Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-июлу № 432
«Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 192 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин ишине дем берүү, потенциалын, чыгармачыл жана кесиптик деңгээлин өнүктүрүү, ишинин сапаты менен натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, эмгек акы төлөөнү реформалоо жана тармактык системасын киргизүү зарылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 1-сентябрынан тартып төмөнкү кызматтык маяналар белгиленсин:
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 192 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине 2-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 192 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин кызматтык маяналарына кошумча төлөөлөр жана үстөктөр Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.
3. Илимий изилдөөлөрдүн эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында 2011-жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкүлөргө тапшырма берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумуна Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын түзүмүнө кирүүчү илимий мекемелерди оптималдаштырууну жана реформалоону ишке ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине «Илим» бөлүмү боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу каржылануучу илимий мекемелерди оптималдаштырууну жана реформалоону ишке ашырууга.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- илимий мекемелерди оптималдаштыруунун жана реформалоонун натыйжасында бошогон каражаттарды дем берүүчү мүнөздөгү эмгек акы төлөөгө жумшашсын;
- Кыргыз Республикасынын илимий мекемелеринде эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү боюнча даярдык көрүү жана маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылышсын;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын илимий мекемелеринин эмгек акы төлөө шарттары жана типтүү штаттары жөнүндө жобону иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргаз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүүгө керектүү акча каражатын караштырсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан «Илим» бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин кызматтык маяналары
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Кызматтык маяналар (сом менен) |
1 | Директор | 9300 |
2 | Директордун орун басары | 8500 |
3 | Кеңешчи | 7500 |
4 | Окумуштуу катчы | 8200 |
5 | Лаборатория башчысы, бөлүм башчы | 7800 |
6 | Башкы илимий кызматкер | 7400 |
7 | Жетектөөчү илимий кызматкер | 7200 |
8 | Улук илимий кызматкер | 7000 |
9 | Илимий кызматкер | 6500 |
10 | Кенже илимий кызматкер | 5900 |
11 | Башкы бухгалтер | 6500 |
12 | Улук бухгалтер | 6200 |
13 | Бухгалтер | 5500 |
14 | Башкы экономист | 6500 |
15 | Экономист | 6000 |
16 | Улук редактор, улук корректор | 6000 |
17 | Техникалык редактор | 5100 |
18 | Корректор | 5100 |
19 | Башкы инженер | 6500 |
20 | Жетектөөчү инженер | 6000 |
21 | 1-категориядагы инженер | 5300 |
22 | 2-категориядагы инженер | 5100 |
23 | Инженер | 5000 |
24 | Патенттик жана ойлоп табуу иштери боюнча инженер | 5200 |
25 | Кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору | 6000 |
26 | Кадр боюнча инспектор | 5500 |
27 | Улук лаборант | 5000 |
28 | Лаборант | 4500 |
29 | Техник | 4000 |
30 | Токойчу | 4000 |
31 | Агроном | 5000 |
32 | Агротехник | 4400 |
33 | Ветврач | 4000 |
34 | Чарба башчысы | 4400 |