Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 12-январы № 10
"Айыл чарбасын каржылоо" долбоорун бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 29-мартындагы № 159 токтомунун
редакциясына ылайык)
2013-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз учурунда жүргүзүү үчүн республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, мал чарбасын жана айыл чарбасындагы кайра иштетүүчү секторду андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген "Айыл чарбасын каржылоо" долбоору бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн коммерциялык банктар жана адистештирилген финансылык-насыялык мекемелер менен тийиштүү макулдашууларды түзсүн;
- "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорун 2013-жылга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынан 400 млн. сом өлчөмүндө каржылоону камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 159 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 10 токтому менен бекитилген |
"Айыл чарбасын каржылоо" долбоору Долбоорду ишке ашыруунун жалпы схемасы Субсидия эсептери Долбоорду ишке ашыруунун сыпаттамасы Тобокелдиктер жана коркунучтар Максаттуу пайдалануу мониторинги
Республикалык бюджет үчүн "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорунун (мындан ары - долбоор) жалпы наркы 400 млн. сомду түзөт.
Коммерциялык банктарды каржылоонун жыйынды көлөмү - насыялоо мөөнөттөрүнө жараша 3төн 5 млрд. сомго чейин.
Долбоордун максаты: айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди жеткиликтүү жана жеңил насыя каражаттар менен камсыздоо.
Каржылоо булактары: 2013-жылга республикалык бюджет жана коммерциялык банктардын каражаттары.
Долбоорду ишке ашыруунун башталышы: 2013-жылдын январы.
Долбоордун узактыгы: 12-24 ай.
Долбоордун сыпаттамасы. Долбоордун алкагында коммерциялык банктардын финансылык каражаттары жеңил коюм боюнча кайра иштетүү секторун, мал чарбачылыгын жана өсүмдүк өстүрүүчүлүктү өнүктүрүү үчүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 10%дык коюм боюнча жеңил насыяларды жайгаштыруу үчүн 2013-жылдын республикалык бюджеттик каражаттарынан коммерциялык банктарды субсидиялайт.
Долбоорго катышуучу банктар, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө төмөндөгү шарттарда насыя берүүгө милдеттүү:
┌──────────────────────────┬──────────────────────────────────────────┐
│ Максаттуу тармак │ Өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылык жана│
│ │ агроөнөр жайлык кайра иштетүү │
├──────────────────────────┼──────────────────────────────────────────┤
│Насыя суммасы │жалпы каржылоо суммасынын 35%дан кем │
│ │эмеси бир зайым алуучуга 250 миң сомдон │
│ │ашпаган чекте; │
│ │жалпы каржылоо суммасынын 65%дан кем │
│ │эмеси коммерциялык банктардын насыялык │
│ │саясатына ылайык насыялоо суммасын │
│ │чектөөсүз. │
├──────────────────────────┼──────────────────────────────────────────┤
│Акыркы пайыздык коюм │жылдык 10% │
├──────────────────────────┼──────────────────────────────────────────┤
│Насыя мөөнөтү │12-24 ай │
├──────────────────────────┼──────────────────────────────────────────┤
│Жеңилдиктүү мезгил │6 ай негизги суммага │
└──────────────────────────┴──────────────────────────────────────────┘
Долбоорду ишке ашыруунун жалпы схемасы
┌──────────────────┐
│ КР Финансы │
┌─────────────────┤ министрлиги │<─────────────────┐
│ Бюджеттик └──────────────────┘ Текшерүү жөнүндө│
│ тапшырма ^ маалымат │
│ │ │
v Табыштамалар, │ Субсидия берүү │
┌───────────┐ отчеттор │ жөнүндө ┌──────┴─────┐
│ БК │ │ макулдашуу │ КР Улуттук │
│ │ │ │ банкы │
└─────┬─────┘ │ └──────┬─────┘
│ │ │
│ Субсидия v │
│ суммасы ┌──────────────────┐ Көзөмөл│
└────────────────>│ Коммерциялык │<─────────────────┘
│ банктар │
└───┬───────────┬──┘
10% │ │ 10%
насыя │ │ насыя
┌───────────┐ ┌───────────┐
│ Фермерлер │ │ Фермерлер │
└───────────┘ └───────────┘
Субсидия эсептери
Жеңилдиктүү насыяларды берүүдө коммерциялык банктардын операциялык чыгымдарын жана зыяндарын жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан коммерциялык банкты ай сайын насыялоо көлөмүнөн субсидиялоонун төмөндөгүдөй коэффициенттери алынат:
12 ай мөөнөткө насыя берүү үчүн - 7,92%;
24 ай мөөнөткө насыя берүү үчүн - 12,92%.
Субсидия Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан тийиштүү айга насыя берүү көлөмү боюнча коммерциялык банктардын табыштамаларына ылайык ар бир айдын 10-күнүнөн кечиктирилбей берилет.
Долбоорду ишке ашыруунун сыпаттамасы
1. Долбоорго катышууну каалаган коммерциялык банктар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүшөт.
2. Долбоор алкагында субсидиялоо каражаттарын алуу үчүн коммерциялык банк Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тийиштүү айга насыялоо суммасы көрсөтүлгөн субсидиялоого табыштама берет.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан коммерциялык банктардын табыштамаларын эсепке алуу менен тийиштүү айга финансылык план даярдалат. Эсептик коэффициенттерге ылайык аныкталган субсидиялар суммасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички актыларына ылайык 2013-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы тарабынан коммерциялык банктарга которулат, бирок ар бир айдын 10-күнүнөн кечиктирилбейт.
4. Субсидиялоо суммасы которулгандан кийин коммерциялык банктар өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен айыл чарба өндүрүүчүлөрүн төмөндөгү шарттарда насыялайт:
- пайыздык коюм - жылдык 10%;
- каржылоонун жалпы суммасынын 35%дан кем эмеси бир зайым алуучуга 250 миң сомдон ашпаган максималдуу чек менен насыялар түрүндө берилет;
- каржылоонун жалпы суммасынын 65% дан ашык эмеси коммерциялык банктардын насыялар саясатына ылайык айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө насыялоонун суммасы чектөөсүз берилет;
- насыялоо мөөнөтү: 12-24 ай;
- насыя боюнча негизги сумманы жана пайыздарды төлөө насыялык макулдашууга ылайык, бирок 6 ай милдеттүү жеңилдик мезгил берүү менен жүргүзүлөт.
5. Коммерциялык банктардын ишине көзөмөлдүк кылууну Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырат.
6. Долбоор боюнча пайдаланылбаган каражаттардын калдыгын коммерциялык банктар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине которот.
Тобокелдиктер жана коркунучтар:
1. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн каражаттарды максатка ылайык эмес пайдалануу тобокелдиги.
Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн насыялык каражаттарды максатка ылайык эмес пайдалануу тобокелдигин минималдаштыруу коммерциялык банктар тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат.
Максатка ылайык эмес пайдалануу фактысы аныкталганда коммерциялык банктар мөөнөтүнөн мурда тындырууну талап кылууга жана насыя алган күндөн баштап, жылдык 36% өлчөмүндө пайыздык коюмду пайдалануу менен каржылык санкцияны колдонууга укуктуу.
Мындай учурда коммерциялык банк берилген насыянын суммасынын эсептик коэффициенттерин эске алуу менен субсидияны (каражатты) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарып берүүгө милдеттенет.
2. Коммерциялык банктардын каражатты максатка ылайык эмес пайдалануу тобокелдиги.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгиленген тартипте субсидиянын максаттуу пайдаланылышы боюнча банк ишине көзөмөлдүктү ишке ашырат.
Коммерциялык банктар ай сайын долбоорго ылайык жайгаштырылган насыялардын көлөмү боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине отчет беришет.
Каражаттарды максатка ылайык эмес пайдалануу фактысы айкындалганда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги андан ары субсидиялоону токтотууга жана субсидия боюнча транш которулган күндөн баштап, жылдык 36% өлчөмүндө пайыздык коюмду колдонуу жолу менен каржы санкциясын белгилөөгө укуктуу.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан милдеттенмени толук эмес аткаруу тобокелдиги.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги долбоордун алкагында ар айдын 10-күнүнөн кечиктирбей субсидиялоонун эсептик коэффициенттерине ылайык коммерциялык банктарга 2013-жылга республикалык бюджеттен каражат которот.
4. Кредиттик каражаттарды толук эмес пайдалануу тобокелдиги.
Күрөөнүн жоктугу каражат бөлүүдөн баш тартууга алып келиши мүмкүн; ошондуктан, мүмкүн болгон зайым алуучулардын санынын тартыштыгы пайда болушу мүмкүн, ал жалпысынан коммерциялык банктардын насыя берүүсүнүн жалпы суммасына таасирин тийгизиши мүмкүн.
Ошондой эле коммерциялык банктарды мүмкүн болушунча көп тартуу үчүн долбоордун катышуучуларынын саны чектелбейт. Долбоорго ылайык 2013-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде долбоорду ишке ашыруу үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенттерин эске алуу менен каралган 400 млн. сом өлчөмүндөгү насыялоонун жалпы көлөмү гана чектелет.
Коммерциялык банктар фермер, дыйкан чарбаларынын жана кооперативдердин мүчөлөрүн тобу менен насыялоо механизмдерин пайдаланууга укуктуу.
5. Коммерциялык банктардын насыялык каражаттарды адилетсиз бөлүштүрүү тобокелдиги.
Бул тобокелдикти минималдаштыруу жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн максималдуу камтуу максатында жалпы насыялоонун суммасынын 35%дан кем эмеси ар бир зайым алуучуга белгиленген 250 миң сом чекке ылайык берилет.
Бул ченем облустар боюнча квартал ичинде берилген насыялардын көлөмүнө тиешелүү. Райондор, жергиликтүү өз алдынча башкаруулар боюнча бул региондогу калктын санын, айыл чарбасын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн, ж.б. эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн ченемден четтөөгө жол берилет.
Насыялоонун суммасынын максималдуу чеги гана белгиленет. Банктар белгиленген чектен ашпаган насыяларды гана берүүгө укуктуу.
6. Жаратылыш алааматтар коркунучу.
Жаратылыш алааматтар тобокелдиги пайда болгон учурда коммерциялык банктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз алдынча чара көрөт.
Максаттуу пайдалануу мониторинги
Насыяны максаттуу пайдалануу мониторинги коммерциялык банктар тарабынан төмөндөгүдөй түрдө жүргүзүлөт:
- айыл чарба өндүрүүчүлөрү насыя алган учурдан баштап, 1 айдын ичинде максаттуу пайдалануу жөнүндө документтүү ырастоолорду (контракттарды/келишимдерди, сертификаттарды, эсеп-кысап - фактураларын жана/же коштомо кагаздарды, төлөгөндүгү тууралуу төлөм документтерди жана башкаларды) тиркеме түрүндө отчет берүүгө тийиш;
- кийинки үч айдын ичинде зайым алуучудан насыяны максаттуу пайдалануу жөнүндө отчетту алгандан кийин банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлери жерине баруу менен мониторинг жүргүзөт, ал текшерүүнүн ички отчету менен таризделет. Насыя максатсыз пайдаланылган учурларда тиешелүү акт түзүлүүгө жана бул насыя боюнча пайыздык коюм 36%га чейин көтөрүлүүгө тийиш.
Айыл чарба өндүрүүчүлөрү банкка насыянын максатка ылайык пайдаланылгандыгын ырастаган төмөндөгүдөй документтерди берүүгө милдеттүү:
- контракттардын/келишимдердин жана/же эсеп-кысап фактураларынын, коштомо кагаздарды жана айыл чарба багытындагы товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алуусу, анын ичинде: биологиялык активдерди, айыл чарба азыктарын, үрөн, минералдык жер семирткичтерди, күйүүчү-майлоочу материалдарды жана айыл чарба техникалары үчүн запастык бөлүктөрдү сатып алгандыгы үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө, кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөгөндүгүн (каражатты пайдалангандыгы жөнүндө отчет менен бирге берилүүгө тийиш) ырастоочу төлөм документтеринин көчүрмөлөрүн;
өзгөчө учурларда:
- насыя алуу менен агротехникалык иш-чараларды жүргүзүүнүн оңтойлуу мезгили ортосунда мөөнөттөр туура келбеген учурда, насыя берилген күнгө чейин эки ай мурда эмес таризделген датадагы актоо документтерин кабыл алууга жол берилет;
- үрөндү, минералдык жер семирткичтерди, күйүүчү-майлоочу материалдарды жана айыл чарба техникаларына запастык бөлүктөрдү сатуу-сатып алуу бүтүмдөрү, ошондой эле жеке жактын статусуна ээ адамдар ортосунда техниканын кызмат көрсөтүүсү боюнча бүтүм жасалган учурда айыл аймагынын айыл өкмөтү күбөлөндүргөн, сатуучунун акча каражаттарын алгандыгы жөнүндө тил каты милдеттүү тиркелген, тил катка паспорттук маалыматтар, сатылган үрөндүн сорттору же башка продукциянын/кызмат көрсөтүүлөрдүн саны көрсөтүлгөн соода-сатык же кызмат көрсөтүү контракты/келишими актоочу документ болуп эсептелет;
- алыскы айылдардын жашоочулары күйүүчү-майлоочу материалдарды ыйгарым укугу бар адам аркылуу сатып алган учурда - автомай куюучу станциялардын төлөм документтеринин көчүрмөлөрү биргелешип сатып алгандыгын көрсөтүү менен мындай ар бир насыя каражатын пайдалануу тууралуу отчетко тиркелет.