Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-апрели№158
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана пайдалануу боюнча программаны бекитүү тууралуу" токтомунун долбоорун жактыруу жөнүндө
Мамлекеттештирүү жолу менен мамлекеттин менчигине алынган мүлктү натыйжалуу башкаруу жана тескөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана пайдалануу боюнча программаны бекитүү тууралуу" токтомунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана пайдалануу боюнча программаны бекитүү тууралуу" токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз тартипте кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аталган токтомунун долбоору каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Долбоор
Мамлекеттештирүү жолу менен мамлекеттин менчигине алынган мүлктү натыйжалуу башкаруу жана тескөө максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана пайдалануу боюнча программа;
- Тийиштүү чечим кабыл алынганга чейин мамлекеттин менчигинде калуучу объекттердин тизмеси;
- Акциялардын мамлекеттик пакетин жана мамлекеттин үлүшүн белгиленген тартипте сатуу жолу менен менчиктештирилчү объекттердин тизмеси;
Менчиктештирүү белгиленген тартипте ишке ашырылчу объекттердин тизмеси.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- мамлекеттештирилген объекттерди башкаруу боюнча комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин фракцияларынын депутаттарын, бизнес жамааттын жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тартсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм боюнча комитетине тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011 -жылдын "__" _______ № ___ токтому менен бекитилген |
1. Мамлекеттештирилген объекттерди башкаруу
жана пайдалануу боюнча мамлекеттик саясаттын
негизги багыттары
Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана пайдалануу боюнча программа Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги маселелерин эске алуу менен иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында мамлекеттештирүү жолу менен мамлекеттин менчигине алынган мүлктү натыйжалуу башкаруу жана тескөө маселеси турат.
Экономикалык өнүктүрүүнүн приоритеттерин эске алганда мамлекеттештирилген мүлктү башкаруу жана пайдалануу боюнча мамлекеттик саясаттын негизги милдеттери төмөнкүдөй болот:
- мамлекеттештирилген объекттерди менчиктештирүү жолу менен ишкердикти чыңдоо жана көтөрмөлөө;
- натыйжалуу башкаруу жолу менен болушунча экономикалык пайда алуу;
- мамлекеттик казынага акча каражат түшүшүн камсыздоо;
- мамлекеттештирилген объекттерди экономиканын реалдуу секторуна инвестицияларды тартуу үчүн аспап катары пайдалануу;
- коммерциялык уюмдардын атаандаштыкка жарактуулугун арттыруу, алардын ишинин финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу;
- натыйжалуу менеджментти киргизүү;
- мамлекеттештирилген объекттерди рыноктун муктаждыктарын эске алуу менен менчиктештирүү;
- рентабелдүүлүгү аз объекттерди реструктуралоо;
- бардык заманбап методдорду жана финансылык аспаптарды пайдалануу, башкаруунун бардык процесстерин кылдат укуктук регламенттөө жолу менен мамлекеттештирилген объекттерди башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу;
- мамлекеттештирилген объекттердин пайдаланылышына жана сакталышына контролду камсыздоо.
2. Тийиштүү чечим кабыл алынганга чейин
мамлекеттин менчигинде калуучу
мамлекеттештирилген объекттердин тизмеси
Мамлекеттештирилген объекттерди башкаруу төмөнкүдөй болот:
- объекттин өсүшүн жана өнүгүүсүн камсыздоо үчүн объектке карата натыйжалуу менеджмент жүргүзүү;
- бүтө элек объекттердин курулушун бүтүрүү жана алар боюнча чечим кабыл алуу үчүн эксплуатацияга киргизүү;
- объекттерди түз арналышы боюнча пайдалануу үчүн операциялык башкарууга, чарба жүргүзүүгө жана пайдаланууга берүү.
Мамлекеттин менчигинде калуучу мамлекеттештирилген объекттердин тизмесине андан аркы башкаруунун максатын аныктоо жана объектти мамлекеттин кызыкчылыгына пайдалануу үчүн экономикалык анализ жана изилдөө талап кылынган объекттер киргизилди.
Мамлекеттештирилген объекттерге экономикалык жана укуктук анализдин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдүн зарылдыгын аныктоого тийиш:
- объектти менчиктештирүүнүн;
- объектти мамлекеттин менчигинде сактоонун;
- объектти биргелешип башкаруу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктүктүн.
Инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү, ички рыноктун өнүгүшүнө түрткү берүү, ошондой эле республикалык бюджеттин кошумча кирешелерин жаратуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү инвестициялык кызыктуулугу жогору мамлекеттештирилген объекттерди менчиктештирүү жөнүндө айрым чечимдерди кабыл алышы мүмкүн.
Тийиштүү чечим чыгарылганга чейин мамлекеттин менчигинде калуучу мамлекеттештирилген объекттердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет.
3. Белгиленген тартипте менчиктештирилчү
мамлекеттештирилген объекттер
Мамлекеттештирилген объекттерди менчиктештирүүнүн негизги максаты - мамлекеттик бюджетти толтуруу үчүн мамлекеттештирилген объекттерди сатуунун эсебинен мамлекеттин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө максимум киреше алуусу.
Ушул Программада аныкталган мамлекеттештирилген объекттерди менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык аукцион методу менен жүргүзүлөт.
Аукцион тоорук өткөрүү жолу менен сатуунун методу болот, анда менчик укугу тооруктун жүрүшүндө аукциондо менчиктештирилүүгө коюлган объект үчүн баарынан жогору бааны сунуш кылган жана төлөгөн адамга өтөт.
Аукцион ачык болот, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчиктештирүү объекттерин сатып алуучуларга коюлчу талаптарга жооп берген бардык жеке жана юридикалык жактар чектөөсүз катышууга укуктуу.
Аукцион өткөрүүнүн тартиби, ага потенциалдуу сатып алуучулардын катышуу шарттары, аукциондун жеңүүчүлөрүн тандоо тартиби, ошондой эле сатып алынган мамлекеттик мүлк үчүн эсептешүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011 -жылдын "__" _______ № ___ токтому менен бекитилген |
┌──┬───────────────────────────────────────────────────┬──────────────┐
│№ │ Объекттин аталышы жана турган жери │Менчиктештирүү│
│ │ │ мөөнөтү │
├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│1 │Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой │ 2011-жыл │
│ │айылында жайгашкан 10 га участок │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│2.│Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма │ 2011-жыл │
│ │токой чарбасынын "Таш-Башат" жер участогунда │ │
│ │жайгашкан имараттар (резиденция) │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│3 │Чолпон-Ата шаар башкармасынын аймагында жайгашкан │ 2011-жыл │
│ │аянты 4,91 га жер участок │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│4 │Чолпон-Ата шаар башкармасынын аймагында жайгашкан │ 2011-жыл │
│ │аянты 4,73 га жер участок │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│5 │Жалал-Абад шаарынын "Плодопитомник",№2 контур жер│ 2011-жыл │
│ │участогунда, жайгашкан турак жай имараттар жана │ │
│ │чарбалык курулуштар │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│6 │Жалал-Абад шаары, Нефтяников көчөсү, 3 дарегиндеги │ 2011-жыл │
│ │жер участок жана андагы турак эмес жайлар │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│7 │Жалал-Абад шаары, Курманбек көчөсү, 8 дарегиндеги │ 2011-жыл │
│ │жер участок жана андагы турак эмес жай │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│8 │Ысык-Көл облусунун Бактуу Долоноту айылында │ 2011-жыл │
│ │жайгашкан "Каприз" эс алуу борборунун аймагындагы │ │
│ │№ 56 коттедж │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│9 │Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы │ 2011-жыл │
│ │Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан "Кес-Сеңир" │ │
│ │туристтик комплексинин аймагындагы курулушу бүтө │ │
│ │элек 3 кабат, мансардалуу мейманкана │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│10│Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери │ 2011-жыл │
│ │айылында жайгашкан, жер участогунун аянты 6,5 га │ │
│ │"Достук" эс алуу үйү │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│11│Төмөнкүдөй маркалардагы 5 автомашина: │ 2011-жыл │
│ │ - БМВ-750LI Wi№ codе WBAKB 810449СҮ52201; │ │
│ │ - Лексус-LХ570 Wi№ соdе JTS№YOOW294028398$; │ │
│ │ - Лексус-RХ330 3МZ 4161824; │ │
│ │ - Мерседес-Бенц G500 Wi№ code WAВ4632481X162400; │ │
│ │ - Шевроле Субурбан LS Wi№ соdе IG№FK163Х9J110614 │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│12│ЯК-40 самолет │ 2011-жыл │
├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│13│Яхта "Bavaria-38 Cruiser" │ 2011-жыл │
└──┴───────────────────────────────────────────────────┴──────────────┘
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011 -жылдын "__" _______ № ___ токтому менен бекитилген |
┌──┬─────────────────────┬─────────┬────────────────┬─────────────────┐
│ №│ Объекттин аталышы, │ Мамл. │ Объектти │ Иш-чаралар │
│ │ турган жери │ акция- │ мамлекеттин │ │
│ │ │ лары │ менчигинде │ │
│ │ │ жана │сактоонун себеби│ │
│ │ │ үлүшү │ │ │
│ │ │ (МММ) │ │ │
│ │ │ (%) │ │ │
├──┼─────────────────────┼─────────┼────────────────┼─────────────────┤
│1 │Перрону жана жер │ │Чакан │Мамлекеттештирил-│
│ │участогу бар кичине │ │терминалдын │ген объектти - │
│ │терминал, аянты │ │курулушун │перрону жана │
│ │12,49 га, "Манас" эл │ │бүтүрүү үчүн │12,49 га жер │
│ │аралык аэропорту" │ │кошумча каржылоо│участогу бар │
│ │ААА, дареги: Бишкек │ │зарылдыгына │чакан терминалды │
│ │шаары, "Манас" эл │ │байланыштуу │"Манас" эл аралык│
│ │аралык аэропорту │ │объектти мындан │аэропорту" ААКнын│
│ │ │ │аркы натыйжалуу │балансына өткөрүү│
│ │ │ │башкарууну жана │боюнча бардык │
│ │ │ │мамлекеттин │зарыл иштерди │
│ │ │ │кызыкчылыгы үчүн│жүргүзүү зарыл │
│ │ │ │пайдаланууну │ │
│ │ │ │аныктоо керек │ │
├──┼─────────────────────┼─────────┼────────────────┼─────────────────┤
│2 │"Манас" май куюу │ │Ишкананын иши │Ишкананын │
│ │комплекси" │ │кирешелүү. Андан│2011-жылга карата│
│ │мамлекеттик ишканасы,│ │тышкары, │бизнес-планын │
│ │дареги: Бишкек шаары,│ │объектти │иштеп чыгуу жана │
│ │Тынчтык проспекти, 95│ │мамлекеттин │бекитүү │
│ │ │ │менчигинде │ │
│ │ │ │сактоо │ │
│ │ │ │авиакомпаниялар-│ │
│ │ │ │ды "Манас" эл │ │
│ │ │ │аралык │ │
│ │ │ │аэропортунда │ │
│ │ │ │авиаотун менен │ │
│ │ │ │натыйжалуу жана │ │
│ │ │ │үзгүлтүксүз │ │
│ │ │ │камсыздоого │ │
│ │ │ │мүмкүндүк берет │ │
├──┼─────────────────────┼─────────┼────────────────┼─────────────────┤
│3 │"Дастан" трансулуттук│ 98,0 │Объекттин │1) компаниянын │
│ │корпорациясы" ААК, │ │республика үчүн │2011-жылга карата│
│ │дареги: Бишкек шаары,│ │стратегиялык │бизнес-планын │
│ │Байтик Батыр көчөсү, │ │маанисин эске │иштеп чыгуу жана │
│ │36 │ │алып, объектти │бекитүү. │
│ │ │ │мамлекеттин │2) Россия │
│ │ │ │кызыкчылыгы үчүн│Федерациясы менен│
│ │ │ │мындан аркы │Кызматташуу │
│ │ │ │натыйжалуу │жөнүндө │
│ │ │ │башкаруу жана │макулдашууну ишке│
│ │ │ │пайдалануу үчүн │ашыруу боюнча иш │
│ │ │ │Россия │жүргүзүү │
│ │ │ │Федерациясы │ │
│ │ │ │менен │ │
│ │ │ │Кызматташуу │ │
│ │ │ │жөнүндө │ │
│ │ │ │макулдашуу │ │
│ │ │ │боюнча │ │
│ │ │ │милдеттенмелер- │ │
│ │ │ │дин алкагында │ │
│ │ │ │"Дастан" ТУК" │ │
│ │ │ │ААКдагы │ │
│ │ │ │мамлекеттик │ │
│ │ │ │үлүштү сактоо │ │
│ │ │ │зарыл │ │
├──┼─────────────────────┼─────────┼────────────────┼─────────────────┤
│4 │"Нарынгидроэнерго- │ 90 │Объекттин │Объекттин │
│ │курулуш" ААК, │ │республика үчүн │2008-2010-жж. │
│ │дареги: Жалал-Абад │ │стратегиялык │ишине │
│ │облусу, Кара-Көл │ │маанисин эске │экономикалык жана│
│ │шаары, курулушчулар │ │алып, объектти │укуктук анализ │
│ │аянты, 1 │ │мамлекеттин │жүргүзүү, ошондой│
│ │ │ │кызыкчылыгы үчүн│эле 2011-жылга │
│ │ │ │мындан аркы │карата │
│ │ │ │натыйжалуу │бизнес-планын │
│ │ │ │башкарууну жана │кароо. Анализдин │
│ │ │ │пайдаланууну │негизинде Өкмөткө│
│ │ │ │аныктоо зарыл │объектти андан │
│ │ │ │ │аркы натыйжалуу │
│ │ │ │ │башкаруу жана │
│ │ │ │ │пайдалануу боюнча│
│ │ │ │ │сунуш киргизүү │
├──┼─────────────────────┼─────────┼────────────────┼─────────────────┤
│5 │"Нарынспецгидроэнер- │ 71,3794│Объекттин │Объекттин │
│ │го-монтаж" ААК, │ │республика үчүн │2008-2010-жж. │
│ │дареги: Бишкек шаары,│ │стратегиялык │ишине │
│ │Үсөнбаев көчөсү, │ │маанисин эске │экономикалык жана│
│ │194/2 │ │алып, объектти │укуктук анализ │
│ │ │ │мамлекеттин │жүргүзүү, ошондой│
│ │ │ │кызыкчылыгы үчүн│эле 2011-жылга │
│ │ │ │мындан аркы │карата │
│ │ │ │натыйжалуу │бизнес-планын │
│ │ │ │башкарууну жана │кароо. Анализдин │
│ │ │ │пайдаланууну │негизинде Өкмөткө│
│ │ │ │аныктоо зарыл │объектти андан │
│ │ │ │ │аркы натыйжалуу │
│ │ │ │ │башкаруу жана │
│ │ │ │ │пайдалануу боюнча│
│ │ │ │ │сунуштарды │
│ │ │ │ │киргизүү │
├──┼─────────────────────┼─────────┼────────────────┼─────────────────┤
│6 │"Таш-Көмүр" ЖчК, │ 96,9 │Объектти │Объекттин │
│ │дареги: Жалал-Абад │ │мамлекеттин │2008-2010-жж. │
│ │облусу, Таш-Көмүр │ │кызыкчылыгы үчүн│ишине │
│ │шаары, Шахтерская │ │мындан аркы │экономикалык жана│
│ │көчөсү, 232 │ │натыйжалуу │укуктук анализ │
│ │ │ │башкарууну жана │жүргүзүү, ошондой│
│ │ │ │пайдаланууну │эле 2011-жылга │
│ │ │ │аныктоо │карата │
│ │ │ │ │бизнес-планын │
│ │ │ │ │кароо. Анализдин │
│ │ │ │ │негизинде Өкмөткө│
│ │ │ │ │объектти андан │
│ │ │ │ │аркы натыйжалуу │
│ │ │ │ │башкаруу жана │
│ │ │ │ │пайдалануу боюнча│
│ │ │ │ │сунуштарды │
│ │ │ │ │киргизүү │
├──┼─────────────────────┼─────────┼────────────────┼─────────────────┤
│7 │Чүй облусунун │ │Объектти │Өкмөткө │
│ │Аламүдүн районундагы │ │мамлекеттин │төмөнкүлөрдүн │
│ │Таш-Дөбө айыл │ │кызыкчылыгы үчүн│ылайыктуулугу │
│ │өкмөтүнүн аймагында │ │мындан аркы │жөнүндө сунуш │
│ │жайгашкан имараттар │ │натыйжалуу │киргизүү: │
│ │(коттедж шаарча) │ │пайдаланууну │- объектти │
│ │ │ │аныктоо │менчиктештирүү; │
│ │ │ │ │- курулушун │
│ │ │ │ │бүтүрүп туруп │
│ │ │ │ │сатуу үчүн │
│ │ │ │ │инвестор тартуу │
├──┼─────────────────────┼─────────┼────────────────┼─────────────────┤
│8 │Бишкек шаары, │ │Объектти │Өкмөткө объектти │
│ │Эркиндик бульвары, │ │мамлекеттин │андан аркы │
│ │39 А дарегинде │ │кызыкчылыгы үчүн│натыйжалуу │
│ │жайгашкан │ │мындан аркы │пайдалануу боюнча│
│ │администрациялык │ │натыйжалуу │сунуш киргизүү │
│ │имарат │ │башкарууну жана │ │
│ │ │ │пайдаланууну │ │
│ │ │ │аныктоо │ │
├──┼─────────────────────┼─────────┼────────────────┼─────────────────┤
│9 │Ысык-Көл облусунун │ │Мурдагы менчик │Сот процесстерине│
│ │Ысык-Көл районундагы │ │ээлеринин доомат│катышуу │
│ │Булан-Сөгөттү │ │арыздары боюнча │ │
│ │айылында │ │соттук процессти│ │
│ │"Ысык-Көл-Аврора" │ │аяктоо │ │
│ │санаторийинин │ │ │ │
│ │аймагында жайгашкан │ │ │ │
│ │"Аврора Грин" │ │ │ │
│ │туристтик-ден │ │ │ │
│ │соолукту чыңдоо │ │ │ │
│ │комплексинин 31 │ │ │ │
│ │коттеджи жана көп │ │ │ │
│ │квартиралуу │ │ │ │
│ │мейманканасы │ │ │ │
├──┼─────────────────────┼─────────┼────────────────┼─────────────────┤
│10│Ысык-Көл облусунун │ │Мурдагы менчик │Сот процесстерине│
│ │Ысык-Көл районундагы │ │ээлеринин доомат│катышуу │
│ │Булан-Сөгөттү │ │арыздары боюнча │ │
│ │айылында │ │соттук процессти│ │
│ │"Ысык-Көл-Аврора" │ │аяктоо │ │
│ │санаторийинин │ │ │ │
│ │аймагындагы 10 га │ │ │ │
│ │жер участок, │ │ │ │
│ │"Аврора Плюс" турак │ │ │ │
│ │жай комплекси менен │ │ │ │
├──┼─────────────────────┼─────────┼────────────────┼─────────────────┤
│11│Спорт сарайынын │ │Объектти │Өкмөткө объектти │
│ │түндүк тарабындагы │ │мамлекеттин │андан аркы │
│ │турак эмес │ │кызыкчылыгы үчүн│натыйжалуу │
│ │жай-кошумча курулма, │ │андан аркы │пайдалануу боюнча│
│ │дареги: Бишкек шаары,│ │натыйжалуу │сунуштарды │
│ │Тоголок Молдо көчөсү,│ │башкарууну жана │киргизүү │
│ │40 │ │пайдаланууну │ │
│ │ │ │аныктоо │ │
├──┼─────────────────────┼─────────┼────────────────┼─────────────────┤
│12│"Спартак" стадионунун│ │Объектти │Өкмөткө объектти │
│ │түштүк жана батыш │ │мамлекеттин │андан аркы │
│ │жактарындагы │ │кызыкчылыгы үчүн│натыйжалуу │
│ │бөлмө-жайлар │ │андан аркы │пайдалануу боюнча│
│ │ │ │натыйжалуу │сунуштарды │
│ │ │ │башкарууну жана │киргизүү │
│ │ │ │пайдаланууну │ │
│ │ │ │аныктоо │ │
├──┼─────────────────────┼─────────┼────────────────┼─────────────────┤
│13│"Витязь" мамлекеттик │ │Объектти │Өкмөткө объектти │
│ │ишканасы (жер │ │мамлекеттин │андан аркы │
│ │участок, аянты 9,32 │ │кызыкчылыгы үчүн│натыйжалуу │
│ │га, 91 кыймылсыз мүлк│ │андан аркы │пайдалануу боюнча│
│ │бирдиги менен), │ │натыйжалуу │сунуштарды │
│ │дареги: Ысык-Көл │ │башкарууну жана │киргизүү. │
│ │облусунун Ысык-Көл │ │пайдаланууну │Сот процесстерине│
│ │районундагы Чок-Тал │ │аныктоо. │катышуу │
│ │айылы │ │Мурдагы менчик │ │
│ │ │ │ээлеринин доомат│ │
│ │ │ │арыздары боюнча │ │
│ │ │ │соттук процессти│ │
│ │ │ │бүтүрүү │ │
├──┼─────────────────────┼─────────┼────────────────┼─────────────────┤
│14│"Солнышко" │ │Объектти │Өкмөткө объектти │
│ │мамлекеттик ишканасы │ │мамлекеттин │андан аркы │
│ │(жер участок, аянты │ │кызыкчылыгы үчүн│натыйжалуу │
│ │11,029 га, жана │ │андан аркы │пайдалануу боюнча│
│ │кыймылсыз мүлк │ │натыйжалуу │сунуш киргизүү. │
│ │объекттери), дареги: │ │башкарууну жана │Сот процесстерине│
│ │Ысык-Көл облусунун │ │пайдаланууну │катышуу │
│ │Ысык-Көл районундагы │ │аныктоо. │ │
│ │Чок-Тал айылы │ │Мурдагы менчик │ │
│ │ │ │ээлеринин доомат│ │
│ │ │ │арыздары боюнча │ │
│ │ │ │соттук процессти│ │
│ │ │ │бүтүрүү │ │
├──┼─────────────────────┼─────────┼────────────────┼─────────────────┤
│15│"АзияУниверсал Банк" │ 100,0 │Банкрот деп │ │
│ │ААК, дареги: Бишкек │ │жарыяланган │ │
│ │шаары, Турусбеков │ │ │ │
│ │көчөсү, 47 │ │ │ │
├──┼─────────────────────┼─────────┼────────────────┼─────────────────┤
│16│"Чатыр-Көл" │ │Объектти │Өкмөткө объектти │
│ │кинотеатры, дареги: │ │мамлекеттин │андан аркы │
│ │Бишкек шаары, │ │кызыкчылыгы үчүн│натыйжалуу │
│ │Токтоналиев көчөсү, │ │андан аркы │пайдалануу боюнча│
│ │6 "а" │ │натыйжалуу │сунуш киргизүү. │
│ │ │ │башкарууну жана │ │
│ │ │ │пайдаланууну │ │
│ │ │ │аныктоо │ │
└──┴─────────────────────┴─────────┴────────────────┴─────────────────┘
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011 -жылдын "__" _______ № ___ токтому менен бекитилген |
┌──┬─────────────────────────────────────┬─────────────┬──────────────┐
│ №│ Объекттин аталышы жана турган жери │ Уставдык │Менчиктештирүү│
│ │ │капиталда МММ│ мөөнөтү │
│ │ │ атынан │ │
│ │ │ мамлекетке │ │
│ │ │ таандык │ │
│ │ │ акциялардын │ │
│ │ │ жана үлүштүн│ │
│ │ │ саны (%) │ │
├──┼─────────────────────────────────────┼─────────────┼──────────────┤
│1 │"Азия Агроресурс" ААК, дареги: Бишкек│ 35,545 │ 2011-жыл │
│ │шаары, Исанов көчесү, 75 │ │ │
├──┼─────────────────────────────────────┼─────────────┼──────────────┤
│2 │"Дитис" ААК, дареги: Бишкек шаары, │ 33,204 │ 2011-жыл │
│ │Исанов көчөсү, 75 │ │ │
├──┼─────────────────────────────────────┼─────────────┼──────────────┤
│3 │"Петрол Групп" ЖчК, дареги: Бишкек │ 100 │ 2011-жыл │
│ │шаары, Түгөлбай ата көчөсү, 1 │ │ │
├──┼─────────────────────────────────────┼─────────────┼──────────────┤
│4 │"Двадцать пятый кадр" ЖАК, дареги: │ 100 │ 2011-жыл │
│ │Бишкек шаары, Москва көчөсү, 151 │ │ │
├──┼─────────────────────────────────────┼─────────────┼──────────────┤
│5 │"Телерадиокомпания "Пирамида" ЖчК, │ 100 │ 2011-жыл │
│ │дареги: Бишкек шаары, Жантөшев көчөсү│ │ │
│ │70 │ │ │
├──┼─────────────────────────────────────┼─────────────┼──────────────┤
│6 │"Чакан ГЭС" ААК, дареги: Чүй │ 100 │ 2011-жыл │
│ │облусунун Аламүдүн району, Суворов │ │ │
│ │көчөсү, 113 │ │ │
├──┼─────────────────────────────────────┼─────────────┼──────────────┤
│7 │"Континент Принт" ЖчК, дареги: Бишкек│ 65,0 │ 2011-жыл │
│ │шаары, Интергельпо, 1 │ │ │
├──┼─────────────────────────────────────┼─────────────┼──────────────┤
│8 │"Кант цемент заводу" ААК, дареги: Чүй│ 13,21 │ 2011-жыл │
│ │облусу, Кант шаары, Чыгыш өнөр жай │ │ │
│ │зонасы │ │ │
├──┼─────────────────────────────────────┼─────────────┼──────────────┤
│9 │"Бишкек ликер-арак заводу" ААК, │ 70,12 │ 2011-жыл │
│ │дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов │ │ │
│ │көчөсү, 220 (КР "Банкроттук │ │ │
│ │(кудуретсиздик" жөнүндө" Мыйзамына │ │ │
│ │ылайык сатылат) │ │ │
├──┼─────────────────────────────────────┼─────────────┼──────────────┤
│10│"Каприз" ЖчК, дареги: Бишкек шаары, │ 28,34 │ 2011-жыл │
│ │Москва көчөсү, 217 │ │ │
├──┼─────────────────────────────────────┼─────────────┼──────────────┤
│11│"СК Ресурс" ЖчК, дареги: Бишкек │ 70 │ 2011-жыл │
│ │шаары, Москва көчөсү, 217 │ │ │
├──┼─────────────────────────────────────┼─────────────┼──────────────┤
│12│"Альфа Телеком" ЖАК, дареги: Бишкек │ 49 │ 2011-жыл │
│ │шаары, Раззаков көчөсү, 33/2 │ │ │
└──┴─────────────────────────────────────┴─────────────┴──────────────┘