Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-январы № 22
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабры № 829, 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 172, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын маселелери" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 3-декабры № 829 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестринде:
"Кыргыз Республикасынын Наркотиктерди контролдоо боюнча агентствосу" бөлүмүнүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган".
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 172 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-февралындагы № 59 "Баңги заттар жана баңгилик боюнча жашырын эмес маалыматтарды топтоо боюнча республикалык "Дамос" маалымат тармагын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарга контролдук кылуу боюнча агенттиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"3. Саламаттык сактоо, ички иштер, жаза аткаруу, билим берүү жана илим, улуттук коопсуздукту камсыздоо, бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) баңги заттар жана баңгилик боюнча купуя эмес маалымат топтоонун "Дамос" республикалык маалымат тарамын түзүү жана дайыма жаңыртып туруу үчүн баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берүү формасын иштеп чыгышсын жана алар боюнча квартал сайын маалыматтарды берип турушсун";
- 4-пункттагы "директор" деген сөз "жетекчи" деген сөзгө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баңги заттар жана баңгилик боюнча жашырын эмес маалыматтарды топтоо боюнча республикалык "Дамос" маалымат тармагы жөнүндө жободо:
5-пунктта:
биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын баңги заттарга контролдук кылуу боюнча агенттигинин 1-башкармалыгынын маалымат-талдоо борбору" деген сөздөр "баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын штабы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын баңги заттарга контролдук кылуу боюнча агенттиги" деген сөздөр "баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Маалыматтык байланыш адамдары саламаттык сактоо, ички иштер, жаза аткаруу, билим берүү жана илим, мамлекеттик чек араны кайтаруу, бажы иштери, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) жана баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тиешелүү кызматкерлердин ичинен республикалык фокустук адамдын сунушу менен дайындалат.".
8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 22-февралындагы № 72 "Жапайы кара куурайды жок кылуу боюнча адистешкен бригадалар жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 16-декабрындагы № 593 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 13-июлундагы № 266 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 28-августундагы № 545 "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин айрым маселелери жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-сентябрындагы № 583 "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин штаттык саны жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 20-октябрындагы № 661 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баңгизаттарга контролдук кылуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 7-июнундагы № 323 "Эркинен ажыратылгандарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тергөө изоляторлорунда жана камак үйлөрүндө адамдардын суткалык үлүшүнүн нормаларын, алмаштыруу нормаларын, суткалык үлүштүн нормаларын колдонуу жана алмаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 24-ноябрындагы № 853 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-октябрындагы № 731 "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын "Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |