Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-октябры № 666
Ата мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык очетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 157, 2013-жылдын 10-июнундагы № 333, 2014-жылдын 17-мартындагы № 138, 2014-жылдын 26-майындагы № 280 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын улуттук банкынын 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 603/46/10 токтому менен бекитилген 2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын 11-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдордун жана финансылык-экономикалык отчетторун мониторингдөө зарыл болгон мамлекеттик ишканалардын тиркелген Тизмеги бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 333, 2014-жылдын 26-майындагы № 280 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Тиркелген Тизмекте көрсөтүлгөн акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдорго жана мамлекеттик ишканаларга төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондго (мындан ары - Фонд) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Фонд тарабынан белгиленүүчү форма боюнча бекитилген бюджеттик маалыматтарды берип туруу;
- Фондго, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине (мындан ары - Финансы министрлиги) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Финансы министрлиги тарабынан белгиленүүчү форма боюнча тышкы карыздар жөнүндө маалымат берип туруу;
- алынуучу зайымдардын шарттарынын жеңилдик чен белгилерине шайкеш келүүсүнө Финансы министрлигинин оң корутундусу болгон учурда жаңы тышкы карыздарды алуу ("ЭСК Банк" ачык акционердик коомун кошпогондо).
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-майындагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)
2-1. Тиркелген Тизмекте көрсөтүлгөн акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдорго жыл сайын, акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өткөрүлгөндөн кийин 30 күндөн кечиктирбестен ушул токтомдун 2-пунктунун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн маалыматты берип туруу сунушталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-майындагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн чарбакер субъекттердин бюджеттерин мониторингдөө боюнча форманы эки күндүн ичинде бекитсин;
- финансылык-экономикалык отчетторун мониторингдөө боюнча аналитикалык материалдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине квартал сайын, отчеттук мезгилден кийин 30 күндөн кечиктирбестен жана жыл сайын, акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өткөрүлгөндөн кийин 30 күндөн кечиктирбестен берип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 157, 2013-жылдын 10-июнундагы № 333, 2014-жылдын 26-майындагы № 280 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнө жана финансылык жана экономикалык саясат бөлүмүнө тапшырылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 токтому менен бекитилген |
Акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдордун жана бюджеттерин мониторингдөө зарыл болгон мамлекеттик ишканалардын ТИЗМЕГИ
КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 29-мартындагы № 157, 2014-жылдын 26-майындагы № 280
токтомунун редакциясына ылайык)
N | Мониторингдин объектисинин аталышы | Мониторингдин объектисинин функциялык коммерциялык иши жөнүндө кыскача маалымат | Баштапкы уставдык капитал (миң сом) | Мамлекеттин үлүштүк катышуусу (пайыз менен) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1 | "Электр станциялары" ачык акционердик коому | Электр жана жылуулук иштеп чыгаруучу корпорация, Кыргыз Республикасынын электр-энергетика тармагынын мурунку монополисти "Кыргызэнерго" акционердик коомун бөлүүнүн натыйжасында 2001-жылы уюштурулган | 4428282,9 | 80,49 |
2 | "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому | Электр өткөрүү системасынын улуттук оператору, 2001-жылы Кыргыз Республикасынын электр-энергетика тармагынын мурунку монополисти "Кыргызэнерго" акционердик коомун бөлүүнүн натыйжасында уюштурулган | 1597377,3 | 80,49 |
3 | "Түндүкэлектр" ачык акционердик коому | Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча электр бөлүштүрүүчү корпорация, 2001-жылы Кыргыз Республикасынын электр-энергетика тармагынын мурунку монополисти "Кыргызэнерго" акционердик коомун бөлүүнүн натыйжасында уюштурулган | 454574,6 | 80,49 |
4 | "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коому | Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүнө жылуулукту борбордоштурулган жылытуу түрүндө бөлүштүрүүчү, ысык суу берүүчү, ошондой эле Бишкек шаарынын жылуулук тармагын эксплуатациялоо, оңдоо жана реконструкциялоо боюнча борбордук оператор | 366841,8 | 80,49 |
5 | "Кыргызгаз" ачык акционердик коому | Табигый жана суюлтулган газды эл аралык транзиттөөчү жана жергиликтүү бөлүштүрүү системасынын улуттук оператору | 307706,5 | 87,97 |
6 | "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коому | Нефтини жана аны иштетүүдөн алынчу продуктуларды, ошондой эле табигый газды улуттук өндүрүүчү | 1040582,0 | 85,16 |
7 | "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому | Улуттук телекоммуникациялык оператор | 620008,6 | 77,84 |
8 | "Кыргызалтын" ачык акционердик коому | Алтын, күмүш жана жезди өндүрүү жана афинаждоо | 964123,9 | 100 |
9 | "Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому | Аба жолдор каттамынын улуттук оператору | 497217,7 | 79,053 |
10 | Кыргыз Республикасы- нын Транспорт жана коммуникация- лар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы | Темир жолдор каттамынын улуттук оператору | 560,7 | 100 |
11 | "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому | Электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу | 274,724 | 100 |
12 | "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коому | Жүргүнчүлөрдү авиа ташууну, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдарын ташууну камсыз кылуу | 500,0 | 100 |
13 | "Айдаркен сымап комбинаты" ачык акционердик коому | Алгачкы металл сымабын жана анын бирикмелерин, ошондой эле, сурьма жана плавик-шпат концентратын өндүрүү | 132854,0 | 99,987 |
14 | "Учкун" ачык акционердик коому | Гезит-журнал, китеп, сүрөт-этикетка продукциясын чыгаруу, полиграфиялык кызматтарды көрсөтүү | 44978,8 | 77,36 |
15 | "ЭСК Банкы" ачык акционердик коому | Банк иши | 844018,0 | 100 |
16 | "Чыгышэлектр" ачык акционердик коому | Ысык-Көл жана Нарын облустарында керектөөчүлөргө электр энергиясын бөлүштүрүү | 182706,0 | 80,49 |
17 | "Ошэлектр" ачык акционердик коому | Ош жана Баткен облустарында керектөөчүлөргө электр энергиясын бөлүштүрүү | 182501,2 | 80,49 |
18 | "Жалалабадэлектр" ачык акционердик коому | Жалал-Абад облусунда керектөөчүлөргө электр энергиясын бөлүштүрүү | 212618,0 | 80,49 |
19 | "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасы | Республикага нефти продуктыларын ташып келүү | 278986,2 | 100 |
20 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы | Почта байланышынын улуттук оператору | 20561,5 | 100 |