Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 9-февралы №35
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы N 115, 2018-жылдын 19-октябрындагы № 489 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамын аткаруу үчүн, жарандык коргонуу жагындагы иш-чараларды камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуунун республикалык курстарынын базасында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору түзүлсүн.
2. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 489 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №115 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө тапшырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев
|