Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №54 токтому менен бекитилген |
Илимий изилдөө институттарында, лабораторияларда жана окуу жайларында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эсепке алуу ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. I, II тизмектердеги баңги каражаттар жана II тизмектеги психотроптук заттар сейфтерде сакталышы керек, III тизмектеги баңги каражаттар жана III, IV тизмектердеги психотроптук заттар жана прекурсорлор кулпу салынып жабылган шкафтарда же техникалык чыңдалышы жана өрткө каршы сигналдаштыруу каражаттары менен жабдылышы боюнча талаптарга жооп берген, ушул максат үчүн атайын бөлүнгөн бөлмөлөрдөгү атайын жабдылган текчелерде сакталат.
2. Баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор сакталган бөлмөлөрдүн терезелеринде темир торлор болушу, эшиктери темир менен капталышы керек.
Баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор сакталган бөлмөлөрдүн, сейфтердин жана шкафтардын ачкычтары, ошондой эле мөөр жана пломбир, ушул каражаттарды сактоо үчүн уюмдун буйругу менен ыйгарым укук берилген материалдык жооптуу адамда болууга тийиш.
3. Баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор сакталган бөлмөлөр, сейфтер жана шкафтар иш күнү бүткөндө кулпуланып жабылып, мөөр басып чапталып же пломбаланышы керек.
4. Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду туура сактоо жана алардын документтери менен ишти уюштуруу уюмдун жетекчисине же анын орун басарына жүктөлөт.
5. Окуу жайларында студенттерге практикалык сабак өтүү үчүн берилген баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду туура пайдаланууга жоопкерчиликти студенттерге практикалык сабак өткөн окутуучу тартат.
Сабак бүткөндөн кийин баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду аудиторияларда сактоого уруксат берилбейт.
6. Баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор келип түшкөндө уюмдун жетекчиси же анын орун басары алынган баңги каражаттын коштомо документтерине туура келишин текшерүүгө милдеттүү.
7. Баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор сакталган бөлмөгө кирүүгө алар менен түздөн түз иштеген, уюмдун буйругу менен таризделген адамга гана уруксат берилет.
8. Күнүмдүк иш үчүн баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду берүү уюмдун жетекчисинин же анын орун басарынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана жүргүзүлөт, ал каражатты алган адамдын аты-жөнү жана кызматы кол коюлган талапта көрсөтүлөт.
9. Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду берүүнүн алдында, аларды сактоого жооптуу адам берүү үчүн негизди, коштомо документтердин тууралыгын жана таңгактын сапатын жеке өзү текшерүүгө милдеттүү, андан кийин талаптын көчүрмөсүнө кол коет.
10. Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду дары-дармектик формасына карабастан эсепке алуу тиркелген форма боюнча номерленген, тигилген жана жогору турган уюмдун жетекчисинин колу коюлган жана мөөрү басылган, ИИИде, лабораторияларда жана окуу жайларында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эсепке алуу журналында (ушул Эрежелерге 1-тиркеме) жүргүзүлөт.
Эсепке алуу журналы баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат, бир жылга ачылат жана акыркы жазуу түшүрүлгөндөн кийин беш жыл сакталат.
| Илимий изилдөө институттарында, лабораторияларда жана окуу жайларында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо жана эсепке алуу эрежелерине 1-тиркеме |
Уюмдун аталышы ___________________________________________________
Каражаттын аталышы _______________________________________________
Ченем бирдиги ____________________________________________________
┌─────┬─────┬─────────────────┬────────────────────┬─────┬──────┬─────┐
│Ай │Айдын│ Кириштөө │ Чыгымдоо │Баңги│Баңги │Айдын│
│ │башы-├─────┬─────┬─────┼───┬─────┬────┬─────┤жана │жана │аягы-│
│ │ на │Алып │Өлчө-│Мате-│Бе-│Баңги│Кан-│Өлчө-│пси- │пси- │ на │
│ │кал- │ке- │ мү │риал-│рүү│жана │дай │мү │хо- │хо- │кал- │
│ │дык │лүүчү│ │дык │кү-│пси- │мак-│ │троп-│троп- │дык │
│ │ │жана │ │жооп-│нү │хо- │сат-│ │тук │тук │ │
│ │ │доку-│ │туу │ │троп-│ка │ │кара-│кара- │ │
│ │ │мент-│ │адам-│ │тук │ │ │жатты│жатты │ │
│ │ │тин №│ │дын │ │кара-│ │ │алуу-│берүү-│ │
│ │ │ │ │аты- │ │жатты│ │ │чунун│чүнүн │ │
│ │ │ │ │жөнү │ │алуу-│ │ │колу │аты- │ │
│ │ │ │ │ │ │чунун│ │ │ │жөнү │ │
│ │ │ │ │ │ │аты- │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │жөнү │ │ │ │ │ │
├─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼───┼─────┼────┼─────┼─────┼──────┼─────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6│ 7 │ 8 │ 9 │ 10 │ 11 │ 12 │
└─────┴─────┴─────┴─────┴─────┴───┴─────┴────┴─────┴─────┴──────┴─────┘