Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 5-ноябрындагы № 719 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
|
|
2011-жылдын 5-январы №3
Камсыздандыруучу уюмдар тарабынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, камсыздандыруу милдеттенмелерин камсыздандыруучу уюмдар тарабынан аткаруусун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Камсыздандыруучу уюмдар тарабынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруунун тиркелген эрежелери бекитилсин.
2. Камсыздандыруучу уюмдар камсыздандыруу (техникалык) резервдерин толтуруу үчүн кабыл алынуучу активдерди 2011-жылдын 1-апрелине чейин ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген Эрежелерге ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын 2007-жылдын 17-августундагы №1 "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруучу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы жана Камсыздандыруучу уюмдар тарабынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруунун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын 2007-жылдын 17-августундагы №1 "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруучу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы жана Камсыздандыруучу уюмдар тарабынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруунун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын 2009-жылдын 28-августундагы №84 токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап кеминде бир айдан кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев |