Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
ПРАВИТЕЛЬСТВА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
2012-жылдын 22-октябры № 740
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Бакир уулу, Ш.Ч.Айтматова жана Д.Д.Бекешевдер демилге көтөргөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, аны төмөнкү сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга макулдук берет.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүндө, 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында, 3-беренесинин 2-бөлүгүндө жана 3-бөлүгүнүн алтынчы абзацында каралган толуктоолор боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
Мыйзам долбоорунун жогоруда белгиленген түзүмдүк элементтеринде эскертилген "он төрт жашка чыкпаган жашы жетпегендердин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш" деген сөздөрдү "жаш балдар жана жашы жетпеген адамдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш" деген сөздөргө алмаштырууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Мисалы, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 123-статьясынын эскертүүсүнө ылайык он төрт жашка чыкпаган адам жаш бала (кыз) деп эсептелет, ошол эле учурда бул Кодекстин 129-статьясынын эскертүүсүндө он төрт жашка чыкпаган кыз жаш кыз экендиги көрсөтүлгөн.
Аталган Кодекстин 77-статьясынын 1-бөлүгүндө он сегиз жашка толбогон адамдар жашы жетпегендер катары тааныла тургандыгынын жалпы түшүнүгү берилген.
Мыйзам долбоорунун 2-статьясынын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "күнөөлөнгөн" деген сөздү "жасоодо күнөөлөнгөн" деген сөздөргө алмаштырууну кошумча сунуштайбыз.
Каралып жаткан мыйзам долбоорунун жогоруда белгиленген беренелеринде көрсөтүлгөн инсандын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган, соттолгондордун жашы тууралуу анын Кылмыш-жаза кодексинин жоболоруна ылайык эместигин белгилей кетүү керек.
Мисалы, белгиленген Кодекстин 17-статьясына ылайык кылмыш жаза жоопкерчилигине кылмыш жасаган жана бул Кодексте белгиленген жашка чыккан акыл эси соо адам гана тартылат.
Аталган Кодекстин 18-статьясына ылайык кылмыш жаза жоопкерчилигине кылмыш жасаганга чейин он алты жашка толгон адам тартылат. Мында, кылмыш жасаганга чейин он төрт жашка толгон адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыла тургандыгын, анын ичинде зордуктагандыгы үчүн жана сексуалдык мүнөздөгү зордукчулук аракеттери үчүн тартыла тургандыгын да белгилей кетүү керек.
Ошондой эле, Мыйзамдын сунушталган долбоорунда "акыл эсинин соо эместигин жокко чыгарбаган, сексуалдык каалоосунун бузулгандыгынан (педофилия) жапа чеккен, соттолгон" түшүнүгү каралган. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген түшүнүк каралбагандыгын белгилей кетүү керек. Буга байланыштуу бул терминди пайдалануу анча туура эмес жана кош мааниге ээ. Ошентип, каралып жаткан долбоордо бул түшүнүктүн маанисин ачып берүүнү, ачык айкындаштырууну жана аны иш жүзүндө так колдонуу максатында так аныктама берүүнү сунуштайбыз.
"Педофилия" термини боюнча бул термин терең медициналык термин экендигин жана сексологиялык түшүнүк экендигин өзүнчө белгилей кетүү керек. "Педофилия" термини балага сексуалдык зордук жасоонун синоними болуп саналбайт. Педофилия менен ооругандардын (педофилдер) баары эле балдарга каршы жыныстык кылмыштарды жасоодо алардын сексуалдык бузулгандыгын түздөн-түз көрсөткөн кылмыштуу аракеттерге жакын деп эсептөөгө болбой тургандыгын эске алуу керек. Мында, балага сексуалдык зордук көрсөткөн кылмышкердин баары эле педофилия менен ооруган адам же педофил болуп эсептелбейт.
Мында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 90-статьясынын 1-бөлүгүнүн жобосуна көңүл буруу керек, ага ылайык медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары сот тарабынан коомдук коркунучтуу жосундарды жасаган психикалык ооруларга карата дарылоо жана бул адамдар тарабынан жаңы коомдук коркунучтуу жосундарды жасоосун алдын алуу максатында дайындалышы мүмкүн.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-статьясын эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн качууну, ошондой эле акылы соо эместигин жокко чыгарбаган, сексуалдык каалоосунун бузулгандыгынан (педофилия) жапа чеккен адамдын медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуудан качуусун караштырган жаңы редакцияда баяндоо сунушталат.
Бул бөлүктө медициналык мүнөздөгү чараларды жана тиешелүү жазаны колдонуудан качуу жөнүндө жобону толугу менен караштырууну сунуштайбыз.
Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасынын органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-1-статьясына ылайык жазык-аткаруу инспекциясы ички иштер органдарынын көмөгү менен эркиндигинен ажыратууга байланышпаган коомдук жумуштар, белгилүү кызматтык ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу, түзөтүү жумуштары, эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаларды аткарууну жүзөгө ашырган, ошондой эле жаза шарттуу колдонулбаган соттолгондордун жүрүм-турумуна, жазаны аткаруу мөөнөтү узартылган кош бойлуу аялдарды жана жаш балалуу аялдарды контролдоону, мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган соттолгондорду контролдоону жүргүзгөн орган болуп саналгандыгын белгилей кетүү зарыл.
Буга байланыштуу, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууга контролдукту жүзөгө ашыруу боюнча функциялар кылмыш жаза-аткаруу инспекциясынын ыйгарым укуктарына кирбей тургандыгын эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүн, 3-беренесинин 1-бөлүгүн, ошондой эле 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн алтынчы абзацында каралган ", алардын тандалып алынган жашаган жери боюнча кылмыш жаза-аткаруу инспекциясына" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
Ошол эле учурда, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну контролдоо боюнча функцияларды кылмыш жаза-аткаруу инспекциясына жүктөө тиешелүү медициналык адистерди тартуу жана штаттык бирдиктерди көбөйтүү зарылдыгына алып келе тургандыгын белгилей кетүү керек.
Ошондой эле, мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүнө кошумча жаза аткаруу мекемеси дарыгер-психиатрлар комиссиясынын соттолгонду кароону өткөрүүнү жана мындай кароонун натыйжасы боюнча медициналык мүнөздөгү дайындалган чараларды ага карата колдонууну камсыз кылууга милдеттүү экендиги боюнча жогоруда айтылган жол-жоболорду жүзөгө ашыруу үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринин тийиштүү мүмкүнчүлүктөрү жоктугун белгилей кетүү керек. Жогоруда айтылгандардан улам белгиленген жол-жоболорду күбөлөндүрүү үчүн тиешелүү медициналык адистерди тартуу мүмкүнчүлүгүн караштырган мыйзам ченемдерин иштеп чыгуунун зарылдыгы пайда болот.
Бул мыйзам долбоорунда жашы жетпегендердин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган кылмышкерлер үчүн химиялык кастрациялоону мыйзамдаштыруу сунушталгандыгын, бул мыйзам долбоорунун демилгечилеринин ой-пикири боюнча Кыргыз Республикасында педофилия проблемасын чечүүгө мүмкүндүк бере тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Адистердин арасында химиялык кастрациялоону киргизүүнүн адептик, медициналык жана башка аспекттери жеткире изилденбегендигине жана бул мыйзам долбоорун укуктук коргоо экспертизасы өткөрүлбөгөндүгүнө көңүл буруу керек.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр | Н.Момуналиев
|