Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-апрели №152
Чернобыль АЭСиндеги жана башка ядролук объекттердеги апааттардын айынан жабыр тарткан адамдарды социалдык колдоонун кошумча чаралары жөнүндө
Чернобылдагы жана башка радиациялык апааттардын жана кырсыктардын айынан жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоону камсыз кылуу максатында, 2011-жылдын 26-апрелин Радиациялык кырсыктардын жана апааттардын курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнү катары белгилеп, Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын 25 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөргө бир жолку акчалай жөлөкпул бөлүнсүн:
- Чернобыль АЭСиндеги жана башка жарандык же аскердик багыттагы ядролук объекттердеги радиациялык кырсыктардын жана алардын кесепеттеринин айынан, ошондой эле ядролук түзүлүштөрдүн ар кандай түрлөрү, анын ичинде ядролук курал менен байланышкан сыноолордун, машыгуулардын жана башка иштердин натыйжасында майып болуп калган адамдарга - 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө;
- Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын натыйжасында нурлануу оорусунан курман болгон, каза тапкан майыптардын жана 1986-1987, 1988-1989-жылдардагы апааттарды жоюуга катышкан, каза тапкан катышуучулардын үй-бүлөлөрүнө - 10000 (он миң) сом өлчөмүндө;
- 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге тосулган зонанын чектеринде катышкан же бул мезгилде Чернобыль АЭСиндеги эксплуатациялоодо же башка иштерде иштеген (анын ичинде убактылуу же иш сапарга жиберилген) адамдарга, ошондой эле бул мезгилде жайгашкан жерине жана аткарган иштерине карабастан жогоруда көрсөтүлгөн кырсыктын кесепеттерин жоюу менен байланышкан иштерди аткарууга атайын чакыртылган жана тартылган аскер кызматчыларына жана аскерге милдеттүүлөргө, ошондой эле 1986-1987-жылдары тосулган зонанын чектеринде кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын башкаруучу жана катардагы курамынын адамдарына - 15000 (он беш миң) сом өлчөмүндө;
- 1988-1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге тосулган зонанын чектеринде катышкан же бул мезгилде Чернобыль АЭСиндеги эксплуатациялоодо же башка иштерде иштеген (анын ичинде убактылуу же иш сапарга жиберилген) адамдарга, ошондой эле бул мезгилде жайгашкан жерине жана аткарган иштерине карабастан жогоруда көрсөтүлгөн кырсыктын кесепеттерин жоюу менен байланышкан иштерди аткарууга атайын чакыртылган жана тартылган аскер кызматчыларына жана аскерге милдеттүүлөргө, ошондой эле 1988-1989-жылдары тосулган зонанын чектеринде кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын башкаруучу жана катардагы курамынын адамдарына - 15000 (он беш миң) сом өлчөмүндө.
2. Бир жолку акчалай жөлөкпул республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөнөөрү белгиленсин.
3. Чернобыль АЭСиндеги жана башка ядролук объекттердеги апааттын кесепеттеринен жабыр тарткан адамдарга бир жолку акчалай жөлөкпулду төлөөнүн тиркелген тартиби бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Чернобыль АЭСиндеги жана башка ядролук объекттердеги кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдарга бир жолку акчалай жөлөкпулду төлөө үчүн акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине кошумча бөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги ушул токтомдун 3-пункту менен бекитилген Тартипке ылайык бир жолку акчалай жөлөкпулду райондук, шаардык социалдык коргоо башкармалыктары аркылуу төлөөнү камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы Чернобыль АЭСиндеги жана башка ядролук объекттердеги кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдарга бир жолку акчалай жөлөкпулду төлөөнү өз учурунда жеткирүүнү 2011-жылдын 20-апрелине чейин камсыз кылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыз кылуу, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2011-жылдын 15-апрелинде № 28 жарыяланды
Премьер-министри | А.Атамбаев |