КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-февралы № 83
Мамлекет жѳнгѳ салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 124 токтомдун редакциясына ылайык)
Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тууралыгына мамлекеттик контролдун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекет жѳнгѳ салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 124 токтомдун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-июлундагы № 445 "Мамлекет башкаруучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, көрсөтүүчү кызматтарына) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-июлундагы № 445 "Мамлекет башкаруучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, көрсөтүүчү кызматтарына) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-октябрындагы № 590 токтому.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик монополияга каршы органына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |