Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 52 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-февралы № 78
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролу жөнүндө 1325-резолюциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын бекитүү тууралуу
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1325-резолюциясын ишке ашырууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролу жөнүндө 1325-резолюциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Иш-аракеттер планын ишке ашырууну камсыз кылышсын;
- жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун;
- Иш-аракеттер планынын иш-чараларын ишке ашырууну тиешелүү жылга бекитилген бюджеттердин алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүргүзүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына топтомо маалымат берип турсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 78 токтому менен бекитилген |
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролу жөнүндө 1325-резолюциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер ПЛАНЫ
┌───┬─────────────────┬────────────────────┬───────────┬──────────────┐
│№ │ Милдеттер │ Иш-чаралар │Ишке ашыруу│ Жооптуу │
│ │ │ │ мөөнөтү │ аткаруучулар │
├───┴─────────────────┴────────────────────┴───────────┴──────────────┤
│ 1-максат. Чыр-чатактарды алдын алуу боюнча иштерде аялдардын │
│ жана кыздардын укуктарын институттук коргоо тутумун түзүү │
├───┬─────────────────┬────────────────────┬───────────┬──────────────┤
│1.1│Кыргыз │Кыргыз │2013-жылдын│ЖЭИКМ, ЮМ, ЖК │
│ │Республикасынын │Республикасынын │1-кварталы │Коргоо жана │
│ │коопсуздукту │коопсуздукту │ │коопсуздук │
│ │камсыз кылуу │камсыздоо │ │комитети │
│ │чөйрөсүндөгү │чөйрөсүндөгү │ │(макулдашуу │
│ │мыйзамдарын │мыйзамдарына │ │боюнча) │
│ │БУУнун ККнын │экспертиза жүргүзүү │ │ │
│ │аялдар, тынчтык, │максатында │ │ │
│ │коопсуздук │ведомстволор аралык │ │ │
│ │жөнүндө │комиссия түзүү │ │ │
│ │резолюциясынын ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤
│ │талаптарына │Кыргыз │2013-жылдын│ЖК Коргоо жана│
│ │ылайык келтирүү │Республикасынын │2-кварталы │коопсуздук │
│ │ │коопсуздукту │ │комитети │
│ │ │камсыздоо │ │(макулдашуу │
│ │ │чөйрөсүндөгү │ │боюнча) │
│ │ │мыйзамдарын БУУнун │ │ │
│ │ │ККнын аялдар, │ │ │
│ │ │тынчтык, коопсуздук │ │ │
│ │ │жөнүндө │ │ │
│ │ │резолюциясынын │ │ │
│ │ │ченемдерине ылайык │ │ │
│ │ │келтирүү маселелери │ │ │
│ │ │боюнча парламенттик │ │ │
│ │ │угууларды өткөрүү │ │ │
├───┼─────────────────┼────────────────────┼───────────┼──────────────┤
│1.2│Медициналык жана │Сексуалдык │2013-жылдын│ССМ │
│ │психологиялык │зомбулуктан жапа │1-кварталы │ │
│ │жардам көрсөтүү │чеккен аялдарга жана│ │ │
│ │боюнча клиникалык│кыздарга медициналык│ │ │
│ │протоколдорду │жана психологиялык │ │ │
│ │иштеп чыгуу жана │жардам көрсөтүүнүн │ │ │
│ │киргизүү │бардык деңгээлдери │ │ │
│ │ │үчүн клиникалык │ │ │
│ │ │протоколдорду иштеп │ │ │
│ │ │чыгуу жана жайылтуу │ │ │
│ │ ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤
│ │ │Медицина │2013-жылдын│ССМ │
│ │ │кызматкерлерин │2-кварталы │ │
│ │ │клиникалык │ │ │
│ │ │протоколдорду │ │ │
│ │ │колдонуу │ │ │
│ │ │маселелерине үйрөтүү│ │ │
├───┼─────────────────┼────────────────────┼───────────┼──────────────┤
│1.3│Мамлекеттик │Аялдар, тынчтык, │2013-жылдын│ЖК (макулдашуу│
│ │органдардын, │коопсуздук │1-кварталы │боюнча) │
│ │ЖӨБОнун, ЖКУнун │маселелери боюнча │ │ │
│ │жана эл аралык │парламенттик топту │ │ │
│ │уюмдардын өз ара │(комитет) түзүү │ │ │
│ │аракеттенүү ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤
│ │механизмдерин │Чыр-чатактуу │2013-жылдын│КМ, ӨКМ, ИИМ, │
│ │өркүндөтүү │кырдаалдарда аялдар │1-кварталы │ССМ, ЖЭИКМ │
│ │ │менен кыздарды │ │ │
│ │ │зомбулуктан коргоону│ │ │
│ │ │күчөтүү жана аларды │ │ │
│ │ │тынчтык орнотуу │ │ │
│ │ │ишине тартуу │ │ │
│ │ │максатында КМнын, │ │ │
│ │ │ӨКМнын, ИИМдин, │ │ │
│ │ │ССМнын, ЖЭИКМнын │ │ │
│ │ │жана эл аралык │ │ │
│ │ │уюмдардын ортосунда │ │ │
│ │ │меморандум даярдоо │ │ │
│ │ │жана түзүү │ │ │
│ │ ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤
│ │ │Субъекттердин │2013-жылдын│ЖЭИКМ │
│ │ │чектерин │2-кварталы │ │
│ │ │карталаштыруу │ │ │
│ │ │(аткарган │ │ │
│ │ │функциялары жана │ │ │
│ │ │көрсөткөн кызматтары│ │ │
│ │ │көз карашында) │ │ │
├───┴─────────────────┴────────────────────┴───────────┴──────────────┤
│ 2-максат. Коопсуздук, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө │
│ кырдаалдар секторунда, анын ичинде чечимдерди кабыл алуу │
│ деңгээлинде аялдардын ролун күчөтүү │
├───┬─────────────────┬────────────────────┬───────────┬──────────────┤
│2.1│Коопсуздук, │МУККда, КМда, ИИМде,│2013-жылдын│МУК, КМ, ИИМ, │
│ │коргоо, укуктук │ӨКМде кадрдык │2-кварталы │ӨКМ │
│ │тартип жана │иштерге гендердик │ │ │
│ │өзгөчө кырдаалдар│талдоо жүргүзүү │ │ │
│ │секторунда ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤
│ │аялдардын ролун │МУККнын, КМнын, │2013-жыл │МУКК, КМ, ИИМ,│
│ │жана катышуусун │ИИМдин, ӨКМдин аял │ │ӨКМ │
│ │күчөтүү үчүн │кызматкерлери үчүн │ │ │
│ │ыңгайлуу │гендердик │ │ │
│ │шарттарды түзүү │сезгичтикти │ │ │
│ │ │жогорулатуу жана │ │ │
│ │ │зомбулуктун │ │ │
│ │ │курмандыктарына │ │ │
│ │ │жардам көрсөтүү │ │ │
│ │ │көндүмдөрүнө ээ │ │ │
│ │ │болуу боюнча │ │ │
│ │ │окутуучу │ │ │
│ │ │семинарларды өткөрүү│ │ │
├───┼─────────────────┼────────────────────┼───────────┼──────────────┤
│2.2│БУУ миссиясына │БУУнун тынчтык │2013-жылдын│ИИМ, КМ, МУКК │
│ │жиберилүүчү │орнотуучу күчтөрүндө│2-кварталы │ │
│ │тынчтык орнотуучу│аялдардын кызмат │ │ │
│ │аялдардын санын │өтөө мүмкүнчүлүктөрү│ │ │
│ │көбөйтүү жана │жөнүндө кабардар │ │ │
│ │алардын │болууну жогорулатуу │ │ │
│ │потенциалын │максатында │ │ │
│ │жогорулатуу │биргелешкен │ │ │
│ │ │маалыматтык │ │ │
│ │ │өнөктүктү өткөрүү │ │ │
│ │ ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤
│ │ │Аялдар - тынчтык │2013-жылдын│ТИМ, ИИМ, КМ, │
│ │ │орнотуучулар жөнүндө│4-кварталы │МУКК │
│ │ │маалыматтар базасын │ │ │
│ │ │түзүү │ │ │
├───┴─────────────────┴────────────────────┴───────────┴──────────────┤
│ 3-максат. Чыр-чатактуу кырдаалдарда аялдар менен кыздарга │
│ карата зомбулукка келишкис мамиле түзүү │
├───┬─────────────────┬────────────────────┬───────────┬──────────────┤
│3.1│Маалыматтык- │БУУнун ККнын │2013-2014- │ЖӨБО │
│ │агартуучулук │1325-резолюциясы │жылдар │(макулдашуу │
│ │иштер аркылуу │жөнүндө │ │боюнча), │
│ │чыр-чатактуу │маалымдуулукту │ │ЖЭИКМ, ИИМ, │
│ │факторлордун │жогорулатуу боюнча │ │МУКК, ӨКМ │
│ │көбөйүшүн/ │"Аялдар, тынчтык │ │ │
│ │таасирин азайтуу │жана коопсуздук" │ │ │
│ │ │өнөктүгүн өткөрүү │ │ │
│ │ ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤
│ │ │Чыр-чатактуу │2013-2014- │ЖӨБО │
│ │ │кырдаалдарда │жылдар │(макулдашуу │
│ │ │коомчулукта аялдарга│ │боюнча), │
│ │ │жана кыздарга карата│ │ЖЭИКМ, ИИМ, │
│ │ │зомбулукка келишкис │ │МУКК, ӨКМ │
│ │ │мамиле түзүү боюнча │ │ │
│ │ │медиа өнөктүгүн │ │ │
│ │ │өткөрүү │ │ │
│ │ ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤
│ │ │Чыр-чатактуу │2013-2014- │МУКК, ИИМ, ССМ│
│ │ │кырдаалдарда аялдар │жылдар │ │
│ │ │жана кыздарга карата│ │ │
│ │ │зомбулукка келишкис │ │ │
│ │ │мамиле түзүү боюнча │ │ │
│ │ │соттук-медициналык │ │ │
│ │ │эксперттер үчүн күч │ │ │
│ │ │жана укук коргоо │ │ │
│ │ │органдарында │ │ │
│ │ │окутуучу │ │ │
│ │ │семинарларды өткөрүү│ │ │
├───┴─────────────────┴────────────────────┴───────────┴──────────────┤
│ 4-максат. Аялдар жана кыздар үчүн коопсуз │
│ чөйрө түзүү жана аны колдоо │
├───┬─────────────────┬────────────────────┬───────────┬──────────────┤
│4.1│Коопсуз чөйрөнү │Республиканын │2014-жылдын│ЖӨБО │
│ │камсыз кылуу │түштүгүндө жана │1-кварталы │(макулдашуу │
│ │боюнча ЖӨБОнун, │түндүгүндө │ │боюнча), │
│ │мамлекеттик │зомбулуктун │ │ЖЭИКМ, ӨКМ, │
│ │органдардын, │курмандыктары үчүн │ │ССМ │
│ │ЖКУнун иштерин │(бирден) │ │ │
│ │активдештирүү │башпаанек/шелтер │ │ │
│ │ │түзүү │ │ │
│ │ ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤
│ │ │Зомбулуктун │2013-2014- │ЖӨБО │
│ │ │курмандыктарына │жылдар │(макулдашуу │
│ │ │алгачкы жардам │ │боюнча), │
│ │ │көрсөтүү жана аларды│ │ЖЭИКМ, ИИМ, │
│ │ │андан ары │ │ССМ │
│ │ │реабилитациялоо │ │ │
│ │ │боюнча │ │ │
│ │ │апробацияланган │ │ │
│ │ │тутумдун моделдерин │ │ │
│ │ │жергиликтүү │ │ │
│ │ │деңгээлде кеңири │ │ │
│ │ │жайылтуу │ │ │
├───┼─────────────────┼────────────────────┼───────────┼──────────────┤
│4.2│Калкка жана │"Аялдар коопсуз │2013-жылдын│ЖЭИКМ, ЖӨБО │
│ │стейкхолдерлерге │дүйнөдө" веб-сайтын │4-кварталы │(макулдашуу │
│ │маалымат берүү │түзүү, колдоо, │ │боюнча) │
│ │жана аларды │башкаруу │ │ │
│ │окутуу │ │ │ │
│ │ ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤
│ │ │Психикалык │2013-2014- │ССМ │
│ │ │саламаттыкты жана │жылдар │ │
│ │ │сексуалдык │ │ │
│ │ │репродуктивдик │ │ │
│ │ │саламаттыкты сактоо │ │ │
│ │ │маселелери боюнча │ │ │
│ │ │медицина адистери │ │ │
│ │ │жана калк үчүн │ │ │
│ │ │маалыматтык-билим │ │ │
│ │ │берүү материалдарын │ │ │
│ │ │(МБМ) иштеп чыгуу │ │ │
├───┼─────────────────┼────────────────────┼───────────┼──────────────┤
│4.3│Шашылыш чара │Шашылыш учурларда │2013-жылдын│ӨКМ, КМ, МУКК,│
│ │көрүү боюнча │чара көрүү жөнүндө │3-кварталы │ИИМ, ССМ │
│ │ӨКМнын, КМнын, │болгон │ │ │
│ │МУТСКнын, ИИМдин,│номенклатураларга, │ │ │
│ │ССМдин │стандарттарга, │ │ │
│ │иш-аракеттер │жоболорго гендерлик │ │ │
│ │пландарына │экспертиза жүргүзүү │ │ │
