Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 2-апрели № 166
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Рыспаев демилге кылган "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 166 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Рыспаев демилге кылган "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.
Берилген мыйзам долбоору Афганстандагы советтик аскерлердин чектелүү контингентинин чыгарылышынын күнүнө карата 50 эсептик көрсөткүч (беш миң сом) өлчөмүндө жыл сайын жөлөкпул төлөө жолу менен башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин курман болгон катышуучуларынын үй-бүлөлөрүнө кошумча социалдык кепилдиктерди берүү каралган.
Афганстандагы согуштун ардагерлеринин республикалык кеңешинин маалыматы боюнча азыркы учурда 417 адам дүйнөдөн кайткан.
Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин курман болгон катышуучуларынын үй-бүлөлөрүнө жыл сайын төлөөнү каржылоого республикалык бюджеттен болжол менен эки миллиондон ашык сом талап кылынат, ал республиканын бюджетинин тартыштыгынын көбөйүшүнө алып келет, анткени "2013-жылга республикалык бюджет жана 2014-2015-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бул каражаттар каралган эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү калкты социалдык колдоо басымдуу түрдө даректүү негизде жүргүзүлүүгө тийиш, башкача айтканда, акчалай төлөөлөр соңку учурга чейин жасалып келгендей категориялык түрдө эмес, ар бир үй-бүлөнүн муктаждыгын аныктоо менен даректүү гана берилүүгө тийиш деп эсептейт.
Башка мамлекеттердин аймагында согуш аракеттеринен курман болгон катышуучуларынын үй-бүлөлөрү үчүн Афганстандан советтик аскерлердин чектелүү контингентин чыгаруу күнүнө карата жыл сайын төлөмдөрдү киргизүү бүгүнкү күндө Жеңиш күнүн майрамдоого карата жыл сайын бир жолу берилүүчү төлөмдөрдү албаган Улуу Ата Мекендик согуштун (мындан ары УАС) кайтыш болгон катышуучуларынын жана майыптарынын үй-бүлөлөрүнө карата социалдык адилетсиздик болот. Мындай жөлөкпулду УАСтын учурунда курман болгондордун үй-бүлөлөрү алышат.
Афганстандан советтик аскерлердин чектелүү контингентин чыгаруу күнүнө карата кайтыш болгон катышуучулардын үй-бүлөлөрүнө гана жыл сайын жөлөкпулдарды төлөөгө иргеп мамиле кылуу, Афганстандагы согуш аракеттеринин ардагерлеринин башка категорияларына карата да социалдык адилетсиздик болот.
УАСтын катышуучуларынын жесирлеринен айырмаланып, Афганстандагы согуш аракеттеринин катышуучуларынын жесирлеринин көпчүлүгү эмгекке жарамдуу куракта жана алар үчүн мамлекеттик жардамды башка принциптерде (жумушка орноштуруу, чакан насыя берүү, жашы жете элек балдарына багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу) түзүү керектигин белгилей кетүү зарыл.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Рыспаев демилге кылган "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.