Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 токтому менен бекитилген |
Контролдук сатып алууну жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 314 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 111-беренесинин 3-пунктуна ылайык иштелип чыккан.
2. Контролдук сатып алуу салык кызматынын органдары тарабынан сатып алуучуларга чектерди берүүнү контролдоо үчүн гана жүргүзүлөт жана мезгилдүүлүгү чектелбестен ишке ашырылат.
Контролдук сатып алууну жүргүзүүнүн максаты, соода операцияларында же накталай/электрондук акчалар, банктык төлөм карталары жана башка төлөм инструменттери аркылуу жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда контролдук-кассалык машинелерди колдонуу боюнча салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо жагынан ак ниеттүү эмес салык төлөөчүлөрдү айкындоо болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Контролдук сатып алууну жүргүзүү тартиби
3. Контролдук сатып алууну жүргүзүү максатында ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу контролдук сатып алууну жүргүзүү укугуна көрсөтмө (1-тиркеме) кагаз жүзүндө же электрондук формада таризделет. Кагаз жүзүндө таризделген көрсөтмөгө салык органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары кол коюуга жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүүгө тийиш. Электрондук формада таризделген көрсөтмөгө ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында салык органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары тарабынан электрондук колтамга менен кол коюлат (ырасталат) жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт (кагаз жүзүндө басып чыгарылган учурда).
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 314 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Контролдук сатып алуу салык органдары тарабынан конкреттүү ишкердик субъекттери чек басып бербегендиги жөнүндө маалымат, анын ичинде ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу алынган маалыматтарга ылайык жарандардын даттануулары жана арыздары боюнча жүргүзүлөт, ошондой эле субъекттерге салыктык контроль жүргүзүү учурунда ишке ашырылат. Контролдук алууну жүргүзүүдө контролдук сатып алуу актысы (2-тиркеме) кагаз жүзүндө же электрондук формада түзүлөт.
Контролдук сатып алууну ишке ашыруу үчүн салык органдары салыктык контролдун жыйынтыгына кызыкдар болбогон көз каранды эмес адамдарды тарта алышат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 314 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Көрсөтмөдө көрсөтүлгөн салык органынын кызмат адамы же көз каранды эмес адам көрсөтмөдө белгиленген ишкердик субъектинен контролдук сатып алууну (товарды сатып алуу, жумуштарды аткаруу же кызмат көрсөтүү заказы) жүргүзөт.
6. Контролдук сатып алуу аяктаганда салык органынын кызмат адамы товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатууну жүргүзгөн адамга таанышуу үчүн көрсөтмөнү жана кызматтык күбөлүгүн көрсөтөт. Андан кийин сатуучудан (кассирден) контролдук-кассалык машинеден айрылбаган отчетту (Х-отчет) басып берүүнү жана субъект өз ишин жүргүзүүдө аны пайдаланган учурда товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаты аркылуу орто аралык отчетту камтыган документти (мындан ары - документ) басып чыгарууну, инспектордук текшерүүлөр китебин көрсөтүүнү жана кассадагы накталай акчаларды санап чыгууну талап кылуу зарыл (накталай акча каражаттары чарба жүргүзүүчү субъекттин жооптуу адамынын (сатуучу, кассир) өз колу менен саналып чыгылат. Кассадагы накталай акча каражаттардын калдыктарын алууда кассадан урулбаган (отчетко кирбеген) акча каражаттардын факт түрүндөгү суммасын жашырууга жол бербөө үчүн имарат текшерилет.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Андан кийин салык органынын кызмат адамы кассадагы накталай акчалардын калдыктарын (3-тиркеме) алуу актысын 2 нускада түзөт, чет элдик акча болгон учурда кассадагы чет өлкөлүк накталай акча каражаттарды алуу актысы түзүлөт (4-тиркеме), аларда накталай акча каражаттары купюра боюнча жазылат жана текшерүү учурундагы түшкөн акчанын жалпы суммасы сандар жана сөз менен жазылат. 1- (2-)тиркемеге салык органынын кызмат адамынын жана сатуучунун (кассирдин) жана/же ишкердик субъектисинин жетекчисинин колу коюлат. Түшкөн накталай акча суммасы контролдук сатып алуу актысынын 8-пунктунда көрсөтүлөт.
8. Айрылбаган отчет (Х-отчет) жана басып чыгарылган документ контролдук сатып алуу актысына (мындан ары - Акт) тиркелет, айрылбаган отчет боюнча көрсөткүч Актынын 9-пунктунда көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Эгерде түшкөн накталай акчанын суммасы текшерүү учурунан мурдагы күнү касса боюнча урулган суммадан көп болсо, анда ашыкча чыкканы бул контролдук-кассалык машиненин колдонулбагандыгы болуп саналат (башкача айтканда чектердин бардыгы урулбайт), ошону менен Актынын 10-пунктуна ашыкча чыккан сумма (сан жана жазуу менен) деген жазуу жүргүзүлөт, ошону менен бирге сатуучудан (ишкердик субъектисинин кассиринен), жетекчисинен милдеттүү түрдө түшүндүрмө талап кылынат жана ал Актыга тиркелет. Түшүндүрмө берүүдөн баш тартылган учурда, бул туурасында Актыга жазып коюу зарыл.
9-1. Кассадагы акча каражаттарынын ашыкча болуу фактысы ырасталган учурда чарба жүргүзүүчү субъекттин жооптуу адамы же жетекчиси белгиленген ашыкча суммага контролдук-кассалык машина аркылуу чек чыгарууга милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
9-2. Субъект тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаты колдонулган учурда чарба жүргүзүүчү субъекттин жооптуу адамы же жетекчиси салык органынын кызмат адамынын талабы боюнча белгилүү убакыт мезгили үчүн документти басып чыгарууга милдеттүү, ал кагаз жүзүндөгү Актыга тиркелет, ал эми Актыны электрондук формада тариздөөдө фото тартуу жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 314 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9-3. Документтин көрсөткүчтөрү контролдук-кассалык машинанын чегинин көрсөткүчтөрү менен салыштырылат жана алардын ортосундагы көрсөткүчтөр бири-бирине дал келүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
9-4. Эгерде документтин көрсөткүчтөрү контролдук-кассалык машинанын чегинин көрсөткүчүнөн көп болсо, анда айырманын (ашыкчасынын) суммасы контролдук-кассалык машинаны колдонбоону ырастоо болуп саналат. Мында Актынын "Эскертүү" графасында төмөнкүдөй тиешелүү жазуу жазылат: - "калк менен ККМ колдонбостон, бирок документ берүү менен өз ара акчалай эсептешүү фактысы белгиленди" жана чарба жүргүзүүчү субъекттин жооптуу адамынан милдеттүү тартипте аныкталган ылайык келбөө фактысы жөнүндө түшүндүрмө алынат, ал Актыга тиркелет.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Эгерде кассада кем чыгуу аныкталса, анда анын суммасы Актынын 10-пунктунда көрсөтүлөт, ошону менен ошондой эле сатуучудан (ишкердик субъекттин кассиринин) милдеттүү түрдө түшүндүрмө алуу талап кылынат. Контролдук сатып алууларды жүргүзүү фактысы боюнча жеке ишкерде акчанын кем чыгуусу эч кандай укуктук натыйжага алып келбейт, анткени жеке ишкер ага тиешелүү акча каражаттарын каалагандай пайдаланууга укуктуу. Эгерде юридикалык жак же жеке ишкер менен келишим боюнча иштеп жаткан сатуучуда (кассирде) акчанын кем чыккандыгы аныкталса, анда ал жумуш берүүчүнүн алдында жооптуу болот.
11. Кассадагы накталай акча каражаттарынын калдыгы алынгандан кийин (мында касса салык органынын кызмат адамдарынан түшкөн акчанын ашык суммасы касса боюнча эсептелбеген сумма жаап-жашырбасы үчүн дароо текшерилет) контролдук сатып алуу актысынын бардык алгачкы пункттары толтурулат: контролдук сатып алуу күнү, убакыты, салык кызматы органынын кызмат адамдарынын, жеке ишкердин аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы, сатуу жайынын дареги (тейлөө, кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн) аталышы жана дареги, сатуучунун (кассирдин) аты-жөнү, товарларды (кызмат көрсөтүүнүн) сатууну жүргүзгөн адам менен эмгек келишиминин болушу, ИСНи, сатылуучу товарлар (кызмат көрсөтүү) түрү, ККМдин модели жана заводдук номери, КОБдун болушу, сатылып алынган товардын (кызмат көрсөтүүнүн) аталышы, саны, баасы жана суммасы.
12. Салык органынын кызмат адамдары ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасындагы маалыматтарды контролдук-кассалык машиненин маалыматтары менен салыштыруусу зарыл.
Актыда контролдук сатып алууда эсептешүүнүн кандай жүргүзүлгөндүгү көрсөтүлөт:
а) ККМды колдонуу жана сатып алуучунун колуна чек берүү менен;
б) ККМды колдонуу менен, чек урулган, бирок сатып алуучунун колуна берилген эмес;
в) ККМы бар, бирок ал колдонулбай чек урулган жок;
г) ККМды колдонуу менен, бирок сатып алуунун наркынан төмөн суммада чек урулган (чекте урулган сумма көрсөтүлөт);
д) бузук ККМды колдонуу менен;
е) ККМ колдонбостон, бирок товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаты аркылуу басып чыгарылган документти сатып алуучунун колуна берүү менен.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Эгерде тейлөө көрсөтүү жайларында акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык органдарынан каттоо алган квитанциялар, билеттер, талондор жана башка катуу отчеттуулук документтери (КОБ) колдонулса, анда бул учурда актынын 6-пунктуна бул туурасында жазылып анда да колдонулуучу квитанциялардын бланкалары салык органдарында катталгандыгы же катталбагандыгы белгиленет.
Эгерде контролдук сатып алуу учурунда сатып алуучуларга квитанция же башка эсептешүүлөрдө колдонулуучу катуу отчеттуулук бланкалары жазылып берилбесе, колго берилсе же төлөнгөн суммадан төмөн көрсөтүлүп берилсе, бул тууралуу Актынын 7-пунктунда белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Акт түзүүдө сатылуучу товарларга баалыктардын (тейлөө чөйрөсүндө - көрсөтүлүүчү кызматтарга прейскуранттардын, коомдук тамактануу чөйрөсүндө - ар бир тамакка жана суусундуктарга бааны жазуу менен менюнун), ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча контролдук-кассалык чектин талаптарынын зарылдыгы жөнүндө маалыматтардын болушуна да көңүл буруу зарыл. Баалыктардын жана маалыматтардын жоктугу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 110-беренесинин талаптарын бузуу болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Товардык-материалдык баалуулуктар, жумуштарды аткаруу заказы, кызмат көрсөтүү үчүн салык төлөөчү (анын өкүлү) акы төлөөгө алынган акча каражаттарынын суммалары салык органынын контролдук сатып алууну жүргүзгөн кызмат адамдарына кайтарылып берилет. Товардык-материалдык баалуулуктар салык төлөөчүгө (анын өкүлүнө) кайтарылып берилүүгө тийиш.
3-глава. Контролдук сатып алуунун жыйынтыктарын толтуруу
16. Контролдук сатып алуунун актысы 2 нускада кагаз жүзүндө түзүлөт, салык органынын кызмат адамынын жана товарларды (кызмат көрсөтүү) сатууну жүргүзгөн адамдын колу коюлат. Актынын экинчи нускасы товарларды (кызмат көрсөтүүнү) сатууну жүргүзгөн адамга кол койдуруу менен тапшырылат.
Контролдук сатып алуунун актысын электрондук формада түзүүдө бул Актыга салык органынын кызмат адамы жана товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатууну жүргүзгөн адам кол коёт жана бардык тиркемелери менен салык төлөөчүнүн жеке кабинетине же чарба жүргүзүүчү субъекттин жетекчисинин же анын жооптуу адамынын электрондук дарегине жөнөтүлөт.
Эгерде жооптуу адам же жетекчи Контролдук сатып алуунун актысына кол коюудан жана кол коюу менен аны алуудан баш тартса, анда текшерүүчү чарба жүргүзүүчү субъекттин жооптуу адамы же жетекчиси текшерүүчүлөрдүн талаптарын аткарууга милдеттүү экенин жана муну менен катар аныкталган бузуулар үчүн жоопкерчиликти чарба жүргүзүүчү субъект тарта тургандыгын түшүндүрүүсү зарыл. Эгерде мындай учурда да кол коюудан баш тартылса, анда Актыга "кол коюудан баш тартты" деген жазуу жазылып, фото жана видео тартылат, материалдар ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтар базасына жиберилет. Фискалдык эс тутумдун конструкциясы ККМ иштеген учурда да, штаттык приборлорду, жабдууларды жана сарпталуучу материалдарды колдонуу менен техникалык тейлөөдө жана оңдоодо да таасир этүүнүн механикалык, электр магниттик жана башка түрлөрүнөн коргоону караштырууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 314 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Контролдук сатып алууну жүргүзүүдө укук бузуулар аныкталса, чарба жүргүзүүчү субъектинин жооптуу адамынан (сатуучудан, кассирден) милдеттүү түрдө түшүндүрмө кат талап кылынат.
18. Чарба жүргүзүүчү субъекттин жооптуу адамы (сатуучу, кассир) түшүндүрмө берүүдөн жана контролдук сатып алуу Актысына кол коюудан баш тарткан учурда, салык органынын кызмат адамы тарабынан Актыга датасы жана салык органынын жооптуу адамынын коюлган колу көрсөтүлгүн "кол коюудан баш тартты, экинчи нускасы тапшырылды" деген жазуу жазылат.
Актынын экинчи нускасы тапшырылгандан кийин салык органынын кызмат адамы тарабынан инспектордук текшерүү китебине жана кассир-операционисттин китебине контролдук сатып алуунун жыйынтыгы жөнүндө жазуу жазылат.
19. Контролдук сатып алууну жүргүзүүдө укук бузуулар аныкталган учурда, Актынын 11-пунктуда айкындалган укук бузуулардын маани-маңызы боюнча жагдайларды айкындоо жана чара көрүү үчүн, ишкердик субъекти келүүгө тийиш болгон дата, убакыт, салык органы (аталышы, дареги) кабинет (номери), инспектордун аты-жөнү жана адам (кызматкердин аты-жөнү, бөлүмү) көрсөтүлөт, ал өзү алып келе турган документтердин тизмеси көрсөтүлөт.
20. "Эскертүү" графасы контролдук сатып алуу учурунда аныкталган кошумча маалыматтар болгон учурда, ошондой эле салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын чарба жүргүзүүчү субъектинин жетекчиси же жооптуу адамы аткарбай койгон учурда толтурулат.
21. Салык органынын кызмат адамы контролдук сатып алууну жүргүзүүгө киргизилбеген учурда, салык органынын кызмат адамы тарабынан Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 110, 113 жана 117-беренелеринин талаптарына ылайык тоскоолдук көрсөтүү протоколу (5-тиркеме) түзүлөт, анда тоскоолдук көрсөтүүнүн орду жана датасы, протокол түзгөн адамдын кызмат орду жана аты-жөнү, ким тарабынан кандай жол менен тоскоолдук көрсөтүлгөндүгү көрсөтүлөт. Тоскоолдук көрсөтүү протоколу салык органынын кызмат адамы жана чарба жүргүзүү субъекттинин жооптуу адамы же ишканананын жетекчиси тарабынан окулуп чыгылат жана кол коюлат, ошондой эле чарба жүргүзүү субъекттинин жооптуу адамы же жетекчисинен кандай себептен улам тоскоолдук көрсөтүүлгөндүгү боюнча түшүнүк каты алынат.
Чарба жүргүзүү субъектинин кызмат адамы же ишкананын жетекчиси кол коюудан (түшүндүрмө берүүдөн) баш тарткан учурда, салык органынын кызмат адамы 2 адамдан кем эмес калыс күбөнү (күбөлөрдү) чакырат, аларга тоскоолдук көрсөтүүнүн себебин түшүндүрөт жана тоскоолдук көрсөтүү протоколуна алар тарабынан кол коюлат.
Калыс күбөлөр (күбөлөр) жок болгон учурда фото/видеофиксация жүргүзүлөт жана тоскоолдук көрсөтүү протоколунда: "кол коюудан баш тарттым, тоскоолдук көрсөтүү протоколунун экинчи нускасы берилди" деген жазуулар киргизилет, ага күнүн көрсөтүү менен текшерүүчү кол коёт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Актынын биринчи нускасы бардык тиркемелери жана түшүндүрмөлөрү менен салык органынын кызмат адамы тарабынан салык органынын тийиштүү бөлүмүнө каттоо жана аныкталган укук бузуулар боюнча тийиштүү чара көрүү үчүн тапшырылат.
Эгерде ишкердик субъектти башка салык органында катталган болсо, анда контролдук сатып алуу Актысы бардык тиркемелери жана тиешелүү коштолуучу кат менен чара көрүү үчүн катталган орду боюнча салык органына жиберилет.
23. Салык мыйзамдарын бузуулар белгиленгендиги орун алганда, контролдук сатып алууну тескеген бөлүм контролдук сатып алуу Актысынын көчүрмөсүн бардык тиркемелери менен салык төлөөчүлөрдү текшерүү бөлүмүнүн көчмө текшерүүлөрдү талдоо жана пландоо бөлүмүнө (секторуна) салыктарды төлөбөө коркунуч факторлорун талдоо жана баалоо үчүн жиберет.
24. Жүргүзүлгөн контролдук сатып алуунун натыйжалары салык контролун жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 119-беренесине ылайык баалоонун кыйыр методдорун колдонуу максаттарында пайдаланылышы мүмкүн.
|
| Контролдук сатып алуу жүргүзүү тартиби жөнүндө жобосуна № 1 тиркемеси |
Фирмалык бланкада
"__"________ 20__-жыл
Контролдук сатып алуу жүргүзүүгө укук берүүчү КӨРСӨТМӨ № _____
________________________________________________________________________
(көрсөтмө берген салык органынын аталышы)
тапшырат ______________________________________________________________
(кызмат орду, башкармалыктын аталышы,
_______________________________________________________________________
текшерүүчүнүн аты-жөнү жана кызматтык тастыктаманын номери)
контролдук сатып алуу жүргүзүүнү
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
(ишкердик объектинин, субъектинин аталышы жана дареги)
_______________________________________________________________________
(салык мыйзамдарына ылайык контролдук сатып алууну
_____________________________________________________ маселелери боюнча
жүргүзүүнү текшерүүгө жаткан
_______________________________________________________________________
конкреттүү маселелердин тизмеси)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 111-беренесинин негизинде.
Контролдук сатып алуу жүргүзүү мөөнөтү: ____ күн, "_______" тартып "__" ________ 20_-жыл чейин.
Салык органынын жетекчиси | __________ (колу) | ____________________________ (аты-жөнү) |
Эскертүү: Көрсөтмө салык төлөөчүгө тааныштыруу үчүн көрсөтүлөт жана/же анын көчүрмөсү тапшырылат. Көрсөтмөнүн түп нускасында салык төлөөчүнүн көрсөтмө менен таанышкандыгы тууралуу белги коюлат, контролдук сатып алуу актысына тиркелет, ал салык органына тапшырылат.
Көрсөтмөнүн кийинки бети
Көрсөтмө менен тааныштым
№ к/н | Текшерген жана көрсөтмө менен таанышкан күн | Контролдук сатып алуу жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун объектисинин аталышы | Чарба субъектисинин жооптуу адамынын же жетекчисинин аты-жөнү | Чарба субъектисинин жооптуу адамынын же жетекчисинин колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Контролдук сатып алуу жүргүзүү тартиби жөнүндө жобосуна № 2 тиркемеси |
Контролдук сатып алуу АКТЫ
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
"___"_______ 20__-жыл |
| _____________________________________ (шаардын же калктуу пункттун аталышы) |
Контролдук сатып алуу жүргүзүүнүн убактысы ______ саат _____ мүнөт
Акт түзүлдү
_____________________________________________________________________
(СОКнын кызматкерлеринин кызмат орду, аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
______________________ "___"_______ 20__-жыл № ______ көрсөтмөгө ылайык
______________________________________________________________ берилген
(салык органынын аталышы)
__________________________________________________________ катышуусунда
(ишкердик субъектинин кызмат адамдарынын аты-жөнү)
Соода түйүнү (кызмат көрсөтүү, тейлөө чөйрөсү)
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________ таандык
(объекттин аталышы жана дареги)
Каттоо орду _______________________________________________________________
Сатууну жүргүзгөн
_________________________________________________________________________
(сатуучунун, кассирдин аты-жөнү)
Сатууну жүргүзгөн адам менен эмгек келишимин болушу ____________________
Инспектордук текшерүү китебинин болушу _________________________________
КОНТРОЛДУК САТЫП АЛУУНУН НАТЫЙЖАСЫНДА АНЫКТАЛДЫ:
1. Ишмердиктин түрү _____________________________________________________
2. Баалыктардын болушу (прейскуранттардын) _______________________________
_________________________________________________________________________
(баалары жок болгон учурда, кайсы товарларга басы жок экендигин көрсөтүш керек)
2-1. _______________________________ ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча контролдук-кассалык чекти талап кылуу зарылдыгы жөнүндө маалыматтын бар болушу
3. Сатылып алынган товардын (кызмат көрсөтүүнүн) аталышы _________________
4. Сатылып алынган товардын (кызмат көрсөтүүнүн) баасы ___________________
5. Сатылып алынган товардын (кызмат көрсөтүүнүн) саны жана суммасы
_______________________________________________________________________
(Контролдук сатып алуу актынын кийинки бети)
6. ККМдин модели жана заводдук номери (катуу отчеттуулук бланкы - мындан ары КОБ)
_________________________________________________________________________
(ККМдин же КОБдун каттоо орду көрсөтүлөт)
7. Контролдук сатып алууда эсептөө кандай жүргүзүлгөн (аныкталган фактыны белгилегиле):
а) ККМды колдонуу жана сатып алуучунун колуна чек берилүү менен;
б) ККМды колдонуу менен, чек урулду (дүмүрчөк жазылды), бирок сатып алуучунун колуна берилген жок;
в) ККМды колдонбостон, ККМ бар, бирок анда чек урулган жок (дүмүрчөк жазылып берилген жок);
г) ККМды колдонуу менен, чек урулду (дүмүрчөк жазылды), бирок сатып алуу суммасына караганда төмөн суммада
______________________________________________________________________________
(чек уруудагы сумма көрсөтүлөт)
д) бузулган ККМди колдонуу менен;
е) ККМды (КОБду) колдонуусуз, бирок товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуучу программалык каражат аркылуу басып чыгарылган документти сатып алуучунун колуна берүү менен.
8. Контролдук сатып алуу учурунда накталай акча _______________________________
_________________________________________________________________ түздү
(кассадагы накталай акча каражаттарды алуу актына ылайык сан жана жазуу түрүндө)
9. Төлөтүлбөстөн отчет боюнча көрсөткүч (Х-отчет) _________________________________
_______________________________________________________________________________
(сан жана жазуу түрүндө, отчет актка тиркелсин)
9-1. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуучу программалык каражат аркылуу басып чыгарылган ______-ж. "_______"___________ документ боюнча көрсөткүч, сумма
________________________________________________________________________________
(цифра менен жана жазуу түрүндө, документ актыга тиркелет)
10. Аныкталган ашыкчасы (жетишпегени) (8-п. - 9-п.) _________________________________
________________________________________________________________________________
(сан жана жазуу түрүндө, сатуучунун түшүндүрмөсү тиркелсин)
11. Текшерүүчүлөрдүн сунушу: МСКнын _______________ району (шаары) боюнча башкармалыгына 201__-жылдын "___"_________ саат _______ № ______ кабинетке, ______ бөлүмүнүн инспектору ________________________ келсин.
Өзү менен төмөндөгү документтерди алып келүүсү керек: _____________________
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
Эскертүү:
________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
Салык органынын жетекчиси | __________ (колу) | ____________________________ (аты-жөнү) |
|
|
|
Чарба жүргүзүүчү субъекттин кызмат адамы (кассир, сатуучу) | __________ (колу) | ____________________________ (аты-жөнү) |
|
|
|
Ишкананын жетекчиси | __________ (колу) | ____________________________ (аты-жөнү) |
|
|
|
Актынын бир нускасын алдым: | ______________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү, колу, датасы) | |
Эскертүү: контролдук сатып алуу Акты эки нускада түзүлөт: биринчи нускасы - салык органында, экинчи нускасы салык төлөөчүдө калат.
|
| Контролдук сатып алуу жүргүзүү тартиби жөнүндө жобосуна № 3 тиркемеси |
Кассадагы накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу АКТЫ
_________________________________________________________ караштуу
(чарба жүргүзүүчү субъекттин аталышы)
"___"_______ 20__-жыл
№ | Купюралар | Саны | Суммасы |
1 | 2 | 3 | 4 |
1 | 5000 сом |
|
|
2 | 1000 сом |
|
|
3 | 500 сом |
|
|
4 | 200 сом |
|
|
5 | 100 сом |
|
|
6 | 50 сом |
|
|
7 | 20 сом |
|
|
8 | 10 сом |
|
|
9 | 5 сом |
|
|
10 | 3 сом |
|
|
11 | 1 сом |
|
|
12 | 50 тыйын |
|
|
13 | 10 тыйын |
|
|
14 | 1 тыйын |
|
|
15 | Бардыгы: |
|
|
Текшерүү учурунда кассадагы накталай акча каражаттары
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
(сан жана жазуу түрүндө)
___________________________________________________________ сомду түздү
Салык органынын жетекчиси | __________ (колу) | ____________________________ (аты-жөнү) |
|
|
|
Чарба жүргүзүүчү субъекттин кызмат адамы | __________ (колу) | ____________________________ (аты-жөнү) |
|
|
|
Ишкананын жетекчиси | __________ (колу) | ____________________________ (аты-жөнү) |
Эскертүү: Накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу Акты эки нускада түзүлөт: биринчи нускасы - салык органында, экинчи нускасы салык төлөөчүдө калат.
|
| Контролдук сатып алуу жүргүзүү тартиби жөнүндө жобосуна № 4 тиркемеси |
Кассадагы чет өлкөлүк накталай акча каражаттардын калдыктарын алуу АКТЫ
_________________________________________________________ караштуу
(чарба жүргүзүүчү субъекттин аталышы)
"___"_______ 20__-жыл
АКШ доллары |
| Россия рубли |
100 USD х ____ даана = ____ USD 50 USD х _____ даана = ____ USD 20 USD х _____ даана = ____ USD 10 USD x _____ даана = ____ USD 5 USD x ______ даана = ____ USD 1 USD x ______ даана = ____ USD Бардыгы: ___________ АКШ доллары |
| 1000 руб. х __ даана = __ руб. 500 руб. х ___ даана = __ руб. 100 руб. х ___ даана = __ руб. 50 руб. х ____ даана = __ руб. 10 руб. х ____ даана = __ руб. 5 руб. х _____ даана = __ руб. Бардыгы: _________________ руб. |
Казак теңгеси |
| Евро |
10000 х ____ даана = ____ теңге 5000 х _____ даана = ____ теңге 2000 х _____ даана = ____ теңге 1000 х _____ даана = ____ теңге 500 х ______ даана = ____ теңге 200 х ______ даана = ____ теңге 100 х ______ даана = ____ теңге 50 х _______ даана = ____ теңге 20 х _______ даана = ____ теңге 10 х _______ даана = ____ теңге 5 х ________ даана = ____ теңге 1 х ________ даана = ____ теңге Бардыгы: ________________ теңге |
| 500 х _____ даана = ______ EURO 200 х _____ даана = ______ EURO 100 х _____ даана = ______ EURO 50 х ______ даана = ______ EURO 20 х ______ даана = ______ EURO 10 х ______ даана = ______ EURO 5 х _______ даана = ______ EURO 1 х _______ даана = ______ EURO Бардыгы: _________________ EURO |
Другая валюта |
| Өзбек суму |
|
|
|
Салык контролунун учурунда кассадагы накталай акча каражаттары
___________________________________________________________ сомду түздү
(сан жана жазуу түрүндө)
Салык органынын жетекчиси | __________ (колу) | ____________________________ (аты-жөнү) |
|
|
|
Чарба жүргүзүүчү субъекттин кызмат адамы | __________ (колу) | ____________________________ (аты-жөнү) |
|
|
|
Ишкананын жетекчиси | __________ (колу) | ____________________________ (аты-жөнү) |
Эскертүү: накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу Акты эки нускада түзүлөт: биринчи нускасы - салык органында, экинчи нускасы салык төлөөчүдө калат.
|
| Контролдук сатып алуу жүргүзүү тартиби жөнүндө жобосуна № 5 тиркемеси |
Тоскоолдук көрсөтүү ПРОТОКОЛУ
"___"______ 20__-ж. |
| _______________________ (акт түзүү орду) |
________ саатта башталды |
| ______ саатта бүттү |
Протокол _______________________________________________________ түзүлдү
(салык органынын кызматкерлеринин
_______________________________________________________________________
кызмат орду, аты-жөнү)
_________________________________________________ дареги боюнча жайгашкан
(району, көчөсү, номери)
______________________________________________________________ караштуу
(юридикалык жактын аталышы, жеке ишкердин аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(сатуу жайынын (кызмат көрсөтүү жана тейлөө) аталышы)
20__-ж. "__" _________ № _____ көрсөтмөнүн негизинде
___________________________________________________
___________________________________________________ текшерүү жүргүзүүдө
(салык контролунун түрү)
_______________________________________________________________________
(чарба жүргүзүүчү субъекттин жетекчисинин же
_________________________________________________ тоскоолдук көрсөтүлдү
жооптуу адамынын аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(жашоо дареги, жарандыгы, мамлекеттик жана расмий тилдерди билет)
_______________________________________________________________________
Текшерилүүчү объекттин имаратына киргизбөө, салыктык эсептөөлөр үчүн зарыл болгон киреше жана чыгашалардын эсебинин тактыгын жана толуктугун чагылдыруучу экономикалык ишмердүүлүк жүргүзүүгө укук берүүчү уруксат документтерин жана документтерди бербөө жолдору менен киргизбөө
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
Эскертүү:
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
Күбөлөр:
Аты-жөнү ________________________________________ /колу/ ___________
жашаган орду _____________________________________________________
Аты-жөнү ________________________________________ /колу/ ___________
жашаган орду _____________________________________________________
Салык органынын жетекчиси | __________ (колу) | ____________________________ (аты-жөнү) |
|
|
|
Чарба жүргүзүүчү субъекттин кызмат адамы (кассир, сатуучу) | __________ (колу) | ____________________________ (аты-жөнү) |
|
|
|
Актынын бир нускасын алдым: | _________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) | "__"_____20__-ж. |