ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 31-январындагы № 43 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы2 № 473»Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 88 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 31-январы № 43

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 88 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 88 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"2. Төмөнкүлөрдө кызматкерлердин штаттык саны этап-этабы менен кыскартылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматында, салыктык администрациялоону автоматташтыруу системасы киргизилгенден кийин, 2014-жылдын 1-январынан баштап - 122 орунга;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматында, Автоматташтырылган бирдиктүү маалымат системасын киргизүүнү эске алуу менен, 2014-жылдын 1-январынан баштап - 127 орунга;

- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияда, айрым функциялар боюнча иш жүргүзүү токтотулганына байланыштуу, 2012-жылдын биринчи жарымынын аягында - 9 орунга;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда, пенсия системасын автоматташтырууга байланыштуу, эки этап менен:

2012-жылдын 1-мартынан баштап - 30 орунга;

2014-жылдын 1-январынан баштап - 121 орунга;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында эки этап менен:

2012-жылдын 1-мартына чейин - 83 орунга;

2013-жылдын 1-мартына чейин - 30 орунга.";

- 3-пунктундагы "2012-жылдын 1-апрелине чейин" деген цифралар жана сөздөр "2014-жылдын 1-январына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-пунктундагы "I жарымындагы" деген цифра жана сөз "2013-жылдын I жарымындагы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев