Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-октябры № 746
"Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 233 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 233 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр
| Ж.Сатыбалдиев |
Ушул Мыйзам мамлекеттик жана мобилизациялык материалдык резервдердин (мындан ары - мамлекеттик материалдык резерв) запастарын түзүүнүн, жайгаштыруунун, сактоонун, пайдалануунун, толуктоонун жана жаңылоонун жалпы принциптерин белгилейт, бул жааттагы мамилелерди жөнгө салат.
1-глава
Жалпы жоболор
1-берене. Мамлекеттик материалдык резерв түшүнүгү
Мамлекеттик материалдык резерв ушул Мыйзам менен караштырылган максатта жана тартипте пайдаланууга дайындалган материалдык баалуулуктардын өзгөчө, кол тийгис, мамлекеттик запасы болуп саналат.
Мамлекеттик материалдык резерв бири-бирине көз каранды эмес өзгөчөлөнгөн эки резервди камтыйт: мамлекеттик жана мобилизациялык. Мамлекеттик материалдык резервди уюштуруу, сактоо жана пайдалануу ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка укуктук-ченемдик актылары менен жөнгө салынат.
2-берене. Терминдер жана аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
окшош материалдык баалуулуктар - мамлекеттик материалдык резервден чыгарылган материалдык баалуулуктарга салыштырмалуу даярдоо мөөнөтү узак, чыгарылган материалдык баалуулуктары менен толук бирдей же алар менен кызматтык дайындоо, ишке ашыруу, сапаты жана техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча салыштырмалуу, техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу жаатында техникалык ченемдик укуктук актылардын талаптарына дал келген материалдык баалуулуктар;
мамлекеттик резерв - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген топтоо номенклатурасы жана ченеми боюнча материалдык баалуулуктардын запасы, аларды салууну ыйгарым укуктуу орган ишке ашырат жана ал ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен аныкталган максаттарда пайдаланылат;
салуу - ченемдик документтерге ылайык материалдык баалуулуктарды сапаты жана саны боюнча узак мөөнөткө сактоого алуу;
алып туруу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен белгиленген мөөнөттө, өндүрүштүк муктаждык үчүн бирдей сандагы окшош материалдык баалуулуктарды кийин кайра кайтаруу менен мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу;
алмаштыруу - буюмдарды даярдоо стандарттарынын жана технологиясынын өзгөрүүсүнө байланыштуу ага бир эле учурда бирдей сандагы жана сапаттагы ошондой же башка материалдык баалуулуктарды коюу менен мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу;
материалдык баалуулуктар - ыйгарым укуктуу органдын алдына коюлган маселелерди аткарууну камсыздоо үчүн керектелген, мамлекеттик материалдык резервде сакталган товарлар (продукция);
мобилизациялык резерв - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген топтоо номенклатурасы жана ченеми боюнча мамлекеттик материалдык резервдин курамынын бөлүгү болуп саналган, өзгөчө кырдаалда мобилизациялык тапшырмаларды аткаруу, өзгөчө жана аскердик абалды киргизүү, мобилизациялоо же согуш маалы үчүн зарыл болгон материалдык баалуулуктардын запасы;
мобилизациялык тапшырма (план-тапшырма) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн муктаждыктарын канааттандыруу жана калкты ченемдүү камсыздоо үчүн өзгөчө мезгилде өнөр жай жана айыл чарба продукцияларынын керектүү түрлөрүн салуу жана чыгаруу боюнча зарыл болгон эсептик жылдын планы;
номенклатура - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын тизмеси жана алардын топтоо ченемдери;
жаңылоо - сакталуу мөөнөтү өтүп бара жаткан материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервден чыгаруу, бекитилген номенклатурага ылайык белгиленген мөөнөттөрдө ага материалдык баалуулуктарды салуу;
жооптуу сактоочу - менчигинин түрүнө карабастан, ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоону камсыздаган юридикалык жак;
которуштуруу - ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жүргүзүлгөн мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын бир сактоо пунктунан башка жерге жылдыруу;
тапшыруу жана даярдоо - бекитилген номенклатураларга жана бир жолку тапшырууларга ылайык жооптуу сактоочуларды зарыл материалдык баалуулуктар менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик резервдин продукциясынын, сырьесунун жана материалдарынын өндүрүүчүлөрүнө жана тапшыруучуларына болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы;
бронун алуу - мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу;
убактылуу ажыратуу - материалдык баалуулуктардын мамлекеттик материалдык резервден чыгаруу менен алардын мамлекеттик материалдык резервге кайтарылуусунун ортосундагы аралык мөөнөтү;
ыйгарым укуктуу орган - аткаруучу жана контролдоочу функцияларды аткарууга ыйгарым укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик материалдык резервдин тутумун жетектеген мамлекеттик орган;
сактоо - сырьелорду, материалдарды жана товарларды узак сактоодо эрежелерге жана нускамаларга ылайык мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сандык-сапаттык сактоону камсыз кылуу.
3-берене. Мамлекеттик материалдык резерв жаатындагы мыйзамдар
Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан, башка мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
4-берене. Мамлекеттик материалдык резервди дайындоо
Мамлекеттик материалдык резерв төмөнкү максаттар үчүн арналган:
- табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда биринчи кезектеги жана кечиктирилгис милдеттерди киргизүүдө мамлекеттин керектөөсүн камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген өзгөчө план-тапшырмага ылайык өзгөчө жана согуштук абалды киргизүүдө, мобилизациялоодо же согуш учурунда мамлекеттин керектөөсүн камсыздоо;
- мамлекеттин ар кандай экономикалык тармактарына жана уюмдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү;
- ички рынокто материалдык-техникалык ресурстардын суроо-талабы менен сунуштарынын ортосунда дал келбестик пайда болгон учурда экономиканы турукташтыруу боюнча чаралар менен камсыздоо;
- өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо иш-чараларын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик жана максаттуу программаларды аткаруу;
- гуманитардык жардам көрсөтүү.
5-берене. Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык
баалуулуктардын укуктук статусу
1. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын запастары аларды сактоо жана жайгаштыруу жерлерине карабастан мамлекеттик менчик болуп саналат, күрөөгө коюлбайт жана менчиктештирилбейт.
2. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын запастарын түзүү, сактоо жана тейлөө ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
3. Мобилизациялык резервди негиздөө, сактоо жана тейлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
6-берене. Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык
баалуулуктардын номенклатурасы жана аларды топтоо
ченемдери
1. Материалдык баалуулуктардын номенклатурасы төмөнкүлөр:
- мамлекеттик резерв ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет;
- мобилизациялык резерв - республиканын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарынын негизинде, ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын жана уюмдардын мобилизациялык тапшырмаларынын негизинде экономикалык жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет.
2. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын топтоонун ар жылдык көлөмү бул максаттарга республикалык бюджетте учурдагы финансылык жылга каралган каражаттардын чегинде мамлекеттик тапшырма катары аныкталат. Мамлекеттик тапшырма ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жыл сайын берилген мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын номенклатурасынын чыгарылышынын жана толукталышынын план-болжолуна карата негизделет.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү зарыл учурда мамлекеттик материалдык резервге республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен белгиленген көлөмдөн ашык материалдык баалуулуктарды кошумча салуу жөнүндө чечим кабыл алат.
7-берене. Мамлекеттик материалдык резервдин төмөндөтүлбөй турган
запасы
1. Мамлекеттик материалдык резервдин курамында материалдык баалуулуктардын төмөндөтүлбөй турган (аларды сактоонун көлөмүн дайыма кармап туруучу) запасы түзүлөт.
2. Мамлекеттик материалдык резервдин төмөндөтүлбөй турган запасында сакталуучу материалдык баалуулуктардын номенклатурасы жана көлөмү, ошондой эле төмөндөтүлбөй турган запасты пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2-глава
Мамлекеттик материалдык резервдин ишин уюштуруу жана башкаруу тартиби
8-берене. Мамлекеттик материалдык резервдин тутуму
Мамлекеттик материалдык резервди түзүү жана сакталышын камсыздоо жаатында мамлекет жактан жөнгө салуу жана башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ыйгарым укуктуу орган, республикалык мамлекеттик башкаруунун башка органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген башка мамлекеттик уюмдар, жергиликтүү аткаруу органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде ишке ашырылат.
9-берене. Мамлекеттик материалдык резервди уюштурууда жана
башкарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым
укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- мамлекеттик материалдык резервди жалпысынан жетектейт, ыйгарым укуктуу органды жана бирдиктүү өнүгүү саясатын аныктайт;
- мамлекеттик материалдык резервди түзөт;
- мамлекеттик материалдык резервдин бирдиктүү тутумунун түзүмүн жана ал тутумду башкаруу тартибин аныктайт;
- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын номенклатурасын жана топтоо ченемин бекитет;
- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын чыгаруу тууралуу чечимди кабыл алат;
- материалдык техникалык баалуулуктарды камсыздоо боюнча тапшырмаларды белгилейт;
- ыйгарым укуктуу органдын сунушу менен мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын жооптуу сактоочуларынын тизмесин бекитет;
- мамлекеттик материалдык резервдин тутумуна кирген уюмдарды түзүү, өзгөртүп уюштуруу, жоюу жана алардын карамагына мүлктү чарба жүргүзүү же оперативдик башкаруу үчүн бекитүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат.
10-берене. Ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары
Ыйгарым укуктуу орган өзүнүн компетенциясынын чегинде:
- мамлекеттик материалдык резервди өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде, мыйзам менен белгиленген тартипте эл аралык кызматташууну жүргүзөт;
- мамлекеттик материалдык резервдин тутумун жетектейт, мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жайгаштырууда, сактоодо, алмаштырууда, жаңылоодо жана пайдаланууда ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларынын талаптарын сактоону камсыздайт;
- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын пайдалануунун тиешелүү эрежелерин жана тартибин иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө сунуштайт;
- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоонун номенклатурасы, ченемдери жана эрежелери боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусу менен иштеп чыгат жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизет;
- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сатып алуу жана сактоо боюнча чыгымдарынын көлөмү жана түзүмү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мыйзамдарда белгиленген тартипте киргизет;
- материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервге тапшыруу заказдарын жайгаштырат жана тапшыруучуларды тандайт жана Кыргыз Республикасынын чечимдерине ылайык мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды тапшыруучулар менен келишим түзөт;
- мамлекеттик материалдык резервге жаңылоо, алмаштыруу жана тапшыруу максатында материалдык баалуулуктарды берүү тууралуу сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын жооптуу сактоочуларынын тизмесин калыптандыруу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- материалдык баалуулуктарды сактоо, кайра иштетүү, тейлөө жана жеткирүү боюнча кызматтарды жүргүзүүчү материалдык баалуулуктарды тапшыруучуларга, жооптуу сактоочуларга жана үчүнчү жактарга акча каражатын төлөп берүүнү жүргүзөт;
- мамлекеттик материалдык резервде материалдык баалуулуктарын болуусун жана алардын сапаттуу сакталышын контролдойт;
- ушул Мыйзам менен белгиленген тартипке ылайык мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын сакталышынын сандык жана сапаттык контролдоого тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын жана адистерин тартат жана зарыл учурларда мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоо жана (же) пайдалануу тартибин бузган күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу үчүн материалдарды укук коргоо органдарына жиберет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу орган менен түзүлгөн келишимди аткарууну камсыздаган жооптуу сактоочулар жана башка жактар тарабынан күрөөгө коюлган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатууну жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген топтоонун номенклатурасына жана ченемдерине ылайык министрликтер, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, уюмдар тарабынан мобилизациялык резервди топтоону контролдойт;
- карызды өндүрүүдө мамлекеттик материалдык резервдин номенклатурасына кирген материалдык баалуулуктарды же акча каражаттарын ыйгарым укуктуу органдын алдындагы карызды жоюунун эсебинен кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу органдын башкаруу түзүмүнө кирген мамлекеттик ишканалардын жана бөлүмдөрдүн ишин жалпы жетектейт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын жооптуу сактоочуларынын тизмесин ушул Мыйзамдын талаптарын аткаруу үчүн жооптуу сактоочуларды кайра каттоодо жана ишин токтотууну каттоодо юридикалык жактарды каттаган ыйгарым укуктуу органга жиберет;
- ыйгарым укуктуу органдын башкаруу түзүмүнө кирген мамлекеттик ишканалардын жана бөлүмдөрдүн түзүмүн жана штаттык санын бекитет.
11-берене. Мамлекеттик резерв жаатында мамлекеттик органдардын
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмаларынын негизинде аларга тиешелүү ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аймагындагы мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жайгаштыруу жана сактоо боюнча сунуштарын киргизет;
- аларга тиешелүү аймактарда мамлекеттик материалдык резерв жаатында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын аткарууну камсыздайт;
- мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоочулардын тизмеси боюнча сунуштарды даярдайт, алар менен келишим түзүүдө колдоо көрсөтөт;
- мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды тапшырууда, салууда жана аларды сактоодо уюмдарга жардам берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларга баш ийген ишканаларда жана уюмдарда мобилизациялык резервди түзүүдө жоопкерчиликтүү болот;
- зарыл учурда белгиленген тартипте алып туруу жана бронун алуу, ошондой эле мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизет.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда ыйгарым укуктуу органдын ишине кийлигишүүгө укуктары жок.
12-берене. Мамлекеттик материалдык резервди каржылоо
1. Мамлекеттик материалдык резервди түзүүнү жана анын сакталышын камсыздоону каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын салуу, сактоо, которуштуруу, иштетүү жана сыноо менен байланышкан чыгашаларды, материалдык баалуулуктарды сактоо үчүн пайдаланылган имараттардын ижара акысын жооптуу сактоочулар менен түзүлгөн келишимдин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ыйгарым укуктуу орган тарабынан төлөнөт.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен алып туруу тартибинде, убактылуу ажыратуу менен жаңылоодо, бронун алууда жана сатууда мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын чыгарууда үстөктөрдүн жана чегерүүлөрдүн өлчөмдөрү белгиленет, алар ыйгарым укуктуу органдын чыгашаларын жана башка чыгымдарды жабуу үчүн пайдаланылат.
4. Жооптуу сактоочулар тарабынан мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоо жана кайра иштетүүгө байланышкан кызмат көрсөтүүлөрүнүн бааларын монополияга каршы жөнгө салуу жаатындагы тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
5. Эгер бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринде аныкталса ыйгарым укуктуу орган өз ара иш алып барган мамлекеттик бийликтин башка органдарынын менчигинде турган материалдык баалуулуктарды жүгүртүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын чыгашалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте кайтарылат.
13-берене. Ыйгарым укуктуу органдын мүлкү
1. Ыйгарым укуктуу органдын ишин камсыздоо үчүн зарыл болгон имараттар, транспорттук каражаттар, байланыш каражаттары жана башка мамлекеттик мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу органдын башкаруусунда турат.
2. Материалдык баалуулуктарды тапшырууга, сактоого, кайра иштетүүгө, которуштурууга, жаңылоого, алып турууга жана алмаштырууга түзүлгөн келишимдердин аткарылышын камсыздоо үчүн жооптуу сактоочулар жана башка жактар менен күрөө милдеттенмелерин жоюудан түшкөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат, ал эми ыйгарым укуктуу орган бул мүлктү башкарууну жана колдонууну жана/же сатууну мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзгөн юридикалык жак болуп саналат.
3. Ыйгарым укуктуу органдын мүлктү колдонуудан түшкөн кирешелери ыйгарым укуктуу органдын мүлкүн кармоого, реконструкциялоого, капиталдык оңдоого, ошондой эле белгиленген тартипте тиешелүү жылдын кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасына ылайык жаңы мүлктү сатып алууга багытталат.
4. Ыйгарым укуктуу органдын күрөөдө турган мүлктү сатуудан түшкөн каражаттары мамлекеттик бюджетке жиберилет.
3-глава
Материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервге тапшырууну уюштуруу жана аны жайгаштыруу
14-берене. Материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык
резервге тапшырууга заказдарды түзүү
1. Материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервге тапшырууга заказдар ар кандай уюштуруу-укуктук түрдөгү жана менчиктеги ишканаларда жана уюмдарда жайгаштырылат.
2. Мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды тапшырууга мамлекеттик заказчы болуп ыйгарым укуктуу орган саналат.
3. Мамлекеттик материалдык резервге тапшырылган материалдык баалуулуктар аларды сактоонун жалпы мөөнөтүнүн ичинде техникалык жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүсү зарыл.
4. Товар базарында үстөмдүк кылган тапшыруучулар, ошондой эле монополист ишканалар материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервге тапшырууга келишим түзүүдөн баш тартууга укуксуз.
5. Тапшыруучулар ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервге тапшырууга мамлекеттик келишим түзүүдөн баш тарткан же келишим түзүү жөнүндө сунушка 10 күн ичинде жооп бербеген учурда, ыйгарым укуктуу орган аталган тапшыруучуларды мамлекеттик келишим түзүүгө мажбурлоо жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укуктуу.
15-берене. Материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык
резервге тапшырууларды аткарууну стимулдаштыруу
Мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды тапшыруунун, ошондой эле мамлекеттик материалдык резерв тутумунун эксплуатациялык муктаждыктары жана капиталдык курулуш үчүн материалдык баалуулуктарды тапшыруунун аткарылышын стимулдаштыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
16-берене. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык
баалуулуктарын жайгаштыруу
1. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктары ыйгарым укуктуу органдын түзүмүнө кирген бөлүмдөрдө жана уюмдарда жана мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоочуларында сакталат.
Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын запастарын зарыл учурда убактылуу пункттарда, менчигинин түрүнө карабастан айыл чарба жана башка ишканаларда сактай алат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик материалдык резерв тутумунун ишканаларын, мекемелерин жана уюмдарын жайгаштыруу жана куруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
3. Мамлекеттик материалдык резервди сактоону камсыздаган жооптуу сактоочулар ыйгарым укуктуу орган менен түзүлгөн келишимдин негизинде мамлекеттик жана мобилизациялык резервдердин материалдык баалуулуктарын сактоону ишке ашырат.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды конкреттүү сатып алуучуларга жана жооптуу сактоочуларга алдын-ала төлөмдөрдү жүргүзгөндөн же күрөөлүк камсыздоону каттатуудан кийин гана, же өзгөчө кырдаалдарда күрөөлүк камсыздоосуз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чыгарууга укуктуу.
5. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоону жүргүзгөн ишканалардын жана уюмдардын тизмеси, мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарынын номенклатурасы жана топтоо ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
6. Мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоочулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик резервдин аларга сактоого берилген материалдык баалуулуктарынын сапаттык жана сандык сакталышы үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
7. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоону жүргүзгөн ишканалардын жана уюмдардын чыгымдарын кайтаруу ыйгарым укуктуу орган тарабынан мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
8. Мобилизациялык жана башка атайын тапшырмалары белгиленген жооптуу сактоочулар мобилизациялык резервден материалдык баалуулуктарды жайгаштырууну, сактоону, өз маалында жаңылоону, алмаштырууну, ошондой эле чыгарууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык камсыз кылууга милдеттүү.
4-глава
Материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервге тапшыруу жана аны мамлекеттик материалдык резервден чыгаруу тартиби
17-берене. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык
баалуулуктарын тапшыруу, салуу жана сактоо
өзгөчөлүктөрү
1. Мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды тапшыруу мамлекеттин керектөөсүнө продукцияны тапшыруу болуп саналат.
2. Керектөөчүлөрдүн жашоосу, ден соолугу жана айлана-чөйрөнү коргоо коопсуздугун камсыздоо талаптары белгиленген мамлекеттик резервге тапшырылган материалдык баалуулуктардын мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарын сактоонун толук мөөнөтү бою белгиленген талаптарга ылайык шайкештик сертификаттары, декларациялары же башка документтери болушу зарыл.
3. Техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу жаатындагы ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоо мөөнөтү жана шарттары менчигинин түрүнө карабастан бардык жооптуу сактоочулар тарабынан сакталышы зарыл.
4. Мамлекеттик материалдык резервдин топтоо ченеми, тапшыруу, салуу, жайгаштыруу жана накта запасы жөнүндө маалымат мамлекеттик сыр болуп саналат, аны жайылтууда мыйзам менен белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.
5. Жооптуу сактоочулар төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
- уюштуруучулардын жана жетекчилердин алмашуусу жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кабарлоо;
- ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерин мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктары сакталган жерлерге тоскоолдуксуз киргизүүнү камсыздоо;
- белгиленген талаптарга ылайык отчетторду жана башка документтерди ыйгарым укуктуу органга өз убагында берүү;
- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын сандык жана сапаттык сакталышын камсыздоо;
- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын сандык жана сапаттык курамында өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экендиги тууралуу ыйгарым укуктуу органга өз убагында маалымдоо.
6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу органдын алдында милдеттенмелерди кабыл алуу максатында ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жооптуу сактоочулардын тизмесине кирген юридикалык жактарды кайра каттоого, өзгөртүп түзүүгө жана жоюуга макулдугун берет.
7. Юридикалык жактарды каттоону жүргүзгөн аткаруу бийлигинин органы юридикалык жактарды кайра каттоо, өзгөртүп түзүү жана жоюу тууралуу буйрук чыккандан кийин же тийиштүү маалыматты алгандан кийин 10 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жооптуу сактоочулардын тизмесине кирген уюштуруучулардын жана жетекчилердин алмашуусу тууралуу маалыматты берүүгө милдеттүү.
8. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органына мамлекеттик мүлктүн ээси катары мамлекеттик мүлктү башкаруу жана менчиктештирүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыздаган мамлекеттик мүлктө үлүшү бар мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоого жооптуу болгон жооптуу сактоочулардын менчик түрүнүн өзгөрүшүнө өзүнүн макулдугун мамлекеттик материалдык резерв боюнча жаңы жооптуу сактоочунун бардык функцияларын жана милдеттерин кабыл алгандан кийин гана берет.
9. Кайра каттоо, өзгөртүп түзүү жол-жоболорунан өткөн жооптуу сактоочулар ыйгарым укуктуу органдын алдында мурунку жооптуу сактоочунун бардык милдеттенмелери боюнча укук мураскерлери болуп саналат.
10. Жооптуу сактоочулардын уюштуруу-укуктук формаларынын өзгөрүшү же алардын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) же жооптуу сактоочулардын мүлк менчигинин алмашуусу мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоо боюнча милдеттенмелерден бошотпойт.
18-берене. Материалдык баалуулуктарды мамлекеттик резервден
чыгаруу негиздери жана тартиби
1. Материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервден чыгаруу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
- жаңылоо;
- алмаштыруу;
- убактылуу алып туруу;
- бронун алып салуу.
2. Убактылуу ажыратуусуз жана жооптуу сактоочуларда сактоодо турган мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жаңылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык баалуулуктардын айрым түрлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аларды жаңылоонун жана алмаштыруунун башкача тартиби белгилениши мүмкүн.
3. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын өз убагында жаңылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте биринчи кезекте аларды сатып алууга тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде бюджеттик уюмдардын арасында бөлүштүрүү тууралуу чечимди кабыл алат.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде мамлекеттик материалдык резервдин төмөндөтүлбөй турган запастан тышкарыда материалдык баалуулуктарын убактылуу алып туруу менен он эки айдан ашпаган убакытка жана материалдык баалуулуктардын көлөмүнүн 50 пайызына чейин келишимдин негизинде чыгарылат.
Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын алып турууда зайым алуучу бекитилген номенклатурага ылайык окшош материалдык баалуулуктарды мобилизациялык резервге кайтарып берет.
5. Жаңылоо, алмаштыруу, алып туруу тартиби менен мамлекеттик резервден материалдык баалуулуктарды чыгарууда алуучу (зайым алуучу) ишкана, мекеме же уюм - материалдык баалуулуктарды белгиленген мөөнөттө кайтарып берүү боюнча банктык кепилдик милдеттенмени же күрөөлүк камсыздоону берет.
Мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды бронун алуу тартиби менен чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
6. Мамлекеттин, Куралдуу күчтөрдүн жана мобилизациялоодо калктын керектөөсүн камсыздоо үчүн, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуда жана согуш маалында мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруунун негизи жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча зарыл иштерди жүргүзүү, мамлекеттин экономикалык тармактарына жана уюмдарына гуманитардык жардам көрсөтүү жана рынокко жөндүү таасир тийгизүүнү камсыздоо үчүн мамлекеттик резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу бронун алуу тартиби менен жүргүзүлөт.
Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуда зарыл иштерди жүргүзүүнү камсыздоо үчүн мамлекеттик резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча функциялар жүктөлгөн мамлекеттик аткаруу бийлигинин органынын кайрылуусу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
7. Мамлекеттик резервдин өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу жана анын кесепеттерин жоюуда, гуманитардык жардам көрсөтүүдө пайдаланылган материалдык баалуулуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен белгиленген мөөнөттө мамлекеттик бюджеттик каражаттарынын эсебинен кайтарылат.
8. Мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө акы алынат.
19-берене. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык
баалуулуктарын ташууну камсыз кылуу
1. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын ордун которуштуруу үчүн транспорттук тейлөө кызматтарын мамлекеттик сатып алуулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан келишимдин негизинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Транспорттук ишканалар жана уюмдар:
- мамлекеттик материалдык резервдин бардык материалдык баалуулуктарын салмагын же орундарынын санын (жүктүн түрүнө карата) милдеттүү түрдө текшерүү менен тапшырат жана кабыл алышат;
- ташылып жаткан мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарынын сандык-сапаттык сакталышы үчүн ыйгарым укуктуу органга кийин ылайыктуу коштоочу документтерди милдеттүү түрдө көрсөтүү менен толук материалдык жоопкерчиликти тартышат.
5-глава
Мүлктүк жоопкерчилик
20-берене. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык
баалуулуктары менен жүргүзүлүүчү операциялар боюнча
мүлктүк жоопкерчилик
1. Тапшыруучу, жооптуу сактоочу, ошондой эле ташууну жүргүзгөн ишкана мамлекеттик материалдык резервден өзүм билемдик кылып материалдык баалуулуктарды алып койсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
2. Мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды уруксатсыз пайдалануу жана чыгымдоо үчүн күнөөлүү жетекчилер жана кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жекече жоопкерчилик тартат.
3. Келишим түзүүгө милдеттүүлүк мыйзамдар менен белгиленген учурда тапшыруучу материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервге тапшырууга келишим түзүүдөн негизсиз баш тартса, ыйгарым укуктуу орган келишим түзүүгө мажбурлоо жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укуктуу.
4. Материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервге тапшырууну (салууну) кечиктиргендиги, кем тапшыргандыгы (толук эмес салгандыгы) үчүн тапшыруучулар (жооптуу сактоочулар) кем берилген (салынбаган) материалдык баалуулуктардын наркынын 20 пайыз өлчөмүндө айып төлөйт.
5. Алуучу материалдык баалуулуктарды өз учурунда кайтарбагандыгы же өз убагында төлөм жүргүзбөгөндүгү үчүн айып жана милдеттенмеси толук аткарылганга чейин мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн үстөктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө төлөйт.
6. Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык баалуулуктарды жөнөтүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын жана анын аймактык органдарынын көрсөтмөлөрүн өз учурунда аткарбагандыгы үчүн жооптуу сактоочулар айып жана милдеттенмеси толук аткарылганга чейин мөөнөтүнөн өтүп кеткен ар бир күн үчүн үстөктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө төлөйт.
7. Мамлекеттик материалдык резервге узак сактоо үчүн жараксыз болгон, топтолбогон же өзүнүн сапаты жана ассортименти боюнча келишимдин шарттарына ылайык келбеген материалдык баалуулуктарды тапшыргандыгы (салгандыгы) үчүн даярдоочу (тапшыруучу, жооптуу сактоочу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө айып төлөйт.
8. Мамлекеттик материалдык резервге маркаланбаган же туура эмес маркаланган материалдык баалуулуктарды же туура эмес тарада (таңгакта) тапшырылган материалдык баалуулуктарды тапшыргандыгы (салгандыгы), колдонуудагы стандарттарга ылайык келбеген пакеттөө каражаттарын пайдалангандыгы үчүн даярдоочу (тапшыруучу, жооптуу сактоочу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө айып төлөйт.
Даярдоочу (тапшыруучу, жооптуу сактоочу) бир айдын ичинде жараксыздыкка чыгарылган материалдык баалуулуктарды, тараны (таңгакты) алмаштырууга, маркасын калыбына келтирүүгө же оңдоого милдеттүү.
9. Мамлекеттик материалдык резервге тапшырылган (салынган) материалдык баалуулуктарда байкалбаган өндүрүштүк кемтиктер табылган учурда тапшыруучу мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды тапшырылган (салынган) убагына жана көрсөтүлгөн кемтиктерди тапкан убагына карабастан мүлктүк жоопкерчилик тартат.
10. Жооптуу сактоочу ишканалар - жооптуу жактар жана материалдык жактан жооптуу адамдар сактоодо турган мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктары үчүн толук жоопкерчилик тартышат. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын уруксатсыз алуу, сандык, сапаттык жагынан сакталышын камсыз кылбагандыгы үчүн аталган жактар айыпты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө үстөктү төлөйт.
11. Мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды салуу боюнча товарсыз операцияларды тариздөө учурлары аныкталганда, жооптуу сактоочу, анын жетекчиси мамлекеттик материалдык резервге салынбаган материалдык баалуулуктар үчүн, ошондой эле материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервге иш жүзүндө салынганга чейин көрсөтүлгөн операция таризделген учурдан тартып кечиккен ар бир күн үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө айып төлөйт, ал эми күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
12. Материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервден келишимде каралган мөөнөтүндө тандалып алынбаган учурда, алуучулар аталган материалдык баалуулуктарды көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашык сактоого байланышкан чыгашалардын, ошондой эле тандап алуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген убакыттын ичинде материалдык баалуулуктардын сапатын төмөндөтүүдөн улам тарткан чыгымдардын жана аталган материалдык баалуулуктарды жүктөп жөнөтүү үчүн берилген транспорт каражаттарын пайдаланбагандыгы үчүн үстөк төлөөгө кетүүчү чыгымдардын ордун толтурушат.
13. Келишим түзүүгө милдеттүүлүк мыйзамдарда белгиленген учурларда мамлекеттик материалдык резерв тутумунун объектилерин курууга, реконструкциялоого жана техникалык кайра жабдууга көтөрмө келишим түзүүдөн көтөрмөчү негизсиз четтеген учурда, көтөрмөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө айып төлөйт.
14. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоо эрежелери жана шарттары бузулган, алар өз учурунда жаңыланып жана алмаштырылбаган, ошондой эле бекитилген номенклатурага, стандарттарга жана техникалык шарттарга ылайык келбеген материалдык баалуулуктар сакталган, белгиленген отчеттуулук өз учурунда берилбеген учурларда жооптуу сактоочулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө айып төлөйт.
15. Мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды кабыл алуудан, мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды берүүдөн баш тарткандыгы үчүн мамлекеттик материалдык резерв тутумундагы ишканалар, мекемелер, уюмдар тапшыруучуга (сатып алуучуга) кабыл алуудан же берүүдөн негизсиз баш тартылган материалдык баалуулуктардын наркынын 20 пайыз өлчөмүндө бышманасын төлөйт.
16. Белгиленген форма боюнча отчетторду жана ыйгарым укуктуу орган талап кылган документтерди өз убагында тапшырбаган учурда жооптуу сактоочулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө айып төлөшөт.
17. Ушул берененин 4, 5, 6, 7 жана 10-бөлүмдөрүндө каралган бышмананы, айыптарды, үстөктөрдү өндүрүү талашсыз тартипте ишке ашырылат.
18. Ушул берененин 4-16-бөлүмдөрүндө каралган бышманаларды, айыптарды, үстөктөрдү төлөө мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды толук көлөмдө сапаттуу продукция катары тапшыруудан жооптуу сактоочуларды (тапшыруучуларды) бошото албайт.
6-глава
Контролдоо, эсепке алуу жана отчеттуулук
21-берене. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык
баалуулуктарынын запастарынын кыймылы жана саны жөнүндө
отчеттуулук, аларды эсепке алуу жана контролдоо
Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын запастарынын саны жана кыймылы жөнүндө отчеттуулук Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
22-берене. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан контролдоо жүргүзүү
1. Ыйгарым укуктуу орган ведомстволук көз карандылыгына жана менчигинин түрүнө карабастан жооптуу сактоочуларда да, башка субъектилерде да турган материалдык баалуулуктардын накталыгына жана сапаттуу сакталышын контролдойт.
2. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарын сандык жана сапаттык сакталышын контролдоого тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын жана адистерин тартат. Материалдык баалуулуктардын сандык жана сапаттык сакталышын контролдоого тартылган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына жана адистерине акча каражат негизги иш ордунан төлөнөт.
Ыйгарым укуктуу орган материалдык баалуулуктардын сандык жана сапаттык сакталышын контролдоого жеке менчик уюмдарда иштеген адистерди тартууга укуктуу жана аларга төлөмдөр ыйгарым укуктуу органдын эсебинен жүргүзүлөт.
3. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери ыйгарым укуктуу орган тарабынан тапшырылган материалдык баалуулуктардын сандык жана сапаттык сакталышын контролдоо максатында имараттарга кирүүгө укуктуу.
4. Материалдык баалуулуктардын сандык жана сапаттык сакталышын контролдоонун натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын каралган талаптарда документтер түзүлөт.
5. Ыйгарым укуктуу орган жүргүзүлгөн контролдоонун натыйжалары боюнча материалдарды мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоо жана пайдалануу тартибин бузган күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн укук коргоо органдарына жиберүүгө укуктуу.
7-глава
Корутунду жоболор
23-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июлундагы № 75 "Мамлекеттик материалдык резервдер жөнүндө" Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 12, 543-б.) күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Ушул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|
Мамлекеттик материалдык резервди башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу (мындан ары текст боюнча "Фонд") эсептелет, ал мамлекеттик жана мобилизациялык резервдердин материалдык баалуулуктарын толуктоону, сактоону жана пайдаланууну камсыздайт.
Фонддун ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июлундагы № 75 "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамы менен жөнгө салынат (мындан ары текст боюнча "Мыйзамдын колдонулуп жаткан редакциясы").
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамынын жаңы редакциясын кабыл алуу төмөнкү маселелер менен негизделет:
1) колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык жана укукка шайкеш келтирүү.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын өзгөрүшү, өлкөнүн башкаруусу парламенттик тутумга өтүүсү мамлекеттик материалдык резервдин тутумунун ишин жана Фонддун башкаруусун жөнгө салган "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү муктаждыгына алып келди.
Мыйзамдын жаңы редакциясы Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, эл аралык укук принциптерине жана ченемдерине ылайык келтирүү үчүн иштелип чыкты.
Ошондой эле 1999-жылдан бери колдонулуп келген Мыйзамдагы юридикалык келишпестиктерди жоюу керек, Мыйзамдын кээ бир беренелери тактоону талап кылат, Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөргө жаңы аныктамаларды берүү зарыл.
2) мамлекеттин кызыкчылыгы менен мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоону камсыздаган жактардын ортосундагы балансты теңештирүү.
Фонддун негизги иш-милдети мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын салуу жана сактоо болуп саналат, бирок өзүнүн материалдык-техникалык базасынын жоктугуна байланыштуу сактоону келишимдин негизинде жооптуу сактоочулар жүргүзөт. Муну менен катар материалдык баалуулуктарды салуу жана кайтарып берүү шарттары бузулса, тапшыруучу жана жооптуу сактоочу 20 пайыздан 100 пайызга чейинки өлчөмдө жазапул жана алардын толук калыбына келтирилгенге чейинки ар бир күн үчүн анын наркынын 0,5 пайыз өлчөмүндө туума айып төлөйт.
Бирок Фонддун тапшыруучулары жана жооптуу сактоочулары менен көп жылкы иштөө практикасы көрсөткөндөй мындай айыптар айыл чарба продуктыларынын тапшыруучулары жана жооптуу сактоочулары үчүн оордук келет. Эгер сот тарабынан үстөк айыптарды төлөө тууралуу чечим чыгарылса дагы, бул айылдык товар өндүрүүчүлөрдү банкроттукка гана алып келет жана кайтарымсыз аласа карызды көбөйтөт.
Колдонулуп жаткан Мыйзамдагы мындай айыптар ишкерлердин Фонд менен иштөө кызыкчылыгын азайтат. Башка жактан караганда, КР Өкмөтүнүн айыл эмгекчилерин колдоо жана аларга мамматрезервден баалуулуктарды берүү жөнүндө чечимин кабыл алуу Фонддун дебиторлорунун санын жогорулатуусуна алып келет. Демек, мамлекеттик материалдык резервди толуктоону жана сактоону камсыздандыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган болгон Фонд жана ал менен иштешкен ишкерлердин ортосундагы кызыкчылыктарынын дисбаланс көйгөйү келип чыгат.
Мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарын туруктуу циклдик жаңылоону жогорулатуу, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган менен жооптуу сактоочулардын ишинде кызыкчылыкты артуу максатында мыйзамдын долбоору жаңы жоболор менен толукталды.
3) мамлекеттик материалдык резервди сактоо процессинде мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо үчүн мыйзамдардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу.
Фонддун тапшыруучулар жана жооптуу сактоочулар менен болгон иши мамлекеттик материалдык резервге баалуулуктарды тапшырууга жана сактоого келишимдерди түзүүдө мамлекеттин кызыкчылыгын коргоодо кээ бир мүчүлүштүктөр бар экенин көрсөттү. Колдонулуп жаткан Мыйзамда Фондго кас тапшыруучуларга жана сактоочуларга колдонууга мүмкүн болгон Фонддун укуктары жана мыйзам ченемдер жетишээрлик көрсөтүлгөн эмес.
Жогоруда көрсөтүлгөндөр мамлекеттин кийлигишүүсү үчүн негиз болуп саналат жана мамлекеттик материалдык резерв тутумунун натыйжалуу ишине жооп берген ыйгарым укуктуу орган катары Фонддун ишмердүүлүгүнүн багыттарын мыйзам тарабынан тактоонун зарылдыгын белгилейт.
Жогорудагы маселелерди чечүү үчүн колдонулуп жаткан Мыйзамдын редакциясына төмөнкү өзгөртүүлөрдү жана жаңылтууларды камтыган Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамынын долбоорун кароону сунуштайбыз.
1. Мыйзамдын долбооруна жаңы 2-глава "Мамлекеттик материалдык резервдин ишмердүүлүгүн уюштуруу жана башкаруу тартиби" киргизүү сунушталат, анда мамлекеттик материалдык резервдин тутуму, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ыйгарым укуктуу органдын, мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик резерв жаатындагы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары негизделген, ошондой эле бул бөлүм мамлекеттик материалдык резерв тутумун каржылоо булактары жана ыйгарым укуктуу органдын мүлкү тууралуу беренелерди камтыйт. Колдонулуп жаткан Мыйзамда мындай маселелер көрсөтүлгөн эмес.
2. Мыйзам долбоордо Мыйзамды унификациялоо жана оптимизациялоо максатында "Мамлекеттик материалдык резерв фондусу" түшүнүгүнүн ордуна "ыйгарым укуктуу орган" түшүнүгү киргизилген.
3. 2-беренеге "ыйгарым укуктуу орган", "мамлекеттик резерв", "мобилизациялык резерв", "материалдык баалуулуктар", "окшош материалдык баалуулуктар", "убактылуу ажыратуу" аттуу жаңы терминдер жана түшүнүктөр киргизилген.
"Жооптуу сактоочу", "номенклатура", "которуштуруу", "сактоо", "алып туруу" түшүнүктөрү жана терминдери түзөтүлүп оңдолгон.
"Мобилизациялык тапшырма (план-тапшырма)" терминине негиз берилген "мобилизациялык тапшырма (план-тапшырма) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн муктаждыктарын канааттандыруу жана калкты ченемдүү камсыздоо үчүн өзгөчө мезгилде өнөр жай жана айыл чарба продукцияларынын керектүү түрлөрүн салуу жана чыгаруу боюнча зарыл болгон эсеп жылынын планы;".
Мыйзамдын жаңы редакциясында колдонулбаган түшүнүктөр жана терминдер жоюлган - "жооптуу милдеттердин актысы", "№ 1 формасы боюнча акт", "тапшырма", "атайын баланс".
4. Жаңы 3-берене киргизилүүдө - "Мамлекеттик материалдык резерв жаатындагы мыйзамдар", анда мамлекеттик материалдык резерв жаатындагы мыйзамдык жөнгө салуу негиздери көрсөтүлгөн.
5. "Мамлекеттик материалдык резервди дайындоо" 4-беренесинде мамлекеттик материалдык резервдин багыттары кеңири белгиленген.
6. 5-берененин аты "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик материалдык резервинин бирдиктүү тутумунан" "Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын укуктук статусуна" которулду. Бул беренеде күрөө катары пайдаланууга жана менчиктештирүүгө тыюу салуу менен мамлекеттик баа катары мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын статусу негизделет.
7. 6-беренеде мамлекеттик жана мобилизациялык резервдер үчүн материалдык баалуулуктардын номенклатурасын бекитүү тартиби бөлүштүрүлгөн. Ошондой эле бул берене Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча мамлекеттик жана (же) мобилизациялык резервдерге белгиленген көлөмдөн ашык материалдык баалуулуктарды кошумча салуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө 3-пункт менен толукталган.
8. Колдонулуп жаткан Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары көрсөтүлгөн эмес же Мыйзамдын жүрүшүндө бөлүштүрүлгөн, Мыйзамдын долбоорунда түзүмдү туура уюштуруу үчүн мамлекеттик материалдык резерв жаатындагы мамлекеттик органдардын компетенциясы бөлүштүрүлгөн 9-11-беренелерин киргизүү сунушталат.
9. 10-беренеде ыйгарым укуктуу органга карыздарды өндүрүүдө карыздарды жоюунун эсебинен мамлекеттик материалдык резервдин номенклатурасына кирген башка материалдык баалуулуктарды же акча каражаттарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алуу укугу берилет. Бул пункт жооптуу сактоочулардын карыздарын азайтууга жана мамлекеттик материалдык резервди толтурууга мүмкүнчүлүк түзөт.
10. Мыйзамдын 12-беренесинде мамлекеттик жана мобилизациялык резервдердин каржылоо булактары, ыйгарым укуктуу органдын атайын каражаттарын калыптоо булактары негизделген, ошондой эле монополияга каршы жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органга жооптуу сактоочу ишканалар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын бааларын негиздөө үчүн ыйгарым укуктар бекемделет. Ыйгарым укуктуу органдын кандай чыгымдары мамлекеттик бюджеттен кайтарылаары кошумча көрсөтүлгөн.
11. Мыйзамдын жаңы редакциясына жаңы "Ыйгарым укуктуу органдын мүлкү" аттуу 13-беренени киргизүү сунушталат. Материалдык баалуулуктарды кайтарып берүү боюнча милдеттерди аткарууну камсыздоо үчүн жооптуу сактоочулар менен мүлк кепилдиги келишимдери түзүлүп, келишимдин милдеттерин аткарбаган учурда ыйгарым укуктуу орган сот тартибинде кепилде турган мүлктү өндүрүү жолу менен кайтарууну жүргүзөт. Сот аткаруучулар кызматы тарабынан кыймылсыз мүлк берилегенден кийин Фонд кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн ээси болуп калат. Бул мүлк сатылат жана андан түшкөн каражаттар мамлекеттик бюджетке жиберилет. Бирок бул мүлктү сактоо жана кубаттоо үчүн мамлекеттик бюджеттен каражат берилбейт, буга байланыштуу ыйгарым укуктуу органдын мындай мүлктү колдонуудан түшкөн каражаттарды аны сактоого, реконструкциялоого, капиталдык жактан оңдоого, ошондой эле жаңы мүлктү сатып алууга (мисалы, элеватор, тегирмен үчүн жабдуулар) жиберүү сунушталат.
12. Мыйзамдын долбоорунун 16-беренеси жаңы беренелердин киргизилишин (ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары), мыйзамдын түзүмүнүн өзгөрүшүн жана жаңы терминдердин жана түшүндүрмөлөрдүн киргизилишин эске алуу менен редакцияланган.
13. Мыйзамдын 17-беренесинде мамлекеттик материалдык резервге салынган материалдык баалуулуктарга жашоо коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптар жана документтер көрсөтүлгөн. Бул берененин 4-пунктунда мамлекеттик материалдык резервдин толуктоо ченемдери, тапшыруулары, салуулары, жайгаштыруулары жана факты түрүндөгү камдары тууралуу маалымат мамлекеттик сыр болуп саналаары, ал эми мындай маалыматты жайылтуу үчүн белгиленген мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылаары көрсөтүлгөн. 17-берене материалдык баалуулуктарды жооптуу сактоочулардын милдеттери кененирээк берүү менен кеңейтилген. Ошондой эле берененин 5-6-пункттары жооптуу сактоочулардын уюштуруу-укуктук формасынын өзгөрүшү, алардын уюштуруучулары (катышуучулары) же жооптуу сактоочулардын мүлк ээси өзгөрүлгөндө юридикалык жактарды кайра каттоо жөнүндө ыйгарым укуктуу органды кабарлоонун жаңы тартибин негиздейт. Мындай тартип колдонулуп жаткан Мыйзамдын 8-беренесинин 2-3-пункттарында көрсөтүлгөн тартип мезгилдин талаптарына жооп бербегендиктен келип чыкты. Жооптуу сактоочулардын көбү жеке менчик ишкана болуп саналат, өзүнүн ишмердүүлүгүн Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашпайт жана көп учурда мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоонун керектүү деңгээлин камсыздабайт. Мисалы, мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктары сактоого жооп берген ишканалардын жана уюмдардын эсебинен калыптанат. Менчик ээси өзгөргөндө Мамлекеттик мүлк фондусу дагы, Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу дагы кабарланган эмес, ал эми ишкананын жаңы ээлери жана жетекчилери Мамматрезерв фондусу менен сактоо келишими боюнча сактоо милдеттерин алган эмес же материалдык баалуулуктар кабыл алуу-берүү актысы менен тапшырылган эмес. Жаңы менчик ээсинде чет элдик катышуу үлүшү бар учурлар болгон, бул жашырын режимди сактоо жана колдонулуп жаткан мыйзамдарды бузуу жөнүндө талаптарды бузууга алып келет. Көрсөтүлгөндүн баары азыркы жана мурунку жооптуу сактоочуларга Фонд доо талаптарын коюуда жооптууну аныктаганда кыйынчылыктарга алып келет.
Мунун негизинде юридикалык жактардын мамлекеттик реестрине өзгөртүүлөрдү киргизгенге чейин жооптуу сактоочулардын тизмесине кирген жактар ыйгарым укуктуу органдын алдында жаны менчик ээлеринин милдеттерин алуу максатында ыйгарым укуктуу органдын макулдугун алуу сунушталат. Мындай жаңылоо мамлекеттик резервди сактоону камсыздоого мүмкүндүк берет.
Ошондой эле юридикалык жактарды каттоону жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органга кайра каттоо жөнүндө буйрук чыккандан кийин же ылайыктуу маалымат алгандан кийин 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бекитилген жооптуу сактоочулардын тизмегине кирген уюштуруучулардын жана жетекчилердин алмашуусу тууралуу маалыматты берүү сунушталат. Мындай жаңылоо Фондго ыйгарым укуктуу органдын алдында милдеттерди кайра каттоо үчүн жаңы менчик ээлери менен ыкчам байланышууга мүмкүндүк берет.
14. Мыйзамдын 18-беренеси жаңы терминдерди киргизүү менен оңдолгон жана мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктардын бардык түрлөрүн чыгарууну деталдуу ачуунун эсебинен кеңейтилген. Мобилизациялык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруунун негиздери, аны толуктоонун мөөнөтү, ошондой эле мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын окшош материалдык баалуулуктары менен алмаштыруу жана жаңылоо мүмкүнчүлүгүн киргизүү аныкталган. Бул Кыргыз Республикасынын 20 жылдык көз карандысыздыгынын ичинде жүргүзүлбөгөн жаңылоону жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Бул берененин 3-пунктунда бюджеттик каражаттарды үнөмдөй турган жаңылтууну киргизүү сунушталат: "Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын өз убагында жаңылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү биринчи кезекте аларды сатып алууга республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүү каралган бюджеттик мекемелердин арасында бөлүштүрүү тууралуу чечим кабыл алат.".
Берененин 5-пунктунда жаңылоо, алмаштыруу, алып туруу тартиби менен мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгарууда алуучу материалдык баалуулуктарды белгиленген мөөнөттө кайтарып берүү боюнча банктык кепилдик милдеттенмени же күрөөлүк камсыздоону көрсөтүү милдети айтылган.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык алып туруу тартиби менен материалдык баалуулуктарды чыгарууга убакытты 6 айдан 12 айга чейин узартууга уруксат берилген. Мындай өзгөртүү себүү-эгүү мезгили жана Кыргыз Республикасынын табигый-климаттык өзгөчөлүктөрү менен байланыштуу.
18-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацында сактоодо турган материалдык баалуулуктарды иштен чыгарууну болтурбоо максатында, ыйгарым укуктуу органдын ыкчам көңүл буруу үчүн мамлекеттик резервден төмөндөтүлбөй турган запастан башка жаңылана турган материалдык баалуулуктарды он эки айдан ашпаган убакытка жана мамлекеттик резервде турган мамлекеттик баалуулуктардын 20 пайызга чейинки көлөмүн алып туруу тартиби менен ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими менен чыгаруу мүмкүнчүлүгүн берүү сунушталат. Мындай ченем турмуш зарылчылыгынан келип чыкты, анткени жаңылоо фактысын табуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн материалдык баалуулуктарды жаңылоо тууралуу бардык министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылган чечимин алуунун ортосунда эки айдан алты айга чейинки убакыт өтүп кетип жатат, бул материалдык баалуулуктардын жок болуусуна алып келиши мүмкүн.
Берененин 8-пунктунда мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын чыгаруу үчүн ыйгарым укуктуу органдын төлөмдөрдү алуу укугу берилген.
15. 19-берене түзүлгөн тажрыйбанын эсебинен оңдолгон, ошондой эле мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын ташууда транспорттук ишканалардын жана уюмдардын милдеттери жөнүндө пункт киргизилген.
16. "Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык баалуулуктар менен жүргүзүлүүчү операциялар боюнча мүлктүк жоопкерчилик" аттуу 20-беренени ири өлчөмдөгү айыптарды (үстөк айып, жазапул - 20, 50, 100%) өзгөртүү сунушталат. Сот практикасы көрсөткөндөй колдонулуп жаткан Мыйзамдагы айыптар иштебейт, көңүлгө алынбайт, тапшыруучулар жана жооптуу сактоочулар менен төлөнбөйт же сот тарабынан кайтарылбайт. Сот тарабынан үстөк айыпты (100% айып) кайтаруу тууралуу чечими чыгарылса дагы, бул айыл чарба өндүрүүчүнү банкроттукка жана кайтарымсыз аласа карыздын көбөйүшүнө алып келет. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн окшош мыйзамдарынын салыштырмалуу анализин жүргүзгөндө, Кыргызстанда айыптардын эң ири өлчөмдөрү келип чыккан. Ушул менен катар, мыйзамдын долбоорунда узак сактоого жарабаган, комплектүүсүз, сапаты жана түрү боюнча мамлекеттик контракттын шарттарына ылайык келбеген, маркировкасы жок, ылайыксыз качада тапшырылган материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервге тапшыруу үчүн, белгиленген ченемдерге ылайыксыз пакеттелген каражаттарды пайдалануу үчүн жоопкерчиликти катаалдатуу сунушталат. Жооптуу сактоочулар менен отчетторду жана ыйгарым укуктуу орган талап кылган документацияны өз убагында бербегендиги үчүн кошумча жоопкерчилик киргизилген. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жаза кодексинен мүлктү уурдоо тууралуу статьясы жоюлгандыгына байланыштуу айтылган кодекске шилтеме киргизилген жана кылмыштын андан аркы квалификациясы Кыргыз Республикасынын ушул ченемдик укуктук актысына ылайык негизделет.
17. Мыйзамды "Ыйгарым укуктуу орган тарабынан контролдоону жүргүзүү" аттуу 22-берене менен толуктоо сунушталат. Бул беренеде жооптуу сактоочуларда жана ведомстволук карамагына жана менчик түрүнө карабастан башка субъектилерде турган материалдык баалуулуктардын санын жана сапатын сактоо үчүн контролдоону жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары, ошондой эле контролдоону жүргүзүүдө мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттештиктин тартиби белгиленген.
18. Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамынын жаңы редакциясын мамлекеттик материалдык резерв тутумундагы мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын толук жана деталдуу, мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын тапшыруу жана чыгаруу жана мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо механизмдеринин тартибин бөлүштүрүү менен кабыл алууда төмөнкүлөр болжолдонууда:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын экономикалык жагдайын жакшыртуу;
- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоону камсыздаган ишканалар менен өз ара катнашты жакшыртуу;
- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоо процессинде мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо механизмдерин мыйзам жактан бекемдөө жаатында укуктук жагдайды жакшыртуу;
- тапшыруучулар жана жооптуу сактоочулар менен өз ара катнашта коррупциялык кесепеттерин алдын алуу.
Мыйзамдын долбоору кеңири талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун расмий сайтында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун алдындагы Коомдук көзөмөлдөө кеңеши менен макулдашылып, алардын 11.11.2011-ж. № 4 чечими кабыл алынган. Ошондой эле Мыйзамдын долбоору Мамматрезерв фондусу тарабынан уюштурулган жооптуу сактоочу ишканалардын жетекчилери менен өткөн семинарда талкууланган (05.08.2011-ж. семинардын протоколу).
Мыйзам долбоорду ишке киргизүүдө бюджеттен кошумча каржылоо керектелбейт. Мыйзамдын долбоору социалдык, укук коргоолук, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы экспертизада муктаждыгы жок.
Төрага | Ш.Абдылдаев
|