Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №54 токтому менен бекитилген |
Контролдук-аналитикалык лабораторияларда баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо жана эсепке алуу ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Контролдук-аналитикалык лабораторияларда пайдаланылуучу баңги каражаттар жабык, пломбаланган сейфтерде, психотроптук заттар жана прекурсорлор кулпу салынып жабылган шкафтарда сакталышы керек.
2. Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоого жооптуу болуп лаборатория башчысы, анын орун басары же ага уюмдун буйругу менен ыйгарым укук берилген адам эсептелет. Анда баңги каражаттар сакталган сейфтин ачкычтары болуш керек.
3. Провизор-аналитикке анализ үчүн берилген баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор өзүнчө химик-аналитикте кулпуланып сакталат.
4. Фармацевттик уюмдардан (дарыкана кампалары, дарыканалар) анализге келип түшкөн баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор анализ бүткөндөн кийин үч ай мөөнөттө сакталат, андан кийин алардын калдыгы фармацевттик уюмдарга кайрылып берилет.
Бракка чыгарылган баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор сактоо мөөнөтү өткөндөн кийин колдонуудагы эрежелерге ылайык жок кылынат.
Баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор камтылган дары-дармек формаларынын калдыктары 15 күн сакталат, андан кийин жогору турган уюмдун жана баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнүн катышуусу менен жок кылынат, ал лаборатория боюнча акт менен таризделет.
5. Анализ үчүн лабораторияга келип түшкөн баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор дары-дармектик формасына карабастан, тиркелген форма боюнча номерленген, мөөр басылган, контролдук-аналитикалык лабораториянын жетекчисинин колу коюлган жана контролдук-аналитикалык лабораториянын мөөрү басылган түрдө контролдук-аналитикалык лабораторияларда баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсолорду эсепке алуу журналында (ушул Эрежелерге 1-тиркеме) предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш.
Эсепке алуу журналы баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат, бир жылга ачылат жана акыркы жазуу түшүрүлгөндөн кийин беш жыл сакталат.
6. Баңги каражаттарга жана психотроптук заттарга документтер лаборатория башчысында үч жыл сакталууга тийиш.
| Контролдук-аналитикалык лабораторияларда баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо жана эсепке алуу эрежелерине 1-тиркеме |
Каражаттын аталышы, серия № (же пробалар) ________________________
Өлчөм бирдиги ____________________________________________________
┌───────────────────────┬──────────────────────────────────────────────────┐
│ Кириштөө │ Чыгымдоо │
├────┬───┬─────┬────┬───┼───┬────┬────┬─────┬────┬─────┬──────┬────┬───────┤
│ №, │Ке-│Фар- │Се- │Өл-│Кү-│Ал- │Ана-│Сарп-│Ана-│Бош │Кампа-│Ла- │Анализ │
│ана-│лип│ ма- │рия-│чө-│нү │гач-│лиз │тал- │лиз-│ампу-│га │бо- │жүргүз-│
│лиз │тү-│цевт-│нын │мү │ │кы │жүр-│ган │дин │ла- │өткө- │ра- │гөн │
│ № │шүү│тик │ же │ │ │өл- │гүз-│өлчөм│кал-│лар- │зүп │то- │прови- │
│ │кү-│уюм │сы- │ │ │чөмү│гөн │ │дыгы│дын │берүү │рия │зор- │
│ │нү │жана │на- │ │ │ │күн │ │ │саны │жөнүн-│баш-│анали- │
│ │ │доку-│мык-│ │ │ │ │ │ │ │дө │чы- │тиктин │
│ │ │мент-│тын │ │ │ │ │ │ │ │белги │сы- │аты- │
│ │ │тин №│ № │ │ │ │ │ │ │ │же │нын │жөнү │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ана- │аты-│ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │лиздин│жөнү│ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │калды-│ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │гын │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │жок │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │кылуу │ │ │
├────┼───┼─────┼────┼───┼───┼────┼────┼─────┼────┼─────┼──────┼────┼───────┤
│ 1 │ 2│ 3 │ 4 │ 5│ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │ 10│ 11 │ 12 │ 13 │ 14 │
└────┴───┴─────┴────┴───┴───┴────┴────┴─────┴────┴─────┴──────┴────┴───────┘