Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июлундагы № 415 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 токтому менен бекитилген |
Салыктык отчеттордун формаларын толтуруу жана берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Салыктык отчетторду түзүү тартиби
3-глава. Салыктык отчетторду берүү тартиби
4-глава. Салыктык отчетторду толтуруу боюнча бирдиктүү талаптар
5-глава. Салыктык отчетторду өз убагында бербегендиги үчүн салык
төлөөчүлөрдүн жоопкерчилиги
1-глава Жалпы жоболор
1. "Салыктык отчеттордун формаларын толтуруу жана берүү тартиби жөнүндө" ушул Жобо (мындан ары - Жобо), Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 86-беренесине ылайык иштелип чыккан жана салыктардын бардыгы түрлөрү боюнча салыктык отчеттордун формаларын толтуруу боюнча бирдиктүү талаптарды аныктайт.
Ушул жободо пайдаланылган түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.
2-глава Салыктык отчетторду түзүү тартиби
2. Салыктык отчеттор - бул салык төлөөчүнүн салык органына берген кагаз жана электрондук түрүндөгү документи, ал салыктык милдеттенменин өлчөмү жөнүндө, ошондой эле салыктык милдеттенмени эсептөө үчүн зарыл маалыматтарды камтыйт.
3. Салыктык отчеттор аны толтуруунун жана берүүнүн тартибине ылайык бекитилген формада түзүлөт.
4. Салыктардын түрлөрүнө жараша салыктык отчеттор отчеттук салык мезгили үчүн (ай, квартал же жыл) түзүлөт.
5. Салыктык отчеттор салык төлөөчү же салык өкүлү тарабынан кагаз түрүндө жана/же электрондук түрдө түзүлөт.
6. Төмөнкү түзүлгөн салыктык отчеттор:
1) кагаз түрүндөгү отчетко салык төлөөчү же анын кызмат адамы жана /же салык өкүлү тарабынан кол коюлушу керек. Салык төлөөчүнүн же салык төлөөчүнүн кызмат адамынын жана/же салык өкүлүнүн колу, мөөр басылып тастыкталышы керек;
2) электрондук түрдөгү отчет салык төлөөчүнүн электрондук цифралык колу менен тастыкталышы керек.
3-глава Салыктык отчетторду берүү тартиби
7. Салыктык отчеттор администрациялоо жери боюнча салык органына салыктык отчетторду берүү үчүн белгиленген мөөнөттөрдө берилет.
8. Салыктык отчетторун кагаз түрүндө алып келип берүүдө, салыктык отчеттор үч нускада түзүлөт.
1) биринчи нуска - салык төлөөчүнү администрациялаган салык органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жиберилет;
2) экинчи нуска - салык төлөөчүнү администрациялаган салык органында калат;
3) үчүнчү нуска - кабыл алынгандыгы тууралуу белги коюлуп салык төлөөчүгө кайтарылып берилет.
9. Салыктык отчетторду почта аркылуу кабарлоо менен берүүдө, отчет салык органына эки нускада жиберилет:
1) биринчи нуска - салык төлөөчүнү администрациялаган салык органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жиберилет;
2) экинчи нуска - салык төлөөчүнү администрациялаган салык органында калат. Салык төлөөчү почта байланышы аркылуу маалымат алат.
10. Салыктык отчетторду электрондук түрдө берүүдө салык органынын отчетту кабыл алгандыгы тууралуу маалымдоосун салык төлөөчү электрондук почта аркылуу алат.
11. Салык төлөөчү өзгөртүлүп кайра түзүлгөн же жоюлган учурда салыктык отчеттор өзгөртүп кайра түзүү же жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 15 күндүн ичинде берилет.
12. Салык отчетторун түзүүдө анда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик салык төлөөчүгө жүктөлөт.
13. Салык отчеттору салык органы тарабынан алдын ала текшерүүсүз жана салык төлөөчүнүн каалоосу боюнча анын мазмунун талкуулабастан кабыл алынат.
4-глава Салыктык отчетторду толтуруу боюнча бирдиктүү талаптар
14. Салыктык отчеттордун формаларын толтурууда оңдоого, тазалоого жана булгоого уруксат берилбейт.
15. Көрсөткүч жок болсо тийиштүү ячейкага (сап/графа) "0" белгиси коюлат.
16. 001 сабынын ячейкасында "X" белгисин коюу жолу менен салыктык отчеттордун түрү көрсөтүлөт. Салыктык отчеттор отчеттук мезгил үчүн берилсе, "баштапкы" деген ячейкага белги коюлат. Эгер мурда тапшырылган салыктык отчетторго өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилген учурда, "такталган" деген ячейкага белги коюлат.
17. Салыктык отчеттордун 102, 103, 104, 106, 107, 108, 109, 110 жана 111 - саптарында көрсөтүлүүчү маалымат салык төлөөчүнүн Каттоо формасынын (FORM SТI-024) маалыматтарына ылайык келиши керек. Салык төлөөчүнүн мүнөздөмө параметрлери (FORM SТI-025), ишкердик иш жүргүзгөн жеке жактары мамлекеттик каттоо (кайра катоо) тууралуу күбөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан берилүүчү статистикалык каттоо карточкасына ылайык келиши керек.
18. 102-сапта салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт.
19. 103-сапта салык төлөөчүнүн уюштуруу документтерине ылайык келген толук аталышы (аты-жөнү) көрсөтүлөт.
20. 104-сапта салык төлөөчүнү администрациялоочу салык органынын аталышы жана коду көрсөтүлөт.
21. 106-сапта жеке жак үчүн паспорттун сериясы жана номери көрсөтүлөт.
22. 107-сапта салык төлөөчүнүн ОКПО коду көрсөтүлөт.
23. 108 жана 109-саптарда салык төлөөчүнүн почталык индекси жана телефон номери көрсөтүлөт.
24. 110 жана 111-саптарда салык төлөөчүнүн юридикалык адреси көрсөтүлөт.
25. 201-сапта отчет толтурулуучу салык мезгилинин башталган күнү көрсөтүлөт: күнү, айы, жылы. Мисалы, 2010-жылдын 1-январы: 01.01.2010.
26. 202-сапта отчет толтурулуучу салык мезгилинин акыркы күнү көрсөтүлөт: күнү, айы, жылы. Мисалы, 2010-жылдын отуз биринчи январы: 31.01.2010.
27. "Салык тууралуу маалымат" бөлүмүндө салык салуу обЪекти боюнча маалымат, салыктын өлчөмү жана отчеттук салык мезгили үчүн салык боюнча милдеттенмелеринин суммасы аны толтуруу жана берүү тартибине ылайык көрсөтүлөт.
28. "Салык төлөөчү үчүн" бөлүм салык төлөөчү тарабынан толтурулат, ага салык төлөөчүнүн же салык төлөөчүнүн кызмат адамынын жана/же салык өкүлүнүн колу коюлуп, мөөр басылып тастыкталышы керек.
29. 901-сапта салыктык отчеттордо салык органы алган күнү көрсөтүлөт.
30. 902-сапта салыктык отчетторду кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи көрсөтүлөт.
5-глава Салыктык отетторду өз убагында бербегендиги үчүн салык төлөөчүлөрдүн жоопкерчилиги
31. Салык отчетторун берүү мөөнөттөрүн бузуу Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 346 жана 351-беренелеринде каралган кызмат адамдарын жана жарандарды жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.
32. Салык төлөөчү же салык өкүлү, ошондой эле тиешелүү салык органы Салык кодексинде белгиленген салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтү ичинде, б.а. 6 жыл бою салык отчетторун сактоого милдеттүү.