Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-апрелин №161
"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Долбоор
1-берене.
"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2002-ж. № 5, 203-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Преамбуланын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасы жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалынын белгилери боюнча кандайдыр бир айырмачылыктарына, ошондой эле башка жагдайларына карабай бардык качкындарга тең укуктуу абал берет.".
2. 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Качкындар жөнүндө мыйзамдар
Кыргыз Республикасында качкындар маселелери Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.".
3. 11-берененин экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Качкын деп таануудан баш тартуу жөнүндө же качкын статусун жоготуу тууралуу билдирүү алган адам анын өмүрүнө жана эркиндигине коркунуч туудурган өлкөгө же ал кыйноого алуунун курмандыгы болушу же адамкерчиликке жатпаган мамилеге дуушар болушу мүмкүн болгон өлкөгө чыгарып салууга эч кандай шарттарда жол берилбейт.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Колдонуудагы редакция │ Сунушталган редакция │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│Ушул Мыйзам Кыргыз │Ушул Мыйзам Кыргыз │
│Республикасындагы качкын статусун │Республикасындагы качкын статусун │
│берүүнүн, жоготуунун жана │берүүнүн, жоготуунун жана │
│ажыратуунун шарттарын жана │ажыратуунун шарттарын жана │
│тартибин, качкындардын укуктарын, │тартибин, качкындардын укуктарын, │
│милдеттери менен жоопкерчилигин │милдеттери менен жоопкерчилигин │
│белгилейт жана качкындардын │белгилейт жана качкындардын │
│укуктарын укук, экономикалык жана │укуктарын укук, экономикалык жана │
│социалдык жактан коргоонун │социалдык жактан коргоонун │
│кепилдиктерин аныктайт. │кепилдиктерин аныктайт. │
│[Кыргыз Республикасы расасы, │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖЫНЫСЫ, │
│жынысы, дини жагындагы кандайдыр │РАСАСЫ, ТИЛИ, МАЙЫПТУУЛУГУ, │
│бир айырмачылыктарсыз же кайсы │ЭТНОСКО ТААНДЫКТЫГЫ, ТУТКАН ДИНИ, │
│өлкөдө төрөлгөнүнө карабай, бардык│КУРАГЫ, САЯСИЙ ЖЕ БАШКА │
│качкындарга тең укук берет.] │ЫНАНЫМДАРЫ, БИЛИМИ, ТЕГИ, МҮЛКТҮК │
│ │ЖЕ БАШКА АБАЛЫНЫН БЕЛГИЛЕРИ БОЮНЧА│
│ │КАНДАЙДЫР БИР АЙЫРМАЧЫЛЫКТАРЫНА, │
│ │ОШОНДОЙ ЭЛЕ БАШКА ЖАГДАЙЛАРЫНА │
│ │КАРАБАЙ БАРДЫК КАЧКЫНДАРГА ТЕҢ │
│ │УКУКТУУ АБАЛ БЕРЕТ. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│3-берене. Качкындар жөнүндө │3-берене. Качкындар жөнүндө │
│ мыйзамдар │ мыйзамдар │
│ │ │
│Кыргыз Республикасында качкындар │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА КАЧКЫНДАР │
│маселелери Кыргыз Республикасынын │МАСЕЛЕЛЕРИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН │
│Конституциясы, эл аралык укуктун │КОНСТИТУЦИЯСЫ, УШУЛ МЫЙЗАМ ЖАНА │
│жалпыга таанылган принциптери жана│БАШКА ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАР, │
│ченемдери, ушул Мыйзам жана Кыргыз│ОШОНДОЙ ЭЛЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ │
│Республикасынын Президентинин │КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП ЭСЕПТЕЛГЕН, │
│указдары, Кыргыз Республикасынын │МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ │
│дагы башка ченемдик укуктук │КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕР│
│актылары менен жөнгө салынат. │МЕНЕН ЖӨНГӨ САЛЫНАТ. │
│Эгерде Кыргыз Республикасы │ │
│ратификациялаган эл аралык │ │
│келишимдерде жана конвенцияларда │ │
│ушул Мыйзамда камтылгандардан │ │
│бөлөк эрежелер каралса, анда │ │
│Кыргыз Республикасынын эл аралык │ │
│милдеттенмелеринен келип чыгуучу │ │
│эрежелер колдонулат. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│11-берене. Кыргыз Республикасынын │11-берене. Кыргыз Республикасынын │
│ аймагынан │ аймагынан │
│ администрациялык жол │ администрациялык жол │
│ менен чыгарып салуу │ менен чыгарып салуу │
│ │ │
│Качкын статусун жоготкон адамдарды│Качкын статусун жоготкон адамдарды│
│жана Кыргыз Республикасынын │жана Кыргыз Республикасынын │
│аймагындагы качкын деп таануудан │аймагындагы качкын деп таануудан │
│баш тартуу алган адамдарды Кыргыз │баш тартуу алган адамдарды Кыргыз │
│Республикасынын чегинен │Республикасынын чегинен │
│администрациялык жол менен чыгарып│администрациялык жол менен чыгарып│
│салуу Кыргыз Республикасынын │салуу Кыргыз Республикасынын │
│мыйзамдарында белгиленген тартипте│мыйзамдарында белгиленген тартипте│
│жүзөгө ашырылат. │жүзөгө ашырылат. │
│[Качкын деп таануудан баш тартуу │КАЧКЫН ДЕП ТААНУУДАН БАШ ТАРТУУ │
│жөнүндө же качкын статусун жоготуу│ЖӨНҮНДӨ ЖЕ КАЧКЫН СТАТУСУН ЖОГОТУУ│
│тууралу билдирүү алган адам анын │ТУУРАЛУ БИЛДИРҮҮ АЛГАН АДАМ АНЫН │
│расасына, улутуна, динине, │ӨМҮРҮНӨ ЖАНА ЭРКИНДИГИНЕ КОРКУНУЧ │
│жарандыгына, белгилүү бир │ТУУДУРГАН ӨЛКӨГӨ ЖЕ АЛ КЫЙНООГО │
│социалдык топтун мүчөсү болгону же│АЛУУНУН КУРМАНДЫГЫ БОЛУШУ ЖЕ │
│саясий ынанымынын себептери боюнча│АДАМКЕРЧИЛИККЕ ЖАТПАГАН МАМИЛЕГЕ │
│анын өмүрүнө жана эркиндигине │ДУУШАР БОЛУШУ МҮМКҮН БОЛГОН ӨЛКӨГӨ│
│коркунуч туудурган өлкөгө же ал │ЧЫГАРЫП САЛУУГА ЭЧ КАНДАЙ │
│кыйноого алуунун курмандыгы болушу│ШАРТТАРДА ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ. │
│же адамкерчиликке жатпаган │Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө │
│мамилеге дуушар болушу мүмкүн │көрсөтүлгөн адамдарды │
│болгон өлкөгө чыгарып салууга эч │администрациялык жол менен чыгарып│
│кандай шарттарда жол берилбейт.] │салуу боюнча иш-чаралар Кыргыз │
│Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө │Республикасынын мыйзамдарына │
│көрсөтүлгөн адамдарды │ылайык Кыргыз Республикасынын │
│администрациялык жол менен чыгарып│компетенттүү органдары тарабынан │
│салуу боюнча иш-чаралар Кыргыз │жүргүзүлөт. │
│Республикасынын мыйзамдарына │Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө │
│ылайык Кыргыз Республикасынын │көрсөтүлгөн адамдарды Кыргыз │
│компетенттүү органдары тарабынан │Республикасынын чегинен тышкары │
│жүргүзүлөт. │администрациялык жол менен чыгарып│
│Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө │салууга байланышкан чыгымдарды │
│көрсөтүлгөн адамдарды Кыргыз │каржылоо Кыргыз Республикасынын │
│Республикасынын чегинен тышкары │мыйзамдарына ылайык жүзөгө │
│администрациялык жол менен чыгарып│ашырылат. │
│салууга байланышкан чыгымдарды │ │
│каржылоо Кыргыз Республикасынын │ │
│мыйзамдарына ылайык жүзөгө │ │
│ашырылат. │ │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