Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-февралы №75
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Ч.Текебаев жана Н.Б.Никитенко демилге көтөргөн "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Ч.Текебаев жана Н.Б.Никитенко демилге көтөргөн "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-февралындагы №75 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүнү билдирет.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 1-беренесинде:
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 378-беренесинде "мектепке чейинки билим берүү уюмдарын" деген сөздөрдү "билим берүү уюмдарын жана саламаттык сактоо уюмдарын" деген сөздөргө алмаштыруу сунушталат.
Мыйзам долбоору менен сунушталган Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 378-беренесине өзгөртүү киргизүү варианты кабыл алынган учурда бюджеттин жоготуулары күтүлөт. Ставканы төмөндөтүү же кайсы бир салыкты алып салуу үчүн адегенде бюджеттин кирешесиндеги тикелей жоготууларды компенсациялоо боюнча тийиштүү альтернативалык булактарды тандап алуу зарыл. Мындай болбогон учурда бюджеттик каражат өтө чектелүү шартта бюджеттин киреше бөлүгүн азайтуу терс натыйжаларга алып келиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматы боюнча билим берүү жана саламаттык сактоо секторунун бюджеттик мекемелеринин атайын каражаттары боюнча кирешелеринин келип түшүүсү 2011-жылы тийиштүүлүгүнө жараша 2,2 млрд. сом жана 408 млн. сом тегерегиндеги өлчөмдө болжолдонууда. Мында билим берүү уюмдарын жана саламаттык сактоо мекемелерин атайын каражаттарга салык төлөөдөн бошотуу тийиштүүлүгүнө жараша болжол менен 209 млн. сомдон жана 80 млндон ашуун сом бюджеттик жоготууларга алып келет.
Жалпысынан алганда Кыргыз Республикасынын Салык кодексине сунушталган түзөтүүлөрдү кабыл алган учурда бюджеттин жоготуулары болжол менен 378 млн. сомду түзөт.
Бюджеттин абалы кыйын шартта кошумча салык жеңилдиктерин берүү мамлекеттин өзүн актабаган кадамы болуп калат.
Кыргыз Республикасынын Салык кодекси уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан салык салуу субъекттерине бирдей мамилени караштырат, буга байланыштуу субъекттердин айрым категорияларына, атап айтсак билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу категорияларга ар кандай салык жеңилдиктерин берүү салык салуунун негизги принциптеринин бирин - бардык субъекттер үчүн бирдей шарттарды түзүү жана айрым субъекттер ортосунда салыктарды адилеттүүлүк жана бирдей ченемде бөлүштүрүү принцибин боюнча механизмди түзүү адилеттүүлүк принцибин бузууга алып келет.
Мындан тышкары атайын каражаттарга салык салуунун негизги максаты, б.а. акыга кызмат көрсөтүүчү бюджеттик мекемелердин финансылык ресурстарынын (акчалай каражаттарынын) кыймылына мамлекеттин контролдугун жүзөгө ашыруу ишке ашырылбайт.
Ошону менен бирге эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга "Экономика жана коопсуздук" иш-чаралары планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга "Экономика жана коопсуздук" иш-чаралары планында социалдык чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акыны жогорулатуу дагы каралгандыгын белгилей кетүү керек.
Буга байланыштуу билим берүү уюмдарын жана илимий мекемелерди бюджеттин киреше бөлүгү аркылуу эмес, чыгаша бөлүгү аркылуу, башкача айтканда тийиштүү бюджеттин максаттуу каржылоо аркылуу колдоо боюнча маселени чечүү сарамжалдуу болор эле, бул бюджетке келип түшүүлөрдүн ачыктыгын жана толуктугун чагылдырууну камсыз кылууга мүмкүндүк бермек.
Жогоруда айтылгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Ч.Текебаев жана Н.Б.Никитенко демилге көтөргөн "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун сунушталган вариантын кабыл алуу максатка ылайыктуу эмес деп эсептейт.