Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 41 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 10-январы № 5

Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, тынчтык жана согуш мезгилинде Жарандык коргонуу жаатындагы маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев