөр "комитеттеринин" деген сөз менен алмаштырылсын.
5. 11-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген мамлекеттик сырлар менен иштөө үчүн медициналык жактан каршы көрсөткүчтөргө ээ болгондор;".
6. 14-беренеде:
1) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"14-берене. Мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндө Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары";
- 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик сырларды коргоо алкагында төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды аткарат:
- мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү саясатты жүргүзөт;
- маалыматты мамлекеттик сырга таандык кылуу боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын тизмесин бекитет;";
- экинчи бөлүктүн биринчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
7. 15-беренеде:
1) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"15-берене. Улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик сырды коргоо
системасындагы ыйгарым укуктары";
2) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн компетенциясынын чегинде:".
8. 16-берененин 1-бөлүгүндө:
1) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;";
2) төртүнчү абзац күчүн жоготту деп табылсын.
9. 17-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"17-берене. Жашыруун маалыматты башка мамлекетке өткөрүп берүү
Жашыруун маалыматты башка мамлекетке өткөрүп берүү үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, өткөрүп берилүүчү жашыруун маалыматты коргоо боюнча тараптардын милдеттери каралган эл аралык келишимдер эсептелет.".
10. 18-беренедеги "мамлекеттер аралык макулдашуулардын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген мамлекеттер аралык келишимдердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Күчүндөгү редакциясы │ Сунушталган редакциясы │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│1-статья. Ушул Мыйзамда │1-статья. Ушул Мыйзамда │
│ колдонулуучу негизги │ колдонулуучу негизги │
│ түшүнүктөр │ түшүнүктөр │
│ │ │
│Мамлекеттик сыр - Кыргыз │Мамлекеттик сыр - Кыргыз │
│Республикасында сакталуучу жана │Республикасында сакталуучу жана │
│бир жерден бир жерге берилүүчү, │бир жерден бир жерге берилүүчү, │
│коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, │коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, │
│коопсуздугуна, экономикалык жана │коопсуздугуна, экономикалык жана │
│саясий кызыкчылыктарына тиешелүү, │саясий кызыкчылыктарына тиешелүү, │
│Кыргыз Республикасынын │Кыргыз Республикасынын │
│Конституциясынын негизинде жана │Конституциясынын негизинде жана │
│аны аткаруу үчүн иштелген атайын │аны аткаруу үчүн иштелген атайын │
│тизме жана эреже менен чектөөчү, │тизме жана эреже менен чектөөчү, │
│мамлекеттин көзөмөлүндө турган │мамлекеттин көзөмөлүндө турган │
│маалыматтар. │маалыматтар. │
│Маалыматты жашырындоо - │Маалыматты жашырындоо - │
│маалыматтын жайылтылышын чектөө │маалыматтын жайылтылышын чектөө │
│боюнча мамлекет тарабынан │боюнча мамлекет тарабынан │
│белгиленген иш-чаралардын │белгиленген иш-чаралардын │
│жыйындысы. │жыйындысы. │
│Маалыматтын жашырындуулугун ачуу -│Маалыматтын жашырындуулугун ачуу -│
│маалыматтардын жайылтылышын │маалыматтардын жайылтылышын │
│чектөөнү алып салуу боюнча │чектөөнү алып салуу боюнча │
│мамлекет тарабынан белгиленген │мамлекет тарабынан белгиленген │
│иш-чаралардын жыйындысы. │иш-чаралардын жыйындысы. │
│[Мамлекеттик сырды сактоонун │МАМЛЕКЕТТИК СЫРДЫ САКТООНУН │
│системасы (жашырындуулуктун │СИСТЕМАСЫ (ЖАШЫРЫНДУУЛУКТУН │
│тартиби) Кыргыз Республикасынын │ТАРТИБИ) - ЧЕНЕМДИК УКУКТУК │
│мыйзамдарында жана мамлекеттик │АКТЫЛАР МЕНЕН БЕЛГИЛЕНГЕН │
│бийлик органдарынын башка │МАМЛЕКЕТТИК СЫРЛАРДЫН САКТАЛЫШЫН │
│нормативдүү актылары менен │ЖАНА КОРГОЛУШУН КАМСЫЗ КЫЛУУНУН │
│белгиленген мамлекеттик сырды │БИРДИКТҮҮ ТАРТИБИ. │
│сактоо жана сактоону камсыз │Жашырын сырды таратуу - кызматы же│
│кылуунун жалпы тартиби.] │иши боюнча белгиленген тартипте │
│Жашырын сырды таратуу - кызматы же│ишенип берилген тиешелүү маалымат │
│иши боюнча белгиленген тартипте │кызмат адамдары же граждандар │
│ишенип берилген тиешелүү маалымат │тарабынан атайы же байкоосуздан │
│кызмат адамдары же граждандар │укукка каршы иш жасап, жашыруун │
│тарабынан атайы же байкоосуздан │маалыматты ага уруксат берилбеген │
│укукка каршы иш жасап, жашыруун │адамдарга билдиргенде, бергенде, │
│маалыматты ага уруксат берилбеген │көрсөткөндө, жибергенде, │
│адамдарга билдиргенде, бергенде, │жарыялаганда же башка жолдор менен│
│көрсөткөндө, жибергенде, │жеткиргенде же маалыматтын │
│жарыялаганда же башка жолдор менен│жашырындуулугун алып жүрүүчү │
│жеткиргенде же маалыматтын │маанисин жоготкондо. │
│жашырындуулугун алып жүрүүчү │Уруксат берүү - мамлекеттик сыры │
│маанисин жоготкондо. │бар маалыматтар менен таанышууга │
│Уруксат берүү - мамлекеттик сыры │белгиленген тартипте уруксат │
│бар маалыматтар менен таанышууга │берүү. │
│белгиленген тартипте уруксат │Чектөөчү белги - жашырын │
│берүү. │маалыматка же аны коштоочу │
│Чектөөчү белги - жашырын │документке сөзсүз коюлуучу, анда │
│маалыматка же аны коштоочу │камтылган маалыматтарды │
│документке сөзсүз коюлуучу, анда │пайдалануунун өзгөчө тартибин │
│камтылган маалыматтарды │аныктоочу белги. │
│пайдалануунун өзгөчө тартибин │ │
│аныктоочу белги. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│[2-статья. Мамлекеттик сырды │2-БЕРЕНЕ. МАМЛЕКЕТТИК СЫРЛАРДЫ │
│ сактоо жөнүндөгү │ КОРГОО ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМДАР│
│ мыйзамдар │ │
│ │МАМЛЕКЕТТИК СЫРЛАРДЫ КОРГООНУН │
│Мамлекеттик сырды сактоонун │УКУКТУК НЕГИЗДЕРИН КЫРГЫЗ │
│укуктук негизин Кыргыз │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ, │
│Республикасынын Конституциясы, │УШУЛ МЫЙЗАМ, БАШКА ЧЕНЕМДИК │
│ушул Мыйзам, Кыргыз │УКУКТУК АКТЫЛАР, ОШОНДОЙ ЭЛЕ │
│Республикасынын башка мыйзам │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ │
│актылары, Кыргыз Республикасынын │БОЛГОН ЖАНА МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН │
│Өкмөтүнүн чечимдери, ошондой эле │ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК │
│Кыргыз Республикасы менен чет │КЕЛИШИМДЕР ТҮЗӨТ. │
│мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн │ │
│эл аралык келишимдер түзөт.] │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│8-статья. Маалыматты мамлекеттик │8-берене. Маалыматты мамлекеттик │
│ сырдын катарына кошуу │ сырларга таандык кылуу │
│ жана аны жашырындуулукка│ жана аны жашырындуулукка│
│ алуунун тартиби │ алуунун тартиби │
│ │ │
│[Маалыматты мамлекеттик жашырын │МААЛЫМАТТЫ МАМЛЕКЕТТИК СЫРЛАРГА │
│сырдын катарына кошуу Кыргыз │ТААНДЫК КЫЛУУ КЫРГЫЗ │
│Республикасынын Өкмөтү тарабынан │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН │
│бекитилген колдонуудагы │БЕКИТИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК СЫРЛАРДЫ │
│Мамлекеттик сырды түзгөн башкы │ТҮЗГӨН БАШКЫ МААЛЫМАТТАРДЫН │
│маалыматтардын тизмесинин жана │ТИЗМЕСИНИН НЕГИЗИНДЕ ИШТЕРДЕ, │
│тиешелүү министрликтердин, │ДОКУМЕНТТЕРДЕ ЖАНА БУЮМДАРДА │
│мамлекеттик комитеттердин жана │КАМТЫЛГАН МААЛЫМАТТАРДЫН │
│административдик ведомстволордун │ЖАШЫРУУНДУУЛУГУНУН ДАРАЖАСЫН │
│жетекчилери тарабынан бекитилген │АНЫКТОО ЖАНА БЕЛГИЛӨӨ ТАРТИБИ │
│Жашырындоого жаткан маалыматтардын│ЖӨНҮНДӨ ЖОБОГО ЫЛАЙЫК ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. │
│тизмесинин негизинде иштерде, │ЖАШЫРЫНДУУЛУККА АЛУУГА ЖАТКАН │
│документтерде жана буюмдарда │МААЛЫМАТТАРДЫН ТИЗМЕСИ МАМЛЕКЕТТИК│
│камтылган маалыматтардын │СЫРДЫ ТҮЗГӨН БАШКЫ МААЛЫМАТТАРДЫН │
│жашырындуулук деңгээлин аныктоонун│ТИЗМЕСИНИН НЕГИЗИНДЕ ИШТЕЛИП ЧЫГАТ│
│жана белгилөөнүн тартиби жөнүндөгү│ЖАНА ТИЕШЕЛҮҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ │
│жобого ылайык жүзөгө ашырылат. │МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН │
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ТАРАБЫНАН БЕКИТИЛЕТ. │
│тарабынан аныкталган мамлекеттик │ЖАШЫРЫНДУУЛУККА АЛУУГА ЖАТКАН │
│органдары Кыргыз Республикасында │МААЛЫМАТТАРДЫН ТИЗМЕСИ МАМЛЕКЕТТИК│
│укуктук жана жеке жактардын │СЫРДЫ ТҮЗГӨН БАШКЫ МААЛЫМАТТАРДЫН │
│менчиги болуп саналган жана ушул │ТИЗМЕСИНИН НЕГИЗИНДЕ ИШТЕЛИП ЧЫГАТ│
│Мыйзамдын 5-статьясынын │ЖАНА ТИЕШЕЛҮҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ │
│талаптарына жооп берген │МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН │
│маалыматтарды менчик ээлеринин │ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ТАРАБЫНАН БЕКИТИЛЕТ. │
│чыгашасын толуктоо менен жашырууга│ │
│жана аны ачыка чыгарууга укуктуу.]│ │
│Маалымат ээлери маалыматты жашыруу│Маалымат ээлери маалыматты жашыруу│
│жана аны ачыкка чыгаруу боюнча │жана ачыкка чыгаруу боюнча │
│мыйзамга ылайык эмес аракеттерге │мыйзамга ылайык эмес болгон │
│Жогорку сотко даттанууга укуктуу. │аракеттерге Жогорку сотко │
│ │даттанууга укуктуу. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│10-берене. Мамлекеттик сыр менен │10-берене. Мамлекеттик сыр менен │
│ таанышууга уруксат │ таанышууга уруксат │
│ берүүнүн тартиби │ берүүнүн тартиби │
│ │ │
│Мамлекеттик сырды сактоо боюнча │Мамлекеттик сырды сактоо боюнча │
│кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн│кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн│
│Кыргыз Республикасынын │Кыргыз Республикасынын │
│граждандарына атайы уруксат │граждандарына атайы уруксат │
│берилет. Ошондой эле эмгек │берилет. Ошондой эле эмгек │
│келишими түзүлгөнгө чейин, ошол │келишими түзүлгөнгө чейин, ошол │
│граждандарга байланыштуу алардын │граждандарга байланыштуу алардын │
│өз каалоосу менен жазуу жүзүндө │каалоосу менен жазуу жүзүндө │
│берилген макулдугу боюнча текшерүү│берилген макулдугу боюнча текшерүү│
│чаралары жүргүзүлөт. │чаралары жүргүзүлөт. │
│Эмгек келишиминде төмөндөгүлөр │Эмгек келишиминде төмөндөгүлөр │
│көрсөтүлөт: мамлекеттик сырды │көрсөтүлөт: мамлекеттик сырды │
│сактоону камсыз кылуу боюнча │сактоону камсыз кылуу боюнча │
│талаптарды аткаруудагы │талаптарды аткаруудагы │
│граждандардын милдети; ошол │граждандардын милдети; ошол │
│маалыматты таратпоо жөнүндө │маалыматты таратпоо жөнүндө │
│милдеттенме; мамлекеттик сыр менен│милдеттенме; мамлекеттик сыр менен│
│иштөөгө байланышкан чектөөлөр. │иштөөгө байланышкан чектөөлөр. │
│Граждандарга кызматтык милдеттерин│Граждандарга кызматтык милдеттерин│
│аткаруу үчүн керектүү болгон │аткаруу үчүн керектүү болгон │
│мамлекеттик сыр катары эсептелген │мамлекеттик сыр катары эсептелген │
│маалымат гана берилиши зарыл. │маалымат гана берилиши зарыл. │
│Кыргыз Республикасынын граждандары│Кыргыз Республикасынын граждандары│
│администрациянын мамлекеттик сырды│администрациянын мамлекеттик сырды│
│сактоого байланышкан эмгек │сактоого байланышкан эмгек │
│келишиминин шарттарын бузуучу │келишиминин шарттарын бузуучу │
│чечимдерине жогору турган │чечимдерине жогору турган │
│органдарга же сот тартибинде │органдарга же сот тартибинде │
│даттанууга укуктуу. │даттанууга укуктуу. │
│Мамлекеттик сырды билүүгө [Кыргыз │Мамлекеттик сырды билүүгө УЛУТТУК │
│Республикасынын мамлекеттик │КООПСУЗДУК МАСЕЛЕЛЕРИН ТЕЙЛЕГЕН │
│улуттук коопсуздук боюнча │ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК │
│комитетинин органдары] менен │ОРГАНДАРЫ менен макулдашуусуз жана│
│макулдашуусуз жана сырды таратпоо │сырды таратпоо жөнүндө │
│жөнүндө милдеттенмесиз: │милдеттенмесиз: │
│Кыргыз Республикасынын │Кыргыз │
│Президентине; │Республикасынын Президентине; │
│Жогорку Кеңешинин Төрагасына, анын│Жогорку Кеңешинин Төрагасына, анын│
│орун басарларына; │орун басарларына; │
│Жогорку Кеңештин [туруктуу │Жогорку Кеңештин КОМИТЕТТЕРИНИН │
│комиссияларынын төрагаларына]; │төрагаларына; │
│Премьер-министрге, өкмөт │Премьер-министрге, Өкмөт │
│мүчөлөрүнө, ошондой эле Кыргыз │мүчөлөрүнө, ошондой эле Кыргыз │
│Республикасынын │Республикасынын │
│Премьер-министринин аныктоосу │Премьер-министринин аныктоосу │
│менен аларга тең укук берилген │менен аларга тең укук берилген │
│кызмат адамдарына жана алардын │кызмат адамдарына жана алардын │
│орун басарларына; │орун басарларына; │
│Кыргыз Республикасынын Жогорку │Кыргыз Республикасынын Жогорку │
│Кеңешинин депутаттарына (Жогорку │Кеңешинин депутаттарына (Жогорку │
│Кеңеш берген укук боюнча) жол │Кеңеш берген укук боюнча) жол │
│берилет. │берилет. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│11-берене. Жашырын сырга уруксат │11-берене. Жашырын сырга уруксат │
│ берүүнү чектөөнүн же │ берүүнү чектөөнүн же │
│ токтотуунун шарттары │ токтотуунун шарттары │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын төмөндөгү │Кыргыз Республикасынын төмөндөгү │
│граждандарына мамлекеттик сыр │граждандарына мамлекеттик сыр │
│менен таанышууга уруксат │менен таанышууга уруксат │
│берилбейт: │берилбейт: │
│- чет өлкөдө туруктуу жашап турган│- чет өлкөдө туруктуу жашап турган│
│же тиешелүү мамлекеттик органдарга│же тиешелүү мамлекеттик органдарга│
│Кыргыз Республикасынын │Кыргыз Республикасынын │
│граждандыгынан чыгуу, чет өлкөнүн │граждандыгынан чыгуу, чет өлкөнүн │
│граждандыгын алуу жөнүндө өтүнүч │граждандыгын алуу жөнүндө өтүнүч │
│менен кайрылгандарга; │менен кайрылгандарга; │
│- мамлекетке каршы кылмыш жана │- мамлекетке каршы кылмыш жана │
│өзгөчө коркунучтуу кылмыш │өзгөчө коркунучтуу кылмыш │
│жасагандыгы үчүн иши сотто жана │жасагандыгы үчүн иши сотто жана │
│тергөөдө тургандар, атайылап │тергөөдө тургандар, атайылап │
│кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу│кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу│
│мыйзамда белгиленген тартипте │мыйзамда белгиленген тартипте │
│жоюлбаган же алынып │жоюлбаган же алынып │
│ташталбагандар; │ташталбагандар; │
│[- мамлекеттик сырлар менен │- ТИЗМЕСИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН │
│иштөөгө медициналык жактан шай │ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН БЕКИТИЛГЕН │
│келбегендер. Анда шаа келбестиктин│МАМЛЕКЕТТИК СЫРЛАР МЕНЕН ИШТӨӨ │
│тизмеси Юстиция министрлиги менен │ҮЧҮН МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН КАРШЫ │
│макулдашылып, Саламаттыкты сактоо │КӨРСӨТКҮЧТӨРГӨ ЭЭ БОЛГОНДОР; │
│министрлиги тарабынан бекитилет;] │- мамлекеттик сыр менен таанышуу │
│- мамлекеттик сыр менен таанышуу │боюнча өзү жөнүндө кабыл алууга │
│боюнча өзү жөнүндө кабыл алууга │таасирин тийгизүүчү жалган │
│таасирин тийгизүүчү жалган │маалымат бергендер. │
│маалымат бергендер. │Чет өлкөлүктөргө жана граждандыгы │
│Чет өлкөлүктөргө жана граждандыгы │жок адамдарга мамлекеттик жашырын │
│жок адамдарга мамлекеттик жашырын │сыр менен таанышууга жол │
│сыр менен таанышууга жол │берилбейт. │
│берилбейт. │Граждандарга жашырын маалыматтарды│
│Граждандарга жашырын маалыматтарды│алууга жол берүү мамлекеттик │
│алууга жол берүү мамлекеттик │органынын, ишкананын, мекеменин, │
│органынын, ишкананын, мекеменин, │уюмдун жетекчисинин чечими боюнча │
│уюмдун жетекчисинин чечими боюнча │төмөнкү учурларда токтотулушу │
│төмөнкү учурларда токтотулушу │мүмкүн: │
│мүмкүн; │- уюштуруу-штаттык иш-чараларга │
│- уюштуруу-штаттык иш-чараларга │байланыштуу эмгек келишими │
│байланыштуу эмгек келишими │(контракт) бузулганда; │
│(контракт) бузулганда; │- жашырын маалыматты сактоого │
│- жашырын маалыматты сактоого │байланышкан эмгек келишими │
│байланышкан эмгек келишими │(контракт) одоно жана дайыма │
│(контракт) одоно жана дайыма │бузулганда. │
│бузулганда. │Граждандарга жашырын маалыматты │
│Граждандарга жашырын маалыматты │алууга жол берүүнү токтотуу │
│алууга жол берүүнү токтотуу │граждандар менен эмгек келишимин │
│граждандар менен эмгек келишимин │(контрактты) бузуу үчүн негиз │
│(контрактты) бузуу үчүн негиз │болуп саналат. │
│болуп саналат. │Жогоруда көрсөтүлгөн негиздер │
│Жогоруда көрсөтүлгөн негиздер │боюнча жашыруун сыр менен │
│боюнча жашыруун сыр менен │таанышууну Кыргыз Республикасынын │
│таанышууну Кыргыз Республикасынын │гражданын өзүнө белгилүү болгон │
│гражданын өзүнө белгилүү болгон │мамлекеттик сырды таратпоо │
│мамлекеттик сырды таратпоо │милдетинен бошотпойт. │
│милдетинен бошотпойт. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│[14-берене. Кыргыз Республикасынын│14-БЕРЕНЕ. МАМЛЕКЕТТИК СЫРЛАРДЫ │
│ Президентинин жана │ КОРГОО ЧӨЙРӨСҮНДӨ │
│ Кыргыз Республикасынын│ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН │
│ Өкмөтүнүн мамлекеттик │ ӨКМӨТҮНҮН ЫЙГАРЫМ │
│ жашырын сырды сактоо │ УКУКТАРЫ │
│ системасындагы │ │
│ бийлик-укуктары │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ │
│ │МАМЛЕКЕТТИК СЫРЛАРДЫ КОРГОО │
│Кыргыз Республикасынын Президенти:│АЛКАГЫНДА ТӨМӨНКҮДӨЙ ЫЙГАРЫМ │
│- мамлекеттик сырды сактоо │УКУКТАРДЫ АТКАРАТ: │
│системасында бирдиктүү улуттук │- МАМЛЕКЕТТИК СЫРЛАРДЫ КОРГОО │
│саясатты аныктайт; │ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ САЯСАТТЫ ЖҮРГҮЗӨТ; │
│- маалыматты жашырууга жана ачыкка│- МААЛЫМАТТЫ МАМЛЕКЕТТИК СЫРГА │
│чыгарууга укугу бар мамлекеттик │ТААНДЫК КЫЛУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ │
│органдардын тизмесин бекитет; │УКУКТАР БЕРИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК │
│- Өкмөттүн сунушу боюнча │ОРГАНДАРДЫН ТИЗМЕСИН БЕКИТЕТ; │
│маалыматтарды мамлекеттик жашырын │ │
│сырга таандык деп эсептөө боюнча │ │
│бийлик-укук берилген мамлекеттик │ │
│бийлик органдардын кызмат │ │
│адамдарынын тизмесин бекитет.] │ │
│[Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:] │КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. │
│- Кыргыз Республикасынын │- Кыргыз Республикасынын │
│мыйзамдарынын, башка норматив │мыйзамдарынын, башка норматив │
│актыларынын аткарылышын жана │актыларынын аткарылышын жана │
│мамлекеттик жашырын сырды сактоо │мамлекеттик жашырын сырды сактоо │
│маселелеринде мекемелерге, │маселелеринде мекемелерге, │
│ишканаларга жана уюмдарга │ишканаларга жана уюмдарга │
│жетекчиликти камсыз кылат; │жетекчиликти камсыз кылат; │
│- бул иштин структурасын, уюштуруу│- бул иштин структурасын, уюштуруу│
│тартибин, ишин, финансыланышын │тартибин, ишин, финансыланышын │
│жана материалдык-техникалык камсыз│жана материалдык-техникалык камсыз│
│кылынышын, ошондой эле мамлекеттик│кылынышын, ошондой эле мамлекеттик│
│сырларды сактоо боюнча │сырларды сактоо боюнча │
│бөлүмчөлөрдү жоюуну аныктайт; │бөлүмчөлөрдү жоюуну аныктайт; │
│- Мамлекеттик жашырын сырды түзгөн│- Мамлекеттик жашырын сырды түзгөн│
│эң башкы маалыматтардын тизмесин │эң башкы маалыматтардын тизмесин │
│иштеп чыгат жана бекитет; │иштеп чыгат жана бекитет; │
│- Ачыкка чыгарууга болбогон │- Ачыкка чыгарууга болбогон │
│маалыматтардын тизмесин бекитет; │маалыматтардын тизмесин бекитет; │
│- жашырын маалыматтарды биргелешип│- жашырын маалыматтарды биргелешип│
│пайдалануу жана сактоо жөнүндө │пайдалануу жана сактоо жөнүндө │
│өкмөттөр аралык макулдашууларды │өкмөттөр аралык макулдашууларды │
│түзөт, аны башка мамлекеттерге │түзөт, аны башка мамлекеттерге │
│берүүгө көзөмөл жүргүзөт; │берүүгө көзөмөл жүргүзөт; │
│- мамлекеттик жана аскердик │- мамлекеттик жана аскердик │
│жашырын сырды түзгөн маалыматтар │жашырын сырды түзгөн маалыматтар │
│менен туруктуу негизде иштөөгө │менен туруктуу негизде иштөөгө │
│киргизилген адамдар үчүн │киргизилген адамдар үчүн │
│жеңилдиктерди берүүнүн өлчөмүн │жеңилдиктерди берүүнүн өлчөмүн │
│жана тартибин белгилейт; │жана тартибин белгилейт; │
│- жашырын маалыматты таратуунун │- жашырын маалыматты таратуунун │
│натыйжасында келтирилген зыяндын │натыйжасында келтирилген зыяндын │
│өлчөмүн аныктайт; │өлчөмүн аныктайт; │
│- республикада мамлекеттик сырды │- республикада мамлекеттик сырды │
│сактоо боюнча көзөмөлдү жүзөгө │сактоо боюнча көзөмөлдү жүзөгө │
│ашыруу жана ишти уюштурууга │ашыруу жана ишти уюштурууга │
│тиешеси бар министрликтердин жана │тиешеси бар министрликтердин жана │
│мамлекеттик комитеттердин │мамлекеттик комитеттердин │
│катышуусу менен Координациялык │катышуусу менен Координациялык │
│кеңешти түзөт. │кеңешти түзөт. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│[15-берене. Кыргыз Республикасынын│15-БЕРЕНЕ. УЛУТТУК КООПСУЗДУК │
│ Мамлекеттик улуттук │ МАСЕЛЕЛЕРИН ТЕЙЛЕГЕН │
│ коопсуздук боюнча │ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ │
│ комитетинин │ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН │
│ мамлекеттик сырды │ МАМЛЕКЕТТИК СЫРДЫ │
│ сактоо системасындагы │ КОРГОО СИСТЕМАСЫНДАГЫ │
│ бийлик-укуктары] │ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫ │
│ │ │
│[Кыргыз Республикасынын │УЛУТТУК КООПСУЗДУК МАСЕЛЕЛЕРИН │
│Мамлекеттик улуттук коопсуздук │ТЕЙЛЕГЕН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ │
│боюнча комитети өз │МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ӨЗҮНҮН │
│компетенциясынын чектеринде:] │КОМПЕТЕНЦИЯСЫНЫН ЧЕГИНДЕ: │
│- мамлекеттик сырдын сакталышын, │- мамлекеттик сырдын сакталышын, │
│байланыштын атайын түрлөрүнүн жана│байланыштын атайын түрлөрүнүн жана│
│шифрлөө иштеринин коопсуздугун, │шифрлөө иштеринин коопсуздугун, │
│чет өлкөлүк чалгындоонун │чет өлкөлүк чалгындоонун │
│техникалык каражаттарына каршы │техникалык каражаттарына каршы │
│аракеттенүүнү камсыз кылуу үчүн │аракеттенүүнү камсыз кылуу үчүн │
│көзөмөлдү уюштурат; │көзөмөлдү уюштурат; │
│- мамлекеттик органдарда, │- мамлекеттик органдарда, │
│ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда│ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда│
│жана бирикмелерде жашырындуулуктун│жана бирикмелерде жашырындуулуктун│
│тартибин текшерүүнү жүзөгө ашырат;│тартибин текшерүүнү жүзөгө ашырат;│
│- мамлекеттик жана аскердик сырды │- мамлекеттик жана аскердик сырды │
│түзгөн маалыматтар менен иштөөгө │түзгөн маалыматтар менен иштөөгө │
│уруксат берүүдө Кыргыз │уруксат берүүдө Кыргыз │
│Республикасынын граждандарын │Республикасынын граждандарын │
│текшерүү иш-чараларын жүргүзөт; │текшерүү иш-чараларын жүргүзөт; │
│- мамлекеттик сырды сактоо │- мамлекеттик сырды сактоо │
│маселелеринде мамлекеттик │маселелеринде мамлекеттик │
│органдарга, ишканаларга, │органдарга, ишканаларга, │
│мекемелерге, уюмдарга жана │мекемелерге, уюмдарга жана │
│бирикмелерге методикалык жана │бирикмелерге методикалык жана │
│практикалык жардам көрсөтөт; │практикалык жардам көрсөтөт; │
│- Кыргыз Республикасынын │- Кыргыз Республикасынын │
│мамлекеттик органдарына │мамлекеттик органдарына │
│мамлекеттик сырды сактоо боюнча │мамлекеттик сырды сактоо боюнча │
│иштердин жыйынтыктары жөнүндө │иштердин жыйынтыктары жөнүндө │
│билдирет. │билдирет. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│16-берене. Мамлекеттик сырды │16-берене. Мамлекеттик сырды │
│ сактоону камсыз кылуучу│ сактоону камсыз кылуучу│
│ органдар │ органдар │
│ │ │
│Мамлекеттик сырды сактоону камсыз │Мамлекеттик сырды сактоону камсыз │
│кылуучу органдар төмөнкүлөр: │кылуучу органдар төмөнкүлөр: │
│[- Кыргыз Республикасынын │- УЛУТТУК КООПСУЗДУК МАСЕЛЕЛЕРИН │
│Мамлекеттик улуттук коопсуздук │ТЕЙЛЕГЕН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ │
│боюнча комитети;] │МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН; │
│- министрлердин, мамлекеттик │- министрлердин, мамлекеттик │
│комитеттердин, административдик │комитеттердин, административдик │
│ведомстволордун, ишканалардын, │ведомстволордун, ишканалардын, │
│мекемелердин, уюмдардын │мекемелердин, уюмдардын │
│режимдик-жашырын бөлүмчөлөрү; │режимдик-жашырын бөлүмчөлөрү; │
│[- ачык жарыялоодо мамлекеттик, │- КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН; │
│аскердик жана кызматтык жашырын │ │
│сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка │ │
│чыгаруудан сактоо боюнча │ │
│координациялык, консультативдик │ │
│жана көзөмөлдүк ишти жүзөгө │ │
│ашыруучу Кыргыз Республикасынын │ │
│Юстиция министрлик.] │ │
│Мамлекеттик сырды сактоо - аларга │Мамлекеттик сырды сактоо - аларга │
│ээ болгон Кыргыз Республикасынын │ээ болгон Кыргыз Республикасынын │
│бардык мамлекеттик органдарынын, │бардык мамлекеттик органдарынын, │
│ишканаларынын, мекемелеринин, │ишканаларынын, мекемелеринин, │
│уюмдарынын, бирикмелеринин, │уюмдарынын, бирикмелеринин, │
│ошондой эле кызмат адамдарынын │ошондой эле кызмат адамдарынын │
│жана граждандарынын милдети. │жана граждандарынын милдети. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│[17-берене. Жашырын маалыматты │17-БЕРЕНЕ. ЖАШЫРУУН МААЛЫМАТТЫ │
│ башка мамлекетке │ БАШКА МАМЛЕКЕТКЕ │
│ берүү] │ ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ │
│ │ │
│[Башка мамлекетке жашырын │ЖАШЫРУУН МААЛЫМАТТЫ БАШКА │
│маалыматты берүүгө негиз болуп аны│МАМЛЕКЕТКЕ ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ ҮЧҮН │
│менен түзүлгөн макулдашуу саналат,│НЕГИЗ БОЛУП КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ │
│ал кабыл алган тараптын ага │КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН ЖАНА МЫЙЗАМДА │
│берилген жашырын маалыматты сактоо│БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ │
│боюнча милдеттенмесин кароого │КИРГЕН, ӨТКӨРҮП БЕРИЛҮҮЧҮ ЖАШЫРУУН│
│тийиш.] │МААЛЫМАТТЫ КОРГОО БОЮНЧА │
│ │ТАРАПТАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ КАРАЛГАН ЭЛ│
│ │АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕР ЭСЕПТЕЛЕТ. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│18-берене. Башка мамлекеттердин │18-берене. Башка мамлекеттердин │
│ жашырын сырын сактоо │ жашырын сырын сактоо │
│ │ │
│Кыргыз Республикасына белгиленген │Кыргыз Республикасына белгиленген │
│тартипте берилген башка │тартипте берилген башка │
│мамлекеттердин же мамлекеттердин │мамлекеттердин же мамлекеттердин │
│бирикмелеринин жашырын сыры ушул │бирикмелеринин жашырын сыры ушул │
│Мыйзам менен мамлекеттер [аралык │Мыйзам менен мамлекеттер КЫРГЫЗ │
│макулдашуулардын] негизинде │РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН │
│сакталат. │ЖАНА МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ│
│ │КҮЧҮНӨ КИРГЕН МАМЛЕКЕТТЕР АРАЛЫК │
│ │КЕЛИШИМДЕР негизинде сакталат. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" мыйзам долбоору Юстиция министрлигинин алдындагы ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында иштелип чыккан.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-, 17- жана 18-беренелерин Конституциянын 6-беренесине ылайык келтирүү сунушталууда, ага ылайык Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат.
Буга кошумча ушул Мыйзамды "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамга ылайык келтирүү сунуш кылынууда, ага ылайык министрликтер жана ведомстволор ченемдик укуктук актыларды чыгаруу боюнча ыйгарым укуктарын жоготуп олтурушат.
Мындан тышкары Конституцияда Президенттин ыйгарым укуктарынын толук тизмеси аныкталгандыктан, Мыйзам долбоору аркылуу жогоруда аталган Мыйзамдын 14-беренесине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Ошону менен бирге "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамдын 16-беренесинин мамлекеттик сырлардын сакталышы камсыз кылынышына көзөмөлдүк кылуу боюнча функциялар улуттук коопсуздук органдарынын ыйгарым укуктарына кирээри көрсөтүлгөн жобосун эске алуу менен, мыйзам долбоору аркылуу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-абзацын күчүн жоготту деп табуу сунушталууда.
Ошондой эле мыйзам долбоору аркылуу "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча бир кыйла редакциялык түзөтүүлөр, анын ичинде мамлекеттик органдын конкреттүү аталышын "________ тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген жалпыланган аталышка өзгөртүү жаатында түзөтүүлөр киргизилүүдө.
Ошону менен бирге көрсөтүлгөн долбоорду коомдук талкуулоонун жүрүшүндө эч кандай сунуштардын жана сын-пикирлердин келип түшпөгөндүгүн белгилейбиз.
Ошондой эле, ушул долбоордун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерин алып келбей тургандыгын айта кетүүгө болот.
Мындан тышкары улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин талдоонун жыйынтыгы боюнча сунушталган мыйзам долбоорундагы ченемдер колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбей тургандыгын белгилей кетебиз.
Ал эми ушул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы каражаттарын талап кылбай тургандыгын кошумча билдире кетмекчибиз.
Министрдин орун басары | Ж.Мамбеталиева
|