Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-февралы №115
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-декабрындагы № 699, 2014-жылдын 22-апрелиндеги № 238, 2015-жылдын 16-апрели № 219, 2015-жылдын 14-июлу № 484, 2016-жылдын 15-июлундагы № 397, 2016-жылдын 8-декабрындагы № 647, 2016-жылдын 8-декабрындагы № 648, 2018-жылдын 2-майындагы № 220 , 2019-жылдын 19-сентябрындагы № 491 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 731 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 731 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы №91 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы "Спаспромсервис" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы №35 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күңдөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-сентябрындагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)