│ │комплекстүү ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤
│ │гендерлик │Экспертизанын │2013-жылдын│ӨКМ, КМ, МУКК,│
│ │мамилени киргизүү│жыйынтыгы боюнча │4-кварталы │ИИМ, ССМ │
│ │ │өзгөртүүлөрдү жана │ │ │
│ │ │толуктоолорду │ │ │
│ │ │киргизүү │ │ │
├───┴─────────────────┴────────────────────┴───────────┴──────────────┤
│ 5-максат. Чыр-чатактуу шарттарда аялдарды жана кыздарды коргоону │
│ эске алуу менен чара көрүүчү субъекттердин даярдыгын күчөтүү │
├───┬─────────────────┬────────────────────┬───────────┬──────────────┤
│5.1│Аялдарга зомбулук│Окутуучу │2013-2014- │ӨКМ │
│ │көрсөтүү менен │семинарларды өткөрүү│жылдар │ │
│ │байланышкан ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤
│ │учурларды │ИИМдин │2013-жылдын│ИИМ, ССМ │
│ │документтештирүү-│Академиясынын, │4-кварталы │ │
│ │гө соттук- │КММАнын, КММКДКЖИнин│ │ │
│ │медициналык │окуу программаларына│ │ │
│ │эксперттерди жана│аялдарга зомбулук │ │ │
│ │ИИМдин тергөө │көрсөтүү менен │ │ │
│ │бөлүмдөрүнүн │байланышкан │ │ │
│ │кызматкерлерин │учурларды │ │ │
│ │окутуу │документтештирүү │ │ │
│ │ │тартибин │ │ │
│ │ │регламенттештирүүчү │ │ │
│ │ │маселелерди киргизүү│ │ │
├───┼─────────────────┼────────────────────┼───────────┼──────────────┤
│5.2│Чыр-чатактуу │Соттор үчүн "Аялдар,│2014-жылдын│Жогорку сот │
│ │шарттарда сот │тынчтык жана │2-кварталы │(макулдашуу │
│ │акыйкаты │коопсуздук" окутуу │ │боюнча), ЖЭИКМ│
│ │тутумунун │программасын иштеп │ │ │
│ │даярдыгын камсыз │чыгуу │ │ │
│ │кылуу ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤
│ │ │Соттор үчүн │2013-2014- │Жогорку сот │
│ │ │семинарларды өткөрүү│жылдар │(макулдашуу │
│ │ │ │ │боюнча), ЖЭИКМ│
├───┼─────────────────┼────────────────────┼───────────┼──────────────┤
│5.3│Аялдарга жана │Чыр-чатактуу │2013-жылдын│ССМ, ӨКМ │
│ │кыздарга │шарттарда аялдарга │3-кварталы │ │
│ │психологиялык │жана кыздарга │ │ │
│ │жардам көрсөтүү │шашылыш │ │ │
│ │ │психологиялык жардам│ │ │
│ │ │көрсөтүү боюнча │ │ │
│ │ │мобилдик бригада │ │ │
│ │ │жөнүндө жобонун │ │ │
│ │ │долбоорун иштеп │ │ │
│ │ │чыгуу │ │ │
│ │ ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤
│ │ │Ушул жааттагы │2014-жылдын│ССМ, ӨКМ │
│ │ │адистердин маалымат │1-кварталы │ │
│ │ │базасын түзүү │ │ │
└───┴─────────────────┴────────────────────┴───────────┴──────────────┘
Кыскартуулардын тизмеси:
ЮМ - Юстиция министрлиги
ЖК - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ССМ - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
ЖЭИКМ - Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги
МУКК - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздуктун комитети
КМ - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги
ИИМ - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
ӨКМ - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
ТИМ - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
ЖКУ - Жарандык коом уюму
ЖӨБО - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
БУУ КК - Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши
КММКДКЖИ - Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту
Жогорку сот - Кыргыз Республикасынын Жогорку соту
|
|