Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 29-марты № 159
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 10 "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
2013-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү үчүн республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, мал чарбасын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү жана кайра иштетүү секторун андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 10 "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункттун экинчи абзацы "коммерциялык банктар" деген сөздөрдөн кийин "жана адистештирилген финансылык-насыялык мекемелер" деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорунда:
бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "коммерциялык банктар" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөдө "жана адистештирилген финансылык-насыялык мекемелер" деген сөздөр менен толукталсын;
тогузунчу абзац "банктар" деген сөздөн кийин "жана адистештирилген финансылык-насыялык мекемелер" деген сөздөр менен толукталсын;
"Тобокелдиктер жана коркунучтар" бөлүмүнүн 5-пунктунун төртүнчү абзацы "Банктар" деген сөздөн кийин "жана адистештирилген финансылык-насыялык мекемелер" деген сөздөр менен толукталсын;
"Максаттуу пайдалануу мониторинги" бөлүмүнүн үчүнчү абзацы "алгандан кийин" деген сөздөрдөн кийин "банктын жана адистештирилген финансылык-насыялык мекемелердин" деген сөздөр менен толукталсын;
"Максаттуу пайдалануу мониторинги" бөлүмүнүн төртүнчү абзацындагы "Айыл чарба өндүрүүчүлөрү банкка" деген сөздөрдөн кийин "жана адистештирилген финансылык-насыялык мекемелерге" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 2-апрелинде № 25 жарыяланды
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |