Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги N 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-февралы №55
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу " токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесине, "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлерин социалдык колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы №226 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жободо:
- 6-пунктунун экинчи абзацындагы "кызматкерлер" деген сөздөн кийин "жана эркин жалданган жумушчулар" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |