ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-апрелиндеги №155 «Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын салыктарды, алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн бошотуу бөлүгүн ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 24-мартындагы № 113 токтомунун редакциясына ылайык)

 

2011-жылдын 12-апрели №155

Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын салыктарды, алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн бошотуу бөлүгүн ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын салыктарды, алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн бошотуу бөлүгүн ишке ашыруунун тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

3. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

Премьер-министри

А.Атамбаев