МыйзамКүчүндө

КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 83 «2024-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы - Кошумча каржылоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы - Кошумча каржылоо» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө «Мыйзамы

Редакция28.04.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 28-апрели № 83

2024-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы - Кошумча каржылоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы - Кошумча каржылоо" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

2024-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы - Кошумча каржылоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы - Кошумча каржылоо" долбоору боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Азия өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 2-майындагы № 33 (3689) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 2-апрелинде

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган