Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги №152 токтому менен бекитилген |
Чернобыль АЭСиндеги жана башка ядролук объекттердеги апааттын кесепеттеринен жабыр тарткан адамдарга бир жолку акчалай жөлөкпулду төлөө тартиби
1. Бул Тартип Чернобылдагы жана башка ядролук объекттердеги апааттардын айынан жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо максатында, Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын 25 жылдыгына байланыштуу иштелип чыкты.
2. Курман болгон же каза тапкан адамдардын жөлөкпул алууга укугу бар үй-бүлө мүчөлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- курман болгон, каза тапкан адамдын кайталап никеге турбаган жубайы;
- эгерде курман болгон, каза тапкан адам никеге турбаган болсо, атасы же энеси.
3. Жөлөкпул Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын аймактык байланыш бөлүмдөрү (мындан ары - байланыш бөлүмдөрү) аркылуу райондук, шаардык социалдык коргоо башкармалыктарынын (мындан ары - СКБ) тизмелери боюнча төлөнөт.
Алуучуларга жөлөкпул паспортун көрсөткөндө төлөнөт.
4. СКБлар 2011-жылдын 12-апрелине чейин жер-жерлерде байланыш бөлүмдөрүнүн өңүтүндө жөлөкпул алуучуларга ведомостторду түзөт.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Финансы министрлиги) байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын эске алуу менен райондордун, шаарлардын өңүтүндө Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги (мындан ары - Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги) даярдаган бюджеттик тапшырмалар боюнча жөлөкпул төлөөгө СКБларга 2011-жылдын 14-апрелине чейин каржылоону ачат.
6. СКБлар жөлөкпул төлөөгө акчалай финансы каражаттарын эки жумалык мөөнөттө байланыш бөлүмдөрүнө которот. Байланыш бөлүмдөрү жөлөкпулдарды 2011-жылдын 24-апрелине чейин төлөйт.
7. Жөлөкпул төлөө аяктагандан кийин байланыш бөлүмдөрү СКБларга эки жумалык мөөнөттө отчет берет. СКБлар бюджеттик каражаттар боюнча Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин Пландоо жана финансылоо башкармалыгына бир айлык мөөнөттө отчет берет, мында СКБ менен салыштырып текшерилген байланыш бөлүмдөрүнүн салыштыруу актылары тиркелет.
8. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги төлөм күнүнөн тартып жума сайын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине акчалай жөлөкпулду төлөө жөнүндө маалыматты берет.
9. Акчалай жөлөкпулду төлөө аяктагандан байланыш бөлүмү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын облустук филиалдарына маалымат жана отчет берет жана жалпыланган маалыматтарды "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасына берет, ал Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине отчет берет.
10. Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги 2011-жылдын 1-июлуна карата Финансы министрлигине райондордун жана шаарлардын өңүтүндө жөлөкпулдарды төлөө жөнүндө отчет берет.
11. Акчалай жөлөкпулду алуучу 2011-жылдын 1-апрелинен тартып 31-майына чейинки мезгилде каза тапкан учурда, акчалай жөлөкпул ал каза тапкан күнгө карата аны менен бирге жана туруктуу жашаган (катталган) үй-бүлө мүчөлөрүнө алар СКБга адам каза тапкан күндөн тартып 6 айлык мөөнөттүн ичинде кайрылган учурда төлөнөт. Мында жесирлер (жесилдер), ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрү СКБга өз арызын берүүгө тийиш, ага жөлөкпулду өз атына кайра толтуруу үчүн өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү тиркелет.
12. Белгиленген, бирок жүйөлүү себептерден улам алынбай калган жөлөкпулду төлөө кошумча тизмелердин негизинде 2011-жылдын 31-декабрына чейин жүргүзүлөт.
Жүйөлүү себептерге стационардык медициналык мекемеде дарылануу, республиканын башка региондоруна кетүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуу кирет.
13. СКБлардын жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын райондук, шаардык филиалдарынын жетекчилери жана кызматкерлери жөлөкпулдардын туура дайындалышы жана төлөнүшү үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
14. Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери байланыш бөлүмдөрү төлөгөн суммалардын ылайыктуулугун текшерүү максатында байланыш бөлүмдөрүн тандап текшерет.