Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-февралы № 82
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
"Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына колдоо көрсөтүү, этил спиртин өндүрүү боюнча ар жылдык көрсөткүчтөрдү аткаруу, салык жана башка төлөмдөрүн өз убагында төлөө, ошондой эле спирт өндүрүшүн модернизациялоону жана башка пландуу техникалык иштерди жүргүзүүнү ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Мамлекеттик мүлк министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пункт төмөнкү мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына өзгөчө тартипте 2012-жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайдадан 10 (он) млн. сомду кийин 2013-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберүү менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алыш-бериш эсебине которууга, ал эми пайданын калган бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан бекитилген иш-чаралар планына ылайык ишкананы өнүктүрүүгө жумшоого уруксат берилсин.
"Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине 2014-жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен ушул иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө отчет берсин.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев
|