Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 24-октябры № 749
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э.Сабиров жана А.Б.Баатырбеков тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Сабиров М.Э. жана Баатырбеков А.Б. тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.
Сунушталып жаткан Мыйзам долбоорунда "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана алыскы жана барууга кыйын аймактарда иштегендиги үчүн белгиленген кошумча акы жана райондук коэффициенттер түрүндө төлөмдөрдүн кошумча түрлөрү менен толуктоо сунушталууда.
Жогоруда аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан Мыйзамдарына жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасын куруу принциптерине каршы келерин белгилей кетүү керек.
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 151-беренесине ылайык, эмгек акы - татаалдыгына, санына, сапатына жана шарттарына жараша эмгек үчүн берилүүчү сыйакы (ордун толтуруу), ошондой эле компенсациялык жана кызыктыруучу мүнөздөгү төлөмдөр. Үстөк жана кошумча акы төлөө түрүндөгү компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр абсолюттук чоңдуктарда же кызматтык (тарифтик) маянага карата пайыз менен белгиленет.
"Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинде бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылаары, кызматкерлерге эмгек акыга райондук коэффициент жана кызматтык маянага пайыздык үстөк акы төлөөгө кепилдик берилээри каралган.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 10-беренесине ылайык райондук коэффициент камсыздандыруу салымдары эсептелген эмгек акынын бардык түрлөрүнө карата анын эң жогорку өлчөмүн чектебестен эсептелет.
Ошентип эмгек акыга болгон райондук коэффициент эмгек акы (киреше) жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн негиз болуп эсептелет.
Ошондой эле "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык бийик тоолуу шарттарда, алыскы жана барууга кыйын аймактарда жашаган жана иштеген адамдарга пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу боюнча жеңилдиктер берилет (жалпы белгиленген пенсиялык куракка чейин 13 жыл) ошондой эле пенсия эсептөө үчүн райондук коэффициентти эске алуу менен орточо айлык эмгек акы эсепке алынат.
2011-жылы республика боюнча пенсионерлердин жалпы саны 545,8 миң адамды, алардын ичинен бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын конуштарда иштеген адамдар үчүн жеңилдетилген пенсиялардын саны - 24,5 миң адамды түздү. Республика боюнча орточо пенсия 3760 сом болсо, 2011-жылы бийик тоолуу калктуу конуштарда иштеген адамдар үчүн пенсиянын орточо өлчөмү 3380 сомду ал эми алыскы жана барууга кыйын аймактарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн - 2956 сомду түздү.
Бийик тоолуу шарттарда, алыскы жана барууга кыйын аймактарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн пенсия жалпы белгиленген куракка жеткенде дайындала турган пенсиядан бир аз гана айырмаланат. Алардын ортосундагы бир аз айырмачылык эмгек акы төлөө системасына кошумча акыларды, үстөк акыларды, райондук коэффициенттерди жана ал суммалардан төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн кошуунун эсебинен жетишилет, алар жеке камсыздандыруу эсепте чагылдырылат жана пенсия дайындоодо эсепке алынат.
Сунушталып жаткан Мыйзам долбоору ишке ашырылып калса, алдын ала эсептөөлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетине 900 млн. сомдон ашык каражат түшпөй калат, бул пенсия төлөө боюнча жалпы абалды татаалдатат. "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2012-жылга бюджети жана 2013-2014-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен 2012-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети 1122 млн. сом дефицит менен кабыл алынган. Мыйзам долбоору ишке ашырылганда дефицит 2022 млн. сомго чейин көбөйөт бул "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине жана "Эмгек акы, пенсия, пособие жана башка социалдык төлөмдөрдүн өз убагында берилишин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин дефицитин жабууга республикалык бюджеттин чыгымы бир кыйла көбөйүшүнө алып келет.
Баяндалгандарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Сабиров жана А.Баатырбеков тарабынан демилгеленип сунушталып жаткан "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары | М.Мукамбетов
|