Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-февралы №54
Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эсепке алуу, сактоо жана колдонуу тартиби жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" жана "Баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, саламаттык сактоо уюмдарында жана дарыкана уюмдарында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эсепке алууну, сактоону, жазып берүүнү жана колдонууну тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эсепке алуу, сактоо жана колдонуу тартиби;
- Дарыканаларда баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо жана эсепке алуу эрежелери;
- Саламаттык сактоо уюмдарында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо жана эсепке алуу эрежелери;
- Дарыкана кампаларында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо, эсепке алуу жана берүү эрежелери;
- Контролдоочу-аналитикалык лабораторияларда баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо жана эсепке алуу эрежелери;
- Илимий-изилдөө институттарында, лабораторияларда жана окуу жайларында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эсепке алуу эрежелери;
- Баңги каражаттарды, писхотропттук заттарды жана атайын рецепттерди эсептен чыгаруу жана жок кылуу жөнүндө жобо.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары - ММКФ) ушул токтомду менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан саламаттык сактоо уюмдарына жана фармацевттик уюмдарга билдирсин.
3. Дарыкана уюмдарынын жана саламаттык сактоо уюмдарынын, ошондой эле илимий-изилдөө уюмдарынын жана окуу жайлардын жетекчилери ушул токтомго ылайык баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун эсепке алынуусуна, сакталышына, берилишине, дайындалышына жана колдонулушуна жеке жоопкерчилик тартышаары белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев |