Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 17-январы № 20
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статьянын он биринчи абзацындагы "информатизация жана телекоммуникация" деген сөздөр "маалыматтык жана телекоммуникациялык технологиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 14-статьяда:
1-бөлүктөгү "дистанциялык," деген сөз алып салынсын;
2-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"Күндүзгү-сырттан окуу (кечки), сырттан окуу формаларында жана экстернаттык формада алууга тыюу салынган кесиптер менен адистиктердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
3 жана 4-бөлүктөрдөгү "билим берүүсүн мамлекеттик башкаруу борбордук органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 30-статьянын 4-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Жогорку кесиптик билим берүүнүн алкагында сырттан окуу формасын, дистанциялык билим берүү технологияларын пайдаланган билим берүү уюмдарында окугандар Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү кошумча жеңилдиктерди алууга укуктуу.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн укуктук ченемдик актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|