Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 токтому менен бекитилген |
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 124, 2016-жылдын 19-майындагы № 267, 2017-жылдын 20-январындагы № 36 , КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 168, 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Негизги түшүнүктөр
3. Бааларды (тарифтерди) же алардын чектик деңгээлин, рентабелдүүлүк деңгээлин, соода үстөгүнүн чоңдугун белгилөө (макулдашуу) үчүн документтерди (эсептик материалдарды) берүүнүн тартиби
4. Табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоодо чыгымдардын курамы
5. Табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин товарларынын (жумуштарынын, кызмат көрсөтүүлөрүнүн) жөнгө салынуучу түрлөрү боюнча кирешелерин, чыгымдарын жана тартылган активдерин өзүнчө эсепке алуунун тартиби
6. Ушул Жобону бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Бул мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) табигый монополиялардын субъекттерине (Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-1-беренесине ылайык чөйрөлөрдө), ошондой эле товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жүргүзүлүүчү башка чарбакер субъекттерге (мындан ары - субъекттер) жайылтылат.
Жобо мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин чыгымдарын түзүүдө, анын ичинде "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде каралган жөнгө салуу методдорун колдонууда базалык жобо болуп эсептелет. Жөнгө салуу методун белгилөө жана субъекттердин бааларын (тарифтерин) түзүү өзгөчөлүгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча иштелип чыккан жана белгиленген тартипте бекитилген тармактык методикада эске алынат.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 124 , 2017-жылдын 20-январындагы № 36, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Жобо бааларды (тарифтерди) же алардын чектик деңгээлин, соода үстөктөрүнүн чоңдугун белгилөөдө (макулдашууда) продукциянын наркына киргизилүүчү сарптоолордун курамын аныктоодо субъекттер үчүн бирдей мамилени түзүү максатында иштелип чыкты.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Баалар (тарифтер) тармактык өзгөчөлүгүн эске алуу менен ар бир субъект үчүн өзүнчө аныкталган, экономикалык жактан негизделген чыгымдын (иш жүзүндөгү жана/же пландуу) жана пайданын өлчөмүнө жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча жана салык мыйзамдарында каралган салыктарга жараша түзүлөт.
Бул Жобо төмөнкү учурларда колдонулбайт:
- "Баа түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жөнгө салынган социалдык маанилүү товарлардын бааларын аныктоодо;
- мамлекеттик материалдык резервден чыгарылуучу материалдык баалуулуктарга бааларды белгилөөдө.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 36, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
31. Табигый монополиянын субъекттеринин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) жөнгө салууда, табигый монополиянын субъектинин керектүү дүң пайдасын эсептөө үчүн ыйгарым укуктуу орган табигый монополиялар жөнүндө мыйзамдарга ылайык бааларды (тарифтерди) жөнгө салуунун төмөнкүдөй методдорун жана (же) алардын айкалыштарын колдонууга укуктуу:
1) экономикалык негизделген чыгымдардын методу;
2) инвестицияланган капиталдын кирешелүүлүк методу;
3) салыштырып талдоо методу.
Табигый монополиянын субъекттеринин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) жөнгө салуунун тандап алынган методуна карабастан, бааларды (тарифтерди) белгилөөдө төмөнкүдөй шарттар сакталат:
жөнгө салынуучу ишти аткарууга байланыштуу табигый монополиянын субъекттеринин экономикалык негизделген чыгымдарынын ордун толтуруу;
табигый монополиянын субъекттери тарабынан экономикалык негизделген пайданы алуу.
Табигый монополиянын субъекттерине карата жөнгө салуунун методун тандоо жана бааларды (товарларды) жөнгө салуунун дем берүүчү методдоруна өтүү төмөнкүлөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт:
табигый монополиялар субъекттерине чыгымдарды төмөндөтүүгө түрткү берүү;
сатылуучу товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүнүн) ишенимдүүлүгүнүн жана сапатынын деңгээлин эске алуу менен табигый монополиянын субъекттеринин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) коюу;
табигый монополиянын ишинин энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу.
Инвестицияланган капиталдын кирешелүүлүк методун колдонууда табигый монополиянын субъектинин керектүү дүң пайдасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген жөнгө салуунун төмөнкүдөй узак мөөнөттүү параметрлеринин негизинде белгиленет:
операциялык чыгымдардын базалык деңгээли;
инвестицияланган капиталдын базасы;
жүгүртүүдөгү таза капитал;
инвестицияланган капиталдын кайтаруу мөөнөтү;
технологиялык чыгымдардын (жоготуулардын) нормативи;
сатылуучу товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ишенимдүүлүгүнүн жана сапатынын деңгээли.
Баалар (тарифтер) керектүү дүң пайданын негизинде белгиленет, ал жөнгө салуунун узак мөөнөттүү мезгилинин ичинде ишке ашырылуучу ар жылдык оңдоп-түзөтүүнү эске алуу менен аныкталат жана төмөнкүлөрдү камсыздайт;
чыгымдарды (сарптоолорду) жабууну;
инвестицияланган капиталды кайтарууну;
инвестицияланган капиталга киреше алууну.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Баалар (тарифтер) тармактык өзгөчөлүгүн, алардын ишинин масштабдарын, рыноктук конъюнктурасын, орто мөөнөттүү (узак мөөнөттүү) макроэкономикалык жана тармактык болжолдорду, ошондой эле ушул объекттерди баалык (тарифтик) жөнгө салуунун чараларын, анын ичинде керектөөчүнүн (керектөөчүлөрдүн тобунун) Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин каалаганына таандык принциби боюнча белгилениши мүмкүн болбогон дифференцияланган тарифти белгилөө мүмкүндүгүн эске алуу менен коюлушу керек.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул жободо төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
1) калькуляциялоо - экономикалык жактан негизделген бааларды жана тарифтерди аныктоо максатында товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) бирдигинин наркын эсептөө.
Эскертүү: продукциянын наркын калькуляциялоо товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) даярдоого жана сатууга кеткен чыгымдардын туура чагылдырылышын камсыздоо үчүн өткөн мезгилдеги колдонуудагы ченемдерге жана талдоолорго ылайык жүргүзүлөт.
Товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) технологияларына жана мүнөзүнө жараша калькуляциялоонун объекттери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- ишкананын жалпы чыгымдары боюнча же анын айрым түзүмдүк бөлүмдөрүнүн чыгымдары боюнча буюм, анын бөлүгү, бир өңчөй буюмдардын тобу (тапшырык);
- өндүрүштүн жалпы стадиялары боюнча же аны түзгөн айрым процесстер, стадиялар, фазалар боюнча продуктулардын комплекси (же бир продукт);
- жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн белгилүү бир түрүн аткарууга адистешкен ишканаларда жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү;
2) калькуляциянын көрсөткүчтөрү - салыштырма көрсөткүчтөр (иш жүзүндөгү нарк, өткөн мезгилдеги нарк, колдонуудагы нормалар боюнча нарк);
3) пайда - чарбалык иштин финансылык натыйжасынын жалпылоочу көрсөткүчү, ал чарбалык иштен түшкөн пайда менен ал ишке жумшалган чыгымдардын суммасынын ортосундагы айырма катары аныкталат;
4) тикелей чыгымдар - товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) айрым бирдиктерин өндүрүү менен оңой жана так байланыштырылуучу чыгымдар (эмгек акы төлөөгө чыгымдар жана түздөн түз өндүрүштө иштеген жумушчуларды социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр, чийки затка жана негизги материалдарга кеткен чыгымдар);
5) рентабелдүүлүк - чыгымдардын кайтарымынын деңгээлин жана өндүрүш процессинде, товарларды сатуудагы жана кызмат көрсөтүүдөгү каражаттарды пайдалануунун даражасын мүнөздөөчү ишканадагы, бирикмедеги, жалпы тармактагы өндүрүштүн натыйжалуулугунун көрсөткүчү;
6) кыйыр чыгымдар - даяр товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) айрым бирдигине оңой жана так байланыштырууга жана ал бирдиктерге тике киргизүүгө мүмкүн болбогон чыгымдар (эмгек акы, көмөкчү жана администрациялык-башкаруучу кызматкерлерди социалдык камсыздандыруу үчүн чегерүүлөр, энергиянын, суунун, буунун, жабдуулардын амортизациясынын, ижара акысынын чыгымдары).
Эскертүү: кыйыр чыгымдар төмөнкү критерийлердин бири боюнча (пропорциялуу) бөлүштүрүлүшү мүмкүн:
- тикелей материалдык чыгымдар (тикелей чыгымдардын суммасы);
- эмгек сыйымдуулугу;
- алынган шарттуу коэффициент;
- өндүрүлгөн товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) сатык баасы.
Ишкана кыйыр чыгымдарды бөлүштүрүү методикасын өз алдынча аныктайт.
Бул методика бааларды (тарифтерди) белгилөөдө да, иш жүзүндө кеткен чыгымдарды аныктоодо да колдонулат;
7) өздүк нарктын курамынын жана түзүмүнүн көрсөткүчтөрү - калькуляциянын беренелери;
8) тактоо көрсөткүчтөрү - калькуляциянын айрым беренелерин чечмелөө;
9) нарк - кандайдыр бир нерсенин баалуулугунун акчалай түрдө чагылдырылышы же кандайдыр бир нерсеге кеткен чыгымдардын чоңдугу; товарды өндүрүүгө жана ал товарды затташтырууга жумшалуучу коомдук эмгек.
Эскертүү: товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркын калькуляциялоо методдору эмгек предметине таасир этүүчү технология менен шартталат:
- продукциянын бир түрүн чыгаруучу өндүрүштөрдө товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) бирдигин өндүрүүгө кеткен чыгымдар (бүткөрүлбөгөн продукцияга кетүүчү чыгымдардын өзгөрүшүн эске алуу менен же эске албастан) беренелери (же элементтери) боюнча өндүрүүгө жумшалган чыгымдарды жасалган продукциянын санына бөлүү менен аныкталат;
- комплекстүү жана татаал өндүрүштөрдө, мында:
а) бир технологиялык процессте бир эле баштапкы чийки заттан же материалдан бир эле учурда кеңири номенклатурадагы буюмдар, анын ичинде эмгек предметтери иштелип чыкса;
б) бир эле өндүрүштүк ресурстар ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүгө катышса жана тескерисинче ар түрдүү өндүрүштүк түзүмдөр ресурстарын ишке тартуу менен кызмат көрсөтүүлөрдү түзсө;
в) чыгымдарды жокко чыгаруу, чыгымдарды бөлүштүрүү жана комбинацияланган стиль колдонулат;
10) материалдык эмес активдер - физикалык мүнөздөмөгө ээ эмес, бирок патенттер, автордук укуктар, жер тилкелерин пайдаланууга болгон укуктар (лизхолд), фирманын баасы (гудвил), соода маркалары, өзгөчө артыкчылыктар, лицензиялар, формулалар, технологиялар сыяктуу узак мөөнөттүү укуктарды жана артыкчылыктарды субъектке бергендигинен улам белгилүү бир наркты билдирген узак колдонулуучу активдер;
11) өндүрүштөн тышкаркы (коммерциялык) чыгымдар - товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуу менен байланышкан чыгымдар.
12) (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 36 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13) операциялык чыгымдардын базалык деңгээли - жөнгө салуунун узак мөөнөттүү мезгилинин биринчи жылында белгиленген операциялык чыгымдардын деңгээли;
14) экономикалык негизделген чыгымдардын методу - товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрүн сатуудан керектүү дүң пайданы жана товардын (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн) тийиштүү түрүн өндүрүүнүн эсептик көлөмүн эсептөөнүн негизинде тарифтерди түзүүнүн методу;
15) инвестицияланган капиталдын кирешелүүлүк методу - белгиленген мөөнөттө инвестицияланган капиталды кайтарууну жана инвестицияланган капиталга киреше алууну эске алуу менен керектүү дүң пайданы эсептөөнү караштырган узак мөөнөттүү тарифтерди түзүүнүн методу;
16) керектүү дүң пайда - жөнгө салуунун эсептөө мезгилинин ичинде жөнгө салынуучу ишти жүзөгө ашыруу үчүн табигый монополиянын субъектине керектүү финансы каражаттарынын экономикалык негизделген көлөмү. Эгерде табигый монополиянын субъекти үчүн бир нече тарифтер (ставкалар, жыйымдар) белгиленсе жана (же) акыркы тарифтер бир нече сегменттик түзүүчүлөргө ээ болсо, керектүү дүң пайда бир нече тийиштүү түзүүчүлөргө эсептелет (бөлүштүрүлөт);
17) инвестицияланган капиталдын кирешелүүлүк ченеми - инвестицияланган капиталга карата пайыздык катышта чагылдырылган пайда;
18) салыштырып талдоо методу - тарифтерди түзүү методу, ал экономикалык жана техникалык мүнөздөмөлөр боюнча салыштырылуучу, табигый монополиялардын субъекттеринин тобунда табигый монополиянын субъекттеринин ишинин натыйжалуулугун салыштырууну эске алуу менен керектүү дүң пайданы эсептөөнү караштырат.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 124, 2017-жылдын 20-январындагы № 36 токтомдун редакциясына ылайык)
6. Бааларды (тарифтерди) белгилөө (макулдашуу) үчүн маалымат (эсептик материалдар) субъект тарабынан мамлекеттик монополияга каршы органга берилет.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 124 токтомдун редакциясына ылайык)
7. Товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) бааларды (тарифтерди) же алардын чектик деңгээлин, рентабелдүүлүк деңгээлин, соода үстөгүнүн чоңдугун белгилөө (макулдашуу) үчүн субъект төмөндөгү материалдарды берүүсү зарыл:
1) коштомо кат (эркин формада);
2) түшүндүрмө кат (анын ичинде товардын, жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн мүнөздөмөсү);
3) баалардын прейскурантынын долбоору;
4) ишкананын негизги техникалык-экономикалык жана финансылык көрсөткүчтөрү;
5) салык органы тарабынан ырасталган бардык тиркемелери менен баланстык отчет;
6) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 124 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)
7) 7) колдонулуудагы бааларды (тарифтерди) пайдалануунун суммалык жана сандык туюнтмасынын талдоосу;
8) чыгымдардын калькуляциясы;
9) калькуляциялардын көрсөткүчтөрүнүн салыштырма таблицасы (иш жүзүндөгү нарк, өткөн мезгилдин наркы, учурдагы ченемдер боюнча нарк);
10) такташтыруунун көрсөткүчтөрү-ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен чыгымдардын өзүнчө беренелерин чечмелөө (эсеп-фактуралар, келишимдер ж.б.у.с.);
11) коштомо чыгымдарды чечмелөө (коштомо чыгымдардын негиздемеси);
12) баалардын (тарифтердин) деңгээли өзгөргөндөгү себептердин негиздемеси;
13) пайданын (рентабелдүүлүктүн) кабыл алынган көлөмүнүн негиздемеси;
14) инвестициялардын, бизнес-пландардын долбоорлору;
15) тендер түрүндө ишке ашырылган товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу жөнүндө маалымат.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 124, 2017-жылдын 20-январындагы № 36 токтомдун редакциясына ылайык)
8. Эсептик материалдар 1 нускада, ал эми баалардын (тарифтердин) прейскурантынын долбоору кагаз түрүндө жетекчинин жана башкы бухгалтердин колу коюлуп, субъекттин мөөрү басылып 2 нускада, ошондой эле электрондук түрдө берилет.
9. Алынган материалдар мамлекеттик монополияга каршы органдын аткаруучусу тарабынан берилген документтердин толуктугу жана таризделишинин тууралыгы боюнча текшерилет.
10. Бул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн материалдар жок болгон учурда берилген документтер мамлекеттик монополияга каршы орган тарабынан каралбайт. Документтерди кароодон баш тартуу алар мамлекеттик монополияга каршы органга келип түшкөн учурдан тартып 5 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен субъектке жөнөтүлөт жана анда жетишпеген маалыматтардын тизмеси камтылууга тийиш. Мында документтер (эсептик материалдар) субъектке кайтарылып берилбейт.
11. Эсептик материалдарды кароонун жүрүшүндө зарылдыгына карай, баалардын (тарифтердин) жана рентабелдүүлүктүн деңгээлин тактоо жана аныктоо үчүн зарыл болгон, анын ичинде финансылык маалыматтар жана башка документтер кошумча талап кылынышы мүмкүн.
Кошумча маалыматтарды жана документтерди берүүнүн мөөнөтү катты алган күндөн тартып 10 иш күндөн ашпоосу керек
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 124 токтомдун редакциясына ылайык)
12. Кароонун мөөнөттөрү:
1) берилген эсептик материалдар ушул Жобого ылайык бардык эсептик жана маалымдама материалдар толугу менен берилген күндөн тартып, 15 жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө каралат;
2) баалардын (тарифтердин) прейскурантынын долбоорун белгилөө (макулдашуу) мөөнөтү, андагы позициянын саны 20 аталыштан ашып кетсе бардык эсептик жана маалымдама материалдар толук көлөмдө берилген күндөн тартып 25 күнгө чейин белгиленет.
12-1. Эсептөө материалдарын карап чыгуудан кийин ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, керектөөчүлөрдү жана алардын коомдук бирикмелерин, жалпыга маалымдоо каражаттарын, көз карандысыз эксперттерди жана табигый монополиянын субъекттерин чакыруу менен табигый монополиянын субъектинин жөнгө салынуучу товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) баалардын (тарифтердин) долбоорлорун жана анын чектүү деңгээлин ачык талкуулоо жол-жобосун өткөрөт.
Талкуулоо жүргүзүүнүн принциптери:
1) ачыктык;
2) керектөөчүлөрдүн жана табигый монополиянын субъекттеринин кызыкчылыктарынын балансын сактоо.
Ачык талкуулоону жүргүзүүгө чейин ыйгарым укуктуу орган өзүнүн интернет-ресурсунда табигый монополиянын субъекттеринин жөнгө салынуучу товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) керектөөчүлөр үчүн баалардын (тарифтердин) же анын чектүү деңгээлинин күтүлгөн өзгөрүүлөрү жөнүндө маалыматты жайгаштырат.
Коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтар табигый монополиянын субъекти менен макулдашуусуз ачык талкуулоого жарыяланууга тийиш эмес.
Электр энергиясынын тарифтеринин долбоорун коомдук талкуулоо "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Белгиленген (макулдашылган) баалардын (тарифтердин) колдонулуш мезгили (мөөнөтү) ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат жана ал баалары (тарифтери) алгачкы жолу белгиленип (макулдашылып) жаткан товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн 1 жылдан ашпайт. Эгерде ыйгарым укуктуу органдын буйругунда белгиленген (макулдашылган) баалардын (тарифтердин) колдонулуш мезгили (мөөнөтү) көрсөтүлбөсө, алар чыгымдардын өзгөрүүсү жана алардын негиздүүлүгү боюнча чарбакер субъекттердин сунушу боюнча кайра каралганга чейинки мөөнөттө колдонулат.
Ыйгарым укуктуу орган юридикалык жана жеке жактардын кайрылуусу, даттануусу, арыздары болгон учурда, ошондой эле субъекттердин Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамын бузушканы байкалганда ушул Жобого ылайык жөнгө салынуучу товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) бааларды (тарифтерди) өзгөртүүнү демилгелөө укугуна ээ.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 124 токтомдун редакциясына ылайык)
14. Товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркын түзүүчү чыгымдар алардын экономикалык маанисине ылайык төмөнкү элементтер боюнча топтоштурулат:
1) наркты чагылдыруучу чийки заттар жана материалдар:
- товарларды даярдоодо (жумуштарды жасоодо, кызматтарды көрсөтүүдө) чыгарыла турган продукциянын курамына кирүүчү, анын негизин түзүүчү, же зарыл компоненти болгон сатып алынуучу чийки зат жана материалдар;
- нормалдуу технологиялык процессти камсыздоо жана продукцияны таңгактоо үчүн товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү процессинде пайдаланылуучу сатып алынуучу материалдар;
- көмөкчү материалдар (эгерде алар өзүнчө берене менен бөлүнбөсө);
- материалдык ресурстарды ишкананын транспорту жана кызматкерлеринин жеткирүүсү (жүк жүктөө, түшүрүү иштерин кошкондо) өндүрүштүк (эмгек акы төлөө чыгымдары, негизги фонддордун амортизациясы, материалдык чыгымдар ж.б.) чыгымдардын тиешелүү элементтерине киргизилүүгө тийиш;
- материалдык ресурстарды жеткирүүчүлөрдөн алынган таралар жана таңгактоолор, ушул таранын мүмкүн болгон пайдалануу баасын чыгарып салуу менен киргизилет. Бул берене боюнча чыгымдардын курамында өндүрүш процессинде идиштердин урунуп сынуусу гана чагылдырылат. Продукция салынып чыгарылган жүгүртүлүүчү таранын баасы продукцияны орточо баада менен сатуунун акыркы баасына киргизилет.
Эскертүү: товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) бирдигинин наркы товардын (жумуштун кызмат көрсөтүүнүн) ар бир түрү үчүн белгилөө зарыл болгон ченемдерге ылайык аныкталат.
Материалдык ресурстардын наркы аларды сатып алуу баасына жараша (кошумча нарк салыгын кошпостон) жабдуучу тышкы экономикалык уюмдар төлөөчү үстөктөрдү (кошумчаларды), комиссиялык акыларды, брокердик кызматтар менен кошо товардык биржалардын кызматтарынын наркын, бажы алымдарын, башка мекемелердин күчү менен аткарылуучу ташуу, сактоо жана жеткирүү чыгымдарын кошо эсептөө менен аныкталат.
Продукциянын наркына киргизилүүчү материалдык чыгымдардан кайтарылуучу калдыктардын наркы алып салынат;
2) өндүрүштүн кайтарымдуу калдыктары өз ичине чийки заттын, материалдардын жана чала фабрикаттардын өндүрүш процессинде пайда болгон, баштапкы материалдын керектелүүчү касиеттерин толук же айрымдарын жоготкон калдыктарды камтыйт.
Эскертүү: кайтарымдуу калдыктарга материалдык ресурстардын калдыктары жана аныкталган технологияга ылайык товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) башка түрлөрүн жасоо үчүн башка цехтерге, бөлүмдөргө баштапкы материал катары өткөрүлүүчү коштомо продукция киргизилбейт. Калдыктарга ошондой тизмеси тармактык методикалык сунуштарда (нускамаларда) көрсөтүлүүчү коштоочу продукция да киргизилбейт.
Кайтарымдуу калдыктар төмөнкүдөй тартипте бааланат (кайтарымсыз калдыктар бааланбайт):
- эгер калдыктар негизги өндүрүштө пайдаланылышы мүмкүн болсо (көп чыгым жумшалса же даяр продукция аз чыгарылса) же көмөкчү өндүрүштүн муктаждыгына керектөөсүнө же кеңири керектелүүчү буюмдарды жасоого пайдаланылса (маданий-тиричилик багытындагы жана чарба-тиричилик товарлары) баштапкы чийки заттын жана материалдардын төмөндөтүлгөн баасы боюнча (мүмкүн болгон пайдалануу баасы боюнча);
- аларды андан ары дагы кайра иштетүү жана сатуу үчүн белгиленген баа боюнча;
- эгер калдыктар кондициялык чийки зат же толук жарактуу материал катары пайдалануу үчүн четке сатылган учурда баштапкы чийки заттын же материалдардын толук баасы боюнча;
3) төмөндөгүлөрдү камтуучу сатып алынуучу жана комплекттөөчү буюмдар, чала фабрикаттар, бөлөк уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрү:
- ошол ишканада кийин кошумча иштетилүүчү сатылып алынуучу комплекттөөчү буюмдар жана чала фабрикаттар;
- бөлөк ишканалар тарабынан жасалуучу өндүрүштүк мүнөздөгү товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр).
Эскертүү: "Сатып алынуучу жана комплекттөөчү буюмдар, чала фабрикаттар, бөлөк уюмдар көрсөтүүчү кызматтар" деген беренеде технологиялык өзгөчөлүктөр менен шартталган, өзүнчө беренеге бөлүү милдеттүү эмес чыгымдар киргизилиши мүмкүн.
Бул беренени бөлүп көрсөтүүдө ага иштетүү же кураштыруу үчүн кошумча чыгымдар талап кылынган даяр буюмдарды жана чала фабрикаттарды сатып алууга кеткен чыгымдар киргизилет;
4) технологиялык максаттагы отун жана энергия, технологиялык максатта сарпталган отундун бардык түрлөрүн сатып алууга кеткен чыгымдарды көрсөтөт.
Эскертүү: өндүрүшкө жумшалган бир өңчөй отун натуралай өлчөмдөрдө сактоочу кампадагы бекитилген ченемдердин чегинде орточо баа менен бааланат.
Отундун өндүрүштө сарпталышы анын түрүнө жана маркасына карабастан шарттуу отунга айлантып эсептөө менен бирдей өлчөмгө келтирилет. Шарттуу өлчөмдөгү отундун сарпталышы жөнүндө маалыматтар электр жана жылуулук энергияларынын, буунун, ысык суунун өздүк наркын калькуляциялоо үчүн пайдаланылат.
Уурдоолор жана кыянат пайдалануулар болгон учурда чийки заттын жана материалдардын кем чыгуулары өздүк наркка киргизилбейт.
Отканада отундун сарпталышы өздүк наркы боюнча же эгер эсеп пландалган баа менен жүргүзүлсө белгиленген пландалган баалар боюнча чыгышталат.
Сатып алынуучу энергияга чыгымдар белгиленген баалар (тарифтер) боюнча белгиленген ченемдердин негизинде төлөнгөн акыга кеткен чыгымдардан, ошондой эле электр цехтери боюнча чыгымдардан турат.
Энергияны продукциянын түрлөрү боюнча бөлүштүрүү эсептелген ченемдерге пропорциялуу жүргүзүлөт;
5) эмгек акы төмөнкүлөрдү чагылдырат:
- ишкананын негизги өндүрүштүк кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө чыгымдар, анын ичинде жумушчулар менен кызматкерлерге өндүрүштүк натыйжалар үчүн берилген сыйлыктар, түрткү берүүчү жана компенсациялоочу төлөмдөр, анын ичинде баалардын кымбатташына жана кирешелердин мыйзамда каралган ченемдеринин чегинде индекстелишине байланыштуу эмгек акы төлөө боюнча компенсациялар;
- мыйзамдарга ылайык, баланы тийиштүү жашка жеткенге чейин багуу боюнча толук эмес акы төлөнүүчү өргүүдөгү аялдарга мыйзамда белгиленген өлчөмдөрдө төлөнүүчү компенсациялар.
Эмгек акы төлөө чыгымдарынын курамына төмөндөгүлөр кирет:
- ишканада кабыл алынган эмгек акы төлөө формаларына жана системаларына ылайык жасалыш бааларына, тарифтик коюмдарга жана кызматтык маяналарга жараша эсептелген, иш жүзүндө аткарылган жумуш үчүн эмгек акы төлөөлөр;
- өндүрүштүк натыйжалар үчүн берилүүчү сыйлыктар, анын ичинде бир жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча сыйлыктар, кесиптик чеберчилиги, эмгектеги жогорку жетишкендиктери ж.б. үчүн тарифтик коюмдарга жана маяналарга кошумча төлөөлөр;
- иштин режимине жана эмгек шартына байланышкан компенсациялык мүнөздөгү төлөөлөр, анын ичинде түнкүсүн иштегени, иш убактысынан ашыкча иштегени, көп смендүү режимде иштегени үчүн, кесиптерди айкалыштырганы, тейлөө зонасын кеңейткени, эмгектин оор, зыяндуу, өзгөчө зыяндуу шарттарында иштегени үчүн мыйзамдарга ылайык тарифтик коюмдарга жана маяналарга үстөктөр жана кошумча төлөөлөр;
- колдонулуудагы мыйзамдарга ылайык акысыз берилген буюмдардын наркы;
- өзгөртүп уюштурулганына жана кызматкерлердин санынын кыскартылганына байланыштуу уюмдардан жана ишканалардан бошотулган кызматкерлерге төлөөлөр;
- иштеген жылдары үчүн колдонулуудагы мыйзамдарга ылайык бир жолку сыйакылар (ошол чарбада адистиги боюнча иштеген стажысы үчүн кошумчалар);
- колдонулуудагы мыйзамдарга ылайык эмгек акынын райондук жөнгө салынышы менен шартталган төлөөлөр, анын ичинде райондук коэффициенттер жана чөлдүү, суусуз, бийик тоолуу жерлерде иштегендиги үчүн коэффициенттер боюнча төлөөлөр, республиканын эмгек акыга компенсация кошуу каралган жаратылыштык-климаттык шарттары өзгөчөлүү (бийик тоолуу, барууга кыйын, шарты жок, чөлдүү, суусуз, алыс) айрым региондорундагы үзгүлтүксүз иш стажы үчүн кошумчалар;
- кечки жана сырттан окутуучу жогорку жана атайын орто окуу жайларда, кечки (смендүү) кесиптик-техникалык окуу жайларда, кечки (смендүү) жана сырттан окутуучу жалпы билим берүүчү мектептерде ийгиликтүү окуп жаткан жумушчулар менен кызматкерлерге, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, кызматкерлерди окутуу ишкананын керектөөлөрү менен акталган учурларда мамлекеттик монополияга каршы орган менен макулдашуу аркылуу колдонулуудагы мыйзамдарга ылайык окуу өргүүсү үчүн төлөө;
- жумушту вахталык ыкма менен аткарууда ишкана жайгашкан жерден иш ордуна (чогулуу пунктуна) чейин барып-келген күндөр үчүн вахтада иштөөнүн графигинде каралган тарифтик коюмдун, маянанын өлчөмүндө, ошондой эле кызматкерлер метеорологиялык шарттардан улам жолдо кармалган күндөр үчүн төлөнүүчү суммалар;
- мамлекеттик уюмдар менен атайын келишимдерге ылайык ишканада иштөөгө тартылган адамдарга аткарылган иш (жумушчу күчүн бергендиги) үчүн эсептелген, ал адамдарга түздөн-түз берилген, ошондой эле мамлекеттик уюмдарга мыйзамга ылайык которулган суммалар;
- кызматкерлерди квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо системасында иштен ажыратуу менен окутуу учурунда негизги иш орду боюнча төлөнүүчү эмгек акы;
- донор кызматкерлерге текшерүүдөн өткөн, кан тапшырган жана ар бир кан тапшыргандан кийин берилүүчү эс алуу күндөрү үчүн төлөө;
6) социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдер боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарына: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркына "Эмгек акы" беренеси боюнча киргизилүүчү кызматкерлердин эмгек акыларына кеткен чыгымдардан (камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелбөөчү акынын түрлөрүнөн башкалары) милдеттүү чегерүүлөрдү чагылдырат;
7) администрациялык чыгымдар жалпы жетекчиликке байланышкан чыгымдарды билдирет, анын ичинде:
- башкаруучу жана жалпы чарбалык кызматкерлерге кирген кызматкерлерге эмгек акы төлөө;
- мыйзамдарга ылайык социалдык жана медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр;
- администрациялык башкаруу аппаратын, түзүмдүк бөлүмдөрдү тейлөөчү кызматкерлерди кармоо, аларды материалдык-техникалык жана транспорттук тейлөө, анын