Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 5-апрели № 170
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 363 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жарандарын, анын ичинде чет өлкөлүк жарандарды жекече эсепке алуу тутумунда каттоону тартипке келтирүү, ошондой эле камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды натыйжалуу жана укук чегинде колдонуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 363 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому менен бекитилген Жарандарды жекече эсепке алуу системасына каттоонун жана камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берүүнүн тартиби тууралуу нускамага төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-пунктунун биринчи абзацы "арызды" деген сөздөн кийин ", колдонуу мөөнөтү бүтө элек арыз ээсинин ким экендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту, аскер билети, аскер кызматчылары жана аттестациядан өткөн укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн - өздүк ырастама)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-пунктунун биринчи абзацы "коштоочу каты" деген сөздөрдөн кийин "жана арыз ээлеринин ким экендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 17-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөн учурда фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү жөнүндө документтин көчүрмөсүн тиркөө зарыл.";
19-пункту күчүн жоготчу деп табылсын;
- 46-пункт:
"арыздар" деген сөздөн кийин "жана арыз ээсинин ким экендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү" деген сөздөр менен толукталсын;
"органында" деген сөздөрдөн кийин "5 жыл ичинде" деген цифра жана сөздөр менен толукталсын;
47-пункт "тартипте" деген сөздөн кийин ", ошондой эле бөлмөдөн сырттагы депозиттик сейфтерде" деген сөздөр менен толукталсын;
- 51-пункт "өзүнүн суроосу боюнча" деген сөздөрдөн кийин "камсыздандырылган адамдын ким экендигин ырастаган документ же ыйгарым укуктуу адамга берилген нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат көрсөтүлгөн шартта" деген сөздөр менен толукталсын;
- 56-пунктундагы "ошондой эле маалыматтардын эсепке алынышын жана тактыгын камсыздалышын" деген сөздөр "ошондой эле ведомстволук маалыматтык системада уюштурууну, эсепке алууну жана ведомство тарабынан тейленген жарандарды идентификациялоону" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 9-апрелинде № 27 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |