Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-январы № 18
Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 432 "Илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги илимий мекемелерди оптималдаштыруунун жана реформалоонун натыйжасында бошогон каражаттардын эсебинен эмгек акы төлөөнүн стимулдаштыруу корун түзүшсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |