Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 29-марты № 157
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 "Ата мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 603/46/10 "2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумду (ЭФСМ) ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө" токтому менен бекитилген 2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумду (ЭФСМ) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын жана 2012-жылдын 13-ноябрындагы Кеңейтилген насыя механизминин программасын (ЕСФ) аткаруу боюнча ниеттер жөнүндө катты аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 "Ата мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2, 3-пункттарындагы түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктунун үчүнчү абзацы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына" деген сөздөрдөн кийин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пунктундагы "стратегиялык өнүктүрүү" деген сөздөр "инвестиция" деген сөзгө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдордун жана бюджеттерин мониторингдөө зарыл болгон мамлекеттик ишканалардын тизмеси төмөнкү мазмундагы 11-20-пункттар менен толукталсын:
"
┌──┬──────────────┬─────────────────────────────┬────────────┬────────┐
│11│"Чакан ГЭС" │Электр энергиясын өндүрүү, │ 274,724 │ 100 │
│ │ачык │берүү, бөлүштүрүү жана сатуу │ │ │
│ │акционердик │ │ │ │
│ │коому │ │ │ │
├──┼──────────────┼─────────────────────────────┼────────────┼────────┤
│12│"Кыргызстан" │Жүргүнчүлөрдү авиа ташууну, │ 500,0 │ 100 │
│ │авиакомпанияс-│анын ичинде Кыргыз │ │ │
│ │ы" ачык │Республикасынын жогорку │ │ │
│ │акционердик │кызмат адамдарын ташууну │ │ │
│ │коому │камсыз кылуу │ │ │
├──┼──────────────┼─────────────────────────────┼────────────┼────────┤
│13│"Айдаркен │Алгачкы металл сымабын жана │ 132854,0 │ 99,987 │
│ │сымап │анын бирикмелерин, ошондой │ │ │
│ │комбинаты" │эле, сурьма жана плавик-шпат │ │ │
│ │ачык │концентратын өндүрүү │ │ │
│ │акционердик │ │ │ │
│ │коому │ │ │ │
├──┼──────────────┼─────────────────────────────┼────────────┼────────┤
│14│"Учкун" ачык │Гезит-журнал, китеп, │ 44978,8 │ 77,36 │
│ │акционердик │сүрөт-этикетка продукциясын │ │ │
│ │коому │чыгаруу, полиграфиялык │ │ │
│ │ │кызматтарды көрсөтүү │ │ │
├──┼──────────────┼─────────────────────────────┼────────────┼────────┤
│15│"ЭСК Банкы" │Банк иши │ 844018,0 │ 100 │
│ │ачык │ │ │ │
│ │акционердик │ │ │ │
│ │коому │ │ │ │
├──┼──────────────┼─────────────────────────────┼────────────┼────────┤
│16│"Чыгышэлектр" │Ысык-Көл жана Нарын │ 182706,0 │ 80,49 │
│ │ачык │облустарында керектөөчүлөргө │ │ │
│ │акционердик │электр энергиясын бөлүштүрүү │ │ │
│ │коому │ │ │ │
├──┼──────────────┼─────────────────────────────┼────────────┼────────┤
│17│"Ошэлектр" │Ош жана Баткен облустарында │ 182501,2 │ 80,49 │
│ │ачык │керектөөчүлөргө электр │ │ │
│ │акционердик │энергиясын бөлүштүрүү │ │ │
│ │коому │ │ │ │
├──┼──────────────┼─────────────────────────────┼────────────┼────────┤
│18│"Жалалабадэле-│Жалал-Абад облусунда │ 212618,0 │ 80,49 │
│ │ктр" ачык │керектөөчүлөргө электр │ │ │
│ │акционердик │энергиясын бөлүштүрүү │ │ │
│ │коому │ │ │ │
├──┼──────────────┼─────────────────────────────┼────────────┼────────┤
│19│"Манас" май │Республикага нефти │ 278986,2 │ 100 │
│ │куюу │продуктыларын ташып келүү │ │ │
│ │комплекси" │ │ │ │
│ │мамлекеттик │ │ │ │
│ │ишканасы │ │ │ │
├──┼──────────────┼─────────────────────────────┼────────────┼────────┤
│20│Кыргыз │Почта байланышынын │ 20561,5 │ 100 │
│ │Республикасын-│улуттук оператору │ │ │
│ │ын Транспорт │ │ │ │
│ │жана │ │ │ │
│ │коммуникациял-│ │ │ │
│ │ар │ │ │ │
│ │министрлигинин│ │ │ │
│ │алдындагы │ │ │ │
│ │"Кыргызпочтас-│ │ │ │
│ │ы" мамлекеттик│ │ │ │
│ │ишканасы │ │ │ │
└──┴──────────────┴─────────────────────────────┴────────────┴────────┘
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 24-майында № 42 жарыяланды
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |