Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-декабры № 829
Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 536, 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470, 2020-жылдын 2-декабрындагы № 591, 2021-жылдын 20-январындагы № 17, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 411, 2023-жылдын 5-декабрындагы № 643 2024-жылдын 31-январындагы № 38, 2024-жылдын 15-майындагы № 248, 2024-жылдын 3-июнундагы № 289, 2024-жылдын 13-июнундагы № 306 , 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 580, 2025-жылдын 5-августундагы № 467, 2025-жылдын 15-октябрындагы № 669 , 2025-жылдын 20-октябрындагы № 683 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызматкерлери атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүгө укуктуу болгон мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 306 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-августундагы № 560 "Аскердик, атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-октябрындагы № 676 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-августундагы № 560 "Аскердик, атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-августундагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы № 738 "Аскердик, атайын жана ведомстволук кийим кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-августундагы № 560 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 20-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 528 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 746 "Аскердик, атайын жана ведомстволук кийим кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-августундагы № 560 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-ноябрындагы № 648 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдери жана айырмалоо белгилери жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлеринин форма кийимдери жана айырмалоо белгилери жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 683 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-августундагы № 560 "Аскердик, атайын жана ведомстволук форма кийимдерди кийип жүрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-августундагы № 560 "Аскердик, атайын жана ведомстволук форма кийимдерди кийип жүрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 15-декабрында № 120 жарыяланды
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Кызматкерлери атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүгө укуктуу болгон мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ТИЗМЕГИ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 536, 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470, 2020-жылдын 2-декабрындагы № 591, 2021-жылдын 20-январындагы № 17, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 411, 2023-жылдын 5-декабрындагы № 643 , 2024-жылдын 31-январындагы № 38, 2024-жылдын 15-майындагы № 248, 2024-жылдын 3-июнундагы № 289, 2024-жылдын 13-июнундагы № 306, 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 580, 2025-жылдын 5-августундагы № 467, 2025-жылдын 15-октябрындагы № 669 , 2025-жылдын 20-октябрындагы № 683 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Атайын форма кийими
Атайын форма кийими - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген форма кийими (аскер кийими) жана кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын наамдар ыйгарылуучу укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарга кызматкерлердин таандыгын аныктай турган айырмалоо белгилери.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинен тышкары).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаменти.
Ведомстволук форма кийими
Ведомстволук форма кийими - бирдей үлгүдө, формада тигилген - материалы, бычылышы, өңү, айырмалоо белгилери боюнча бирдей кийим.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасы.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Автомобиль жана сууда жүрүүчү транспортунун мамлекеттик агенттиги.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо департаменти.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти.
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызмат.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы.