Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-январы № 20
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын туусу жөнүндө
«Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык, өздүк курамды аскердик намыс, эрдик жана күжүрмөн даңк салттарында тарбиялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын туусу жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын туусун даярдоо менен байланышкан финансылык чыгымдар «Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана андан кийинки жылдардын бюджетинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөөрү белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-октябрындагы № 502 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармасынын туусу жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-январындагы № 20 токтому менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ЖАМК) туусу аскердик намыстын, эрдиктин, даңктын символу болуп эсептелип, жазык-аткаруу системасынын кызматкерлерине Мекенди коргоонун жана укук тартибин сактоонун салттарын жана ыйык милдеттерин эске салып турат.
2. ЖАМКнын туусу тик бурчтук формасындагы эки бети бирдей, кызыл түстөгү баркыт кездемеден жасалат. Кездеменин узундугу - 1400 мм, эни - 1050 мм. Кездеме үч жагынан кыры боюнча сары (алтын сымал) түстөгү чачык менен кыйылган. Кездеменин өң жак бетинин ортосуна, жазык-аткаруу системасынын символикасынын белгиси жайгашкан, кездеменин үстү жагына мамлекеттик тилде «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу» деген сары (алтын сымал) түстөгү сөздөр жазылган, кездеменин асты жагында мамлекеттик тилде «Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы» деген сары (алтын сымал) түстөгү сөздөр жазылган. Кездеменин арткы бетинин ортосуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жайгаштырылган.
Туунун асабасы жыгачтан жасалган, жумуру, диаметри - 40 мм, узундугу - 2500 мм. Асаба кочкул-күрөң түстө, лакталган. Асабанын жогорку учунда сары түстөгү фигуралуу учтук бар, анын учу учтуу, узундугу 340 мм, түпөгү 130 мм.
Туунун боосу чыйратылган, сары (алтын сымал) түстө, учтарында чачылуу эки түймөгү бар. Боонун узундугу - 2000 мм. Боо туунун түпөгүнө боонун учтарынын узундугунун үчтөн экисине туура келгидей кылып бекитилген.
3. ЖАМКнын туусу ЖАМКнын борбордук аппаратынын имаратында, айнек капкак жабылган, гербдүү мөөр басылган пьедесталда сакталат жана ЖАМКнын ишине байланышкан салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлгөн кезде көтөрүлөт.
4. Туу башка мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар тарабынан пайдаланылбайт. Аны бурмалоого, бузууга жана ушул сыяктуу иштерди жасоого жол берилбейт. Жогоруда аталган иш-аракеттерди жасаган күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
|
|