Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-январы № 11
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-б, 1998-ж., № 6, 226-б) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 99-берененин 1-бөлүгүндө:
экинчи абзац "граждандардын талабы" деген сөздөрдөн кийин "жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн негизги суммалары" деген сөздөр менен толукталсын:
бешинчи абзац "бешинчи кезекте-" деген сөздөрдөн кийин "милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн негизги суммаларынан сырткары," деген сөздөр менен толукталсын.
2. 221-берене төмөнкү мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:
"7) милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарын төлөө талаптарына.".
3. 854-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Акча ишеним башкарууга байланыштуу иш-аракет боюнча эсептешүүлөрдө, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда ишкананын же башка мүлктүк комплекстин курамында гана ишеним башкаруунун объекти боло алат.".
4. 1009-берененин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Келтирилген зыян үчүн жооптуу адам мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу системасынын аткаруучу органынын регресстик талабы боюнча камсыздандырылган адамга же анын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөнгөн пенсиялардын суммасын ордун толтурууга милдеттүү.".
5. 1120-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктчасы "эмгек жана" деген сөздөрдөн мурун "топтолуучу пенсиялык фонддордогу пенсиялык топтоолордун каражаттарына укуктарды кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 1166-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Мураскорлор тарабынан талап кылынбаган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтоо каражаттары ээсиз-ээликсиз деп табылбайт. Пенсиялык топтоолордун аталган каражаттарына мыйзамда каралган иш аракеттер колдонулат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 2006-ж., № 4, 392-б.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
225-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Келтирилген зыян үчүн жооптуу иш берүүчү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу системасынын аткаруучу органынын регресстик талабы боюнча камсыздандырылган адамга же анын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөнгөн пенсиялардын суммасын ордун толтурууга милдеттүү.".
3-берене.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-б) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 22-берененин 5-пунктундагы "Жеке камсыздандыруу эсебиндеги" деген сөздөр "Жеке камсыздандыруу эсебинин шарттуу бөлүгүндө эсепке алынган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 32-берененин 1-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1-1. Камсыздандырылган адам каза болгон учурда жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндөгү пенсиялык топтоолору мураскорлорго Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык төлөнөт.
Каза болгон камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндөгү пенсиялык топтоолорунан мураскорлорго пенсиялык төлөмдөрдү берүүнүн мөөнөтү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Каза болгон камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоолорун алууга укуктуу мураскорлору жок болсо мурас ачылган күндөн тартып бир жыл бүткөндөн кийин ал каражаттар Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддо калат.".
3. 33-берененин 3-пунктунда "топтолуучу пенсиялык фонддор иштен чыккан жана бекиткен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен бекитилген" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (2011-жылдын 8-июлундагы № 55 "Эркин-Тоо" гезити) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-берененин 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын башкарууга.".
2. 7-берененин 5-бөлүгүндөгү "Соцфонд тарабынан пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими түзүлгөн башкаруучу компаниялардын өзүнчө эсебине которулат." деген сөздөр "башкаруучу компаниялардын ишеним башкаруусуна өткөрүлүп берилбейт." деген сөздөр алмаштырылсын.
3. 12-берененин 12-бөлүгү күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. 24-беренеде "2012-жылдын 31-декабрына" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 31-декабрына" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 25-берененин 1-бөлүгүндө "2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттарынан сырткары" деген сөздөр жана цифралар "2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунан жана 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунан сырткары" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.
5-берене.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, № 10, 374-б) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
30-берене төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджеттен тышкары фонддорун түзүү маселеси "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.".
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин, бул Мыйзамдан келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышын камсыз кылсын.
Бул Мыйзам 2013-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 5-бөлүгүнөн жана 4-беренесинин 1-бөлүгүнөн башкасы, расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|