Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы № 461 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 29-марты № 156

Кыргыз Республикасына импорттолуучу баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттерди бошотуу жөнүндө

"Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды импорттоодо бажылык төлөмдөрдүн түшүүсүн көбөйтүү жана Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Убактылуу, 2013-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасына импорттолуучу баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдар аларда даярдоочу өлкөнүн эн тамгасы, сапат тастыктамасы жана бажы декларациясы болгондо жана тандап сыноо экспертизасын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаментине ар бир партиядан буюмдардын 5 пайызын бергенде апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттер бошотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомду аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев