Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-апрели №155
Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын салыктарды, алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн бошотуу бөлүгүн ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 3-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 5-беренесине ылайык, эл аралык келишимдерди жана башка макулдашууларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын салыктарды, алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн бошотуу бөлүгүн ишке ашыруунун тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
3. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 24-мартындагы № 113 токтомунун редакциясына ылайык)
2011-жылдын 12-апрели №155
Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын салыктарды, алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн бошотуу бөлүгүн ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү