Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 22-октябры № 739
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жободо:
- 9-пункт төмөнкү мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:
"- өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда байланыш жана маалымат берүү үчүн жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармактарынын операторлору тарабынан берилген электр байланыш кызматын жана тармагын артыкчылыктуу тартипте пайдаланууга;
- адам өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугуна тиешелүү маалыматтарды калкка жеткирүү менен байланышкан коомдук маанилүү билдирүүлөрдү акысыз негизде жалпыга маалымдоо каражаттары (телекөрсөтүү, радио), уюлдук байланыш операторлору аркылуу берүүнү ишке ашырууга;";
- 14-пунктта:
онунчу абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"- министрликтин өздүк курамын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана Мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларын, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо милдеттерин чечүүгө көмөк көрсөткөн жарандарды сыйлоо үчүн ведомстволук сыйлыктарды, төш белгилерди белгиленген тартипте уюштурат, ведомстволук сыйлыктар, төш белгилер жана ведомстволук айырмалоочу белгилер жөнүндө жобону бекитет;";
он сегизинчи абзац "кызматтык иш сапарларга" деген сөздөн кийин ", окууга, квалификацияны жогорулатууга" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкү мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- министрликтин өздүк курамы үчүн ведомстволук форма кийимдерин кийүүнүн бирдиктүү эрежелери жөнүндө жобону бекитет;";
20-пункт "турак жайлар" деген сөздөн кийин "медициналык жана санаториялык-курорттук дарылоо жана" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |