Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 28-апрели № 83
2024-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы - Кошумча каржылоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы - Кошумча каржылоо" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2024-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы - Кошумча каржылоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы - Кошумча каржылоо" долбоору боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Азия өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 2-майындагы № 33 (3689) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 2-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |