Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 токтомуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 32, 2014-жылдын 27-августундагы № 486, 2015-жылдын 30-марты № 168 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Агенттиктин максаты
3. Агенттиктин милдеттери
4. Агенттиктин функциялары
5. Агенттиктин укуктары
6. Агенттиктин ишин уюштуруу
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Агенттик) дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет.
2. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана нормаларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Агенттик юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар башка мөөрү, штамптары болот.
2. Агенттиктин максаты
Агенттиктин максаты Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү болуп эсептелет.
3. Агенттиктин милдеттери
4. Агенттиктин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- өлкөнүн калкынын дене тарбия жана спорт менен машыгуусуна шарттарды түзүү жана андан ары өркүндөтүү;
- өлкөнүн эл аралык спорттук кадыр-баркын түзүү жана бекемдөө;
- сергек жашоо ыңгайын пропагандалоо.
4. Агенттиктин функциялары
5. Агенттик төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялары:
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- спорттун улуттук түрлөрү боюнча саясатты ишке ашырат;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын спорт менен машыгуусун өнүктүрүү саясатын иш жүзүнө ашырат;
- аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, республиканын коомдук уюмдары менен бирге дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү укуктук ченемдик актылардын, концепциялардын, стратегиялардын жана программалардын долбоорун иштеп чыгат;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзөт жана аны жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- тикелей инвестицияларды жана гранттарды тартуу менен дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө белгиленген тартипте эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;
2) жөнгө салуу функциялары:
- коомдук спорттук уюмдарды аккредитациялоону жүзөгө ашырат жана алардын реестрин жүргүзөт;
- мамлекеттик спорт мектептерине белгиленген тартипте олимпиядалык резерв статусун ыйгарат;
- мыйзамдарга ылайык республикалык дене тарбия-ден соолук чыңдоочу, спорттук иш-чаралардын, эл аралык мелдештердин жана окутуучу-машыгуучу жыйындардын Бирдиктүү календарлык планын иштеп чыгат жана бекитет;
- Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусунун, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чеберинин ардак наамдарын, квалификациялык судьялык категорияларды ыйгаруу жана ажыратуу жөнүндө жоболорду иштеп чыгат;
- федерациялардын жана таламдаш спорттук уюмдардын сунуштары боюнча Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү спорттук классификациясын иштеп чыгат жана бекитет;
- спорттук иш-чараларды жана спорттун түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдештерди өткөрүү жоболорун иштеп чыгат жана бекитет;
- белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу", "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери" ардак наамдарын ыйгарат жана ажыратат;
- белгиленген тартипте "Улуттук даражадагы калыс", "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" ардак наамдарын ыйгарат жана ажыратат;
- спорттун түрлөрү боюнча резервдерди кабыл алуунун жана келечектүү спортсмендерди даярдоонун планын аныктайт жана бекитет;
- белгиленген тартипте Спорттун түрлөрүнүн жана спорттук сабактардын улуттук реестрин жүргүзөт;
- белгиленген тартипте Дене тарбия жана спорт объекттеринин реестрин жүргүзөт;
- белгиленген тартипте кесиптик педагогикалык жана окуу-машыгуу ишин жүргүзгөн адамдарды каттоого алат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 486 токтомуна ылайык)
3) мониторинг жүргүзүү жана контролдоо функциялары:
- дене тарбия жана спорттун абалына мониторинг жүргүзөт жана баа берет, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү концепция, стратегия, программалардын аткарылышын контролдойт;
- белгиленген тартипте спортто допингдик каражаттарды пайдаланууга каршы иш жүргүзөт;
4) колдоо функциялары:
- спорттук-сыйлоо атрибуттарын иштеп чыгат жана бекитет;
- мыйзамда белгиленген тартипте дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө кадрдык саясатты турмушка ашырат;
- спорттун түрлөрү боюнча окуу-машыктыруу жыйындарын белгиленген тартипте уюштурат жана өткөрөт;
- эл аралык мелдештерге спортсмендердин жана расмий өкүлдөрдүн катышуусун камсыз кылат;
- белгиленген тартипте спорттун түрлөрү боюнча улуттук рекорддорду бекитет;
- спорттун түрлөрү боюнча спорттук резервди, улуттук курама командаларды Дүйнөнүн, Азиянын чемпионаттарына, Олимпиада, Параолимпиада, Сурдолимпияда, Атайын Олимпияда, Азия оюндарына жана башка эл аралык мелдештерге катышууга даярдоо боюнча иш жүргүзөт;
- дене тарбия жана спорт жаатында жарнамалык-маалыматтык иш жүргүзөт;
- бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен дене тарбия жана спорттун материалдык-техникалык базасын өнүктүрөт;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын дене тарбия менен машыгууларга тартуу боюнча иш жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 32 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Агенттиктин укуктары
6. Агенттик төмөнкүлөргө укуктуу:
- аткаруу бийлигинин органдарынан, уюштуруу-укуктук формасына карабастан башка уюмдардан дене тарбия жана спорт маселелери боюнча материалдар менен маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- эл аралык дене тарбиялык-спорттук уюмдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын таламдарын билдирүүгө;
- Агенттиктин карамагындагы уюмдарды белгиленген тартипте өзгөртүп кайра түзүүгө жана жоюуга;
- спортсмендер, машыктыруучулар жана адистер, анын ичинде чет өлкөлүк адистер менен келишимдерди (контракттарды) түзүүгө;
- коомдук спорттук уюмдар, мамлекеттик эмес жана эл аралык уюмдар менен мыйзамда белгиленген тартипте өз ара кызматташуу жөнүндө келишимдерди түзүүгө;
- мелдештердин жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин сыйлоого;
- белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоого;
- аткаруу бийлигинин органдары, илимий мекемелер менен бирдикте дене тарбия жана спортту өнүктүрүү маселелери боюнча жумушчу топторду түзүүгө;
- жергиликтүү кеңештердин чакыруусу менен дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү кызыкчылыктарга тиешелүү маселелер боюнча сессиялардын ишине, туруктуу комиссиялардын жыйындарына катышуу үчүн Агенттиктин өкүлүн жиберүүгө.
6. Агенттиктин ишин уюштуруу
7. Агенттикти Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
8. Директор:
- Агенттиктин ишине жалпы жетекчилик кылат;
- Агенттикке жүктөлгөн милдеттердин жана Агенттиктин функцияларынын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- бекитилген жалпы сандын жана эмгек акы фондунун чегинде Агенттиктин борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитет;
- Агенттиктин карамагындагы аймактык органдардын жана мекемелердин жоболорун, түзүмүн жана штаттык сандарын бекитет;
- мыйзамда белгиленген тартипте борбордук аппараттын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Агенттикте администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды орун которуштурат жана ротациялайт;
- Агенттиктин аймактык органдарынын жетекчилерин мыйзамда белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Агенттиктин карамагындагы мекемелердин жетекчилерин жана башкы бухгалтерлерин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
- Агенттиктин карамагындагы мамлекеттик ишкананын жана мекемелердин аткарышы үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, башка ведомстволук актыларды чыгарат жана өз компетенциясынын чегинде алардын аткарылышын контролдойт;
- дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө акча каражат бөлүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды берет, бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын пайдаланылышын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындоо үчүн "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун кызмат ордуна талапкерди сунуш кылат;
- Агенттиктин "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басарларын жана башкы бухгалтерди кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
- Агенттиктин кызматкерлерине карата сыйлоо жана жаза чараларын колдонот;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен статс-катчыга Агенттиктин компетенциясына кирген айрым функционалдык милдеттерди тапшырат.
9. Агенттикте статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орду уюштурулган.
Статс-катчынын функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзам менен аныкталат.
10. Агенттиктин директорунун орун басары болот, ал Агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Агенттиктин директорунун орун басары ага жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Агенттиктин ишин уюштурат.
11. Агенттикте 9 кишиден турган коллегия түзүлөт.
Директор (төрага), статс-катчы жана директордун орун басары кызматы боюнча коллегия мүчөлөрү болот. Коллегиянын калган мүчөлөрү директордун сунушу боюнча Премьер-министр тарабынан бекитилет. Коллегиянын курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү кирет.
Агенттиктин коллегиясы жөнүндө жобону Агенттиктин директору бекитет.
12. Агенттиктин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында консультативдик-байкоочу орган түрүндөгү, коомдук негизде иштеген коомдук кеңеш түзүлөт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 30-марты № 168 токтомдун редакциясына ылайык)