Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы №3 токтому менен бекитилген |
Камсыздандыруучу уюмдар тарабынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруунун ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Бул Эрежелерде камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруу деп камсыздандыруу (техникалык) резервдерин толтуруу (камсыз кылуу) үчүн кабыл алынуучу активдер түшүндүрүлөт.
2. Бул Эрежелер камсыздандыруу (техникалык) резервдерин толтуруу (камсыз кылуу) үчүн кабыл алынуучу активдерге коюлуучу талаптарды белгилейт.
3. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерин толтуруу үчүн кабыл алынуучу активдер ишенимдүүлүктүн, кайтарымдуулуктун, кирешелүүлүктүн, өтүмдүүлүктүн, диверсификация кылуунун шарттарын канааттандырууга тийиш.
4. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерин толтуруу үчүн төмөнкүдөй активдердин түрлөрү кабыл алынат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары, муниципалдык баалуу кагаздары;
2) Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларынын эң жогорку жана андан кийинки жогорку листинг категорияларында турган баалуу кагаздар (мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарды кошпогондо);
3) ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн башка баалуу кагаздарды кошпогондо, ушул Эрежелердин 3-пунктунун талаптарына туура келген баалуу кагаздар;
4) коммерциялык уюмдардын капиталдарына катышуу укугу (чарбалык шериктештиктердеги жана коомдордогу үлүштөр, акционердик коомдорду, акыркы 3 жыл бою кирешелүү иштеген пайдык инвестициялык фонддордун инвестициялык пайларын кошпогондо);
5) эки жылдан кем эмес мезгил бою банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда чыгашасыз иш жүргүзгөн, иштеги кадыр-баркына шек келтирген маалыматтары жок болгон жана өткөн эки отчеттук мезгилде тышкы аудитордун жакшы корутундусу берилген банктарга салымдар (депозиттер);
6) кыймылсыз мүлктөр;
7) кайра камсыздандыруучулардын камсыздандыруу (техникалык) резервдериндеги үлүштөрү;
8) камсыздандыруу (техникалык) резервдериндеги бир кайра камсыздандыруучунун үлүшү (билдирилген, бирок жөнгө салынбаган чыгымдардын резервиндеги кайра камсыздандыруучулардын үлүшүн кошпогондо);
9) кайра камсыздандыруу үчүн кабыл алынган кооптуулук боюнча сыйлыктар депосу;
10) камсыздандыруу сыйлыктары (акылары) боюнча камсыздандыруучулардын, камсыздандыруудагы ортомчулардын дебитордук карыздары, милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучунун дебитордук карыздарын кошпогондо;
11) милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучунун дебитордук карыздары;
12) кайра камсыздандыруу жана камсыздандыруу операциялары боюнча кайра камсыздандыруучулар менен камсыздандыруучулардын дебитордук карыздары;
13) күрөөлүк милдеттенме милдеттүү түрдө таризделгенден кийин берилүүчү займдар;
14) нак акчалар, банк эсептериндеги акча каражаттары;
15) алтын менен күмүштүн куймалары;
16) Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан камсыздандыруу резервдерине тиешеси жок камсыздандыруу (техникалык) резервдерин толтуруу үчүн кабыл алынган активдер, Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналбаган кайра камсыздандыруучулардын үлүштөрүн кошпогондо.
5. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, анда кайра камсыздандыруучулардын үлүштөрү алынып салынгандан кийинки камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин каражаттарынын кеминде 80 проценти Кыргыз Республикасынын аймагында инвестиция кылынууга тийиш.
6. Камсыздандыруучулар өздөрүнүн камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин каражаттарын ушул Эрежелерде каралгандан башкача жагдайларда жайгаштыра албайт.
7. Камсыздандыруучу уюмдардын ишинин ушул Эрежелердин 3-пунктунда саналган принциптерге шайкеш келиши ушул Эрежелердин тиркемесиндеги активдердин жана резервдердин түзүмдүк катыштарынын таблицасында аталган түзүмдүк катыштардын аткарылышы менен аныкталат.
Камсыздандыруу (техникалык) резервдерин толтуруу үчүн кабыл алынуучу активдердин жалпы наркы камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин суммалык чоңдугунан кем эмес болууга тийиш.
8. Таблица боюнча катыштарды эсептөөдө активдердин баланстык наркы активдердин наркы деп түшүндүрүлөт.
| Камсыздандыруучу уюмдар тарабынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруунун эрежелерине тиркеме |
┌──┬───────────────────────────────────┬──────────────────────────────┐
│№ │ Камсыздандыруу (техникалык) │ │
│ │резервдерин толтуруу үчүн берилген │ │
│ │ активдер │ │
├──┼───────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│1 │Кыргыз Республикасынын мамлекеттик │камсыздандыруу (техникалык) │
│ │баалуу кагаздары, муниципалдык │резервдеринин суммалык │
│ │баалуу кагаздар │чоңдугунун 10%инен кем эмес │
├──┼───────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│2 │Кыргыз Республикасынын фондулук │камсыздандыруу (техникалык) │
│ │биржаларынын эң жогорку жана андан │резервдеринин суммалык │
│ │кийинки жогорку листинг │чоңдугунун 30%инен көп эмес │
│ │категорияларында турган баалуу │жана бир эмитенттин үлүшүнүн │
│ │кагаздар (мамлекеттик жана │25%инен көп эмес │
│ │муниципалдык баалуу кагаздарды │ │
│ │кошпогондо) │ │
├──┼───────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│3 │Таблицанын 2-сабында │камсыздандыруу (техникалык) │
│ │көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо жана │резервдеринин суммалык │
│ │ушул Эрежелердин 3-пунктунун │чоңдугунун 20%инен көп эмес │
│ │талаптарына туура келген баалуу │жана бир эмитенттин үлүшүнүн │
│ │кагаздар │20%инен көп эмес │
├──┼───────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│4 │Коммерциялык уюмдардын │камсыздандыруу (техникалык) │
│ │капиталдарына катышуу укугу │резервдеринин суммалык │
│ │(чарбалык шериктештиктердеги жана │чоңдугунун 10%инен көп эмес │
│ │коомдордогу үлүштөр, акционердик │ │
│ │коомдорду, акыркы 3 жыл бою │ │
│ │кирешелүү иштеген пайдык │ │
│ │инвестициялык фонддордун │ │
│ │инвестициялык пайларын кошпогондо) │ │
├──┼───────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│5 │Эки жылдан кем эмес мезгил бою │камсыздандыруу (техникалык) │
│ │банктык кызмат көрсөтүүлөр │резервдеринин суммалык │
│ │рыногунда чыгашасыз иш жүргүзгөн, │чоңдугунун 50%инен көп эмес │
│ │иштеги кадыр-баркына шек келтирген │ │
│ │маалыматтары жок болгон жана өткөн │ │
│ │эки отчеттук мезгилде тышкы │ │
│ │аудитордун жакшы корутундусу │ │
│ │берилген банктарга салымдар │ │
├──┼───────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│6 │Кыймылсыз мүлк │өмүрдү камсыздандыруу боюнча │
│ │ │камсыздандыруу (техникалык) │
│ │ │резервдеринин суммалык │
│ │ │чоңдугунун 30%инен көп эмес │
│ │ │жана өмүрдү камсыздандырууга │
│ │ │караганда башка камсыздандыруу│
│ │ │(техникалык) резервдеринин │
│ │ │суммалык чоңдугунун 20%инен │
│ │ │көп эмес │
├──┼───────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│7 │Камсыздандыруу (техникалык) │өмүрдү камсыздандыруу боюнча │
│ │резервдериндеги кайра │камсыздандыруу (техникалык) │
│ │камсыздандыруучулардын үлүшүнүн │резервдеринин суммалык │
│ │суммалык чоңдугу (билдирилген, │чоңдугунун 95%инен көп эмес │
│ │бирок жөнгө салынбаган чыгымдардын │жана өмүрдү камсыздандыруу │
│ │резервиндеги кайра │караганда башка камсыздандыруу│
│ │камсыздандыруучулардын үлүштөрүн │(техникалык) резервдеринин │
│ │кошпогондо) │суммалык чоңдугунун 95%инен │
│ │ │көп эмес, билдирилген, бирок │
│ │ │жөнгө салынбаган чыгымдардын │
│ │ │резервин кошпогондо │
├──┼───────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│8 │Камсыздандыруу (техникалык) │камсыздандыруу (техникалык) │
│ │резервдеринде бир кайра │резервдеринин суммалык │
│ │камсыздандыруучунун эң чоң үлүшү │чоңдугунун 25%инен көп эмес │
│ │(билдирилген, бирок жөнгө │ │
│ │салынбаган чыгымдардын резервиндеги│ │
│ │кайра камсыздандыруучулардын үлүшүн│ │
│ │кошпогондо) │ │
├──┼───────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│9 │Кайра камсыздандырууга кабыл │камсыздандыруу (техникалык) │
│ │алынган кооптуулук боюнча сыйлык │резервдеринин суммалык │
│ │депосу │чоңдугунун 50%инен көп эмес │
├──┼───────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│10│Камсыздандыруу сыйлыктары (акылары)│өмүрдү камсыздандыруу боюнча │
│ │боюнча камсыздандыруучулардын, │камсыздандыруу (техникалык) │
│ │камсыздандыруудагы ортомчулардын │резервдеринин суммалык │
│ │дебитордук карыздары, милдеттүү │чоңдугунун 5%инен көп эмес │
│ │мамлекеттик камсыздандыруу келишими│жана өмүрдү камсыздандырууга │
│ │боюнча камсыздандыруучунун │караганда башка камсыздандыруу│
│ │дебитордук карыздарын кошпогондо │боюнча иштелип табылбаган │
│ │ │сыйлыктардын резервинин │
│ │ │суммалык чоңдугунун 50%инен │
│ │ │көп эмес │
├──┼───────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│11│Милдеттүү мамлекеттик │милдеттүү мамлекеттик │
│ │камсыздандыруу келишими боюнча │камсыздандыруу келишими боюнча│
│ │камсыздандыруучунун дебитордук │иштелип табылбаган │
│ │карыздары │сыйлыктардын резервинин │
│ │ │суммалык чоңдугунун 100%и │
├──┼───────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│12│Кайра камсыздандыруу жана │камсыздандыруу (техникалык) │
│ │камсыздандыруу операциялары боюнча │резервдеринин суммалык │
│ │кайра камсыздандыруучулар менен │чоңдугунун 50%инен көп эмес │
│ │камсыздандыруучулардын дебитордук │ │
│ │карыздары │ │
├──┼───────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│13│Күрөөлүк милдеттенме милдеттүү │камсыздандыруу (техникалык) │
│ │түрдө таризделгенден кийин │резервдеринин суммалык │
│ │берилүүчү займдар │чоңдугунун 30%инен көп эмес │
├──┼───────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│14│Камсыздандыруунун жүргүзүлүп жаткан│камсыздандыруу (техникалык) │
│ │түрлөрү боюнча учурдагы │резервдеринин суммалык │
│ │камсыздандыруу суммаларын │чоңдугунун 5%инен кем эмес │
│ │төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн │ │
│ │банктагы алыш-бериш эсебиндеги акча│ │
│ │калдыктары жана нак акчалар │ │
├──┼───────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│15│Алтын менен күмүштүн куймалары │камсыздандыруу (техникалык) │
│ │ │резервдеринин суммалык │
│ │ │чоңдугунун 15%инен көп эмес │
├──┼───────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│16│Кыргыз Республикасынын аймагында │камсыздандыруу (техникалык) │
│ │жайгашкан камсыздандыруу │резервдеринин суммалык │
│ │резервдерине тиешеси жок │чоңдугунун 10%инен көп эмес │
│ │камсыздандыруу (техникалык) │ │
│ │резервдерин толтуруу үчүн кабыл │ │
│ │алынган активдердин суммалык наркы,│ │
│ │Кыргыз Республикалык резиденти │ │
│ │болуп саналбаган кайра │ │
│ │камсыздандыруучулардын үлүштөрүн │ │
│ │кошпогондо │ │
└──┴───────────────────────────────────┴──────────────────────────────┘