Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 2-декабры № 819
токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 8-апрели № 177
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Аткаруу бийлиги органдарынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин функцияларынын кайталануусун болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:
5-пункттун 1-пунктчасынын үчүнчү-бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасында:
"Аламүдүн райондук № 2 балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби" деген сөздөр жана цифра "Чүй облусунун Аламүдүн районунун № 2 балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби" деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын;
"Чүй райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби" деген сөздөр "Чүй районунун балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Панфилов райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби" деген сөздөр "Чүй облусунун Панфилов районунун балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Жайыл райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби" деген сөздөр "Жайыл балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Жайыл райондук № 2 балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби" деген сөздөр жана цифра "Жайыл № 2 балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби" деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын;
"балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби" деген сөздөрдөн мурда "Тайлак-Баатыр атындагы" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 12-апрелинде № 28 жарыяланды
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |