Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги N 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2005-жылдын 14-июну № 226
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы № 88, 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун "Кыргыз Республикасынын финансылык системасынын башкаруу органдарын кайра түзүү жөнүндө" 2005-жылдын 14-апрелиндеги № 103 Жарлыгын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын иш-аракетин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин айрым маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-октябрындагы № 729 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-августундагы № 497 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин айрым маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-октябрындагы № 729 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-сентябрындагы № 601 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин айрым маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-октябрындагы № 729 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-майындагы № 385 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин айрым маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-октябрындагы № 729 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитети жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 962 токтому.
Премьер-министр | К.Бакиев |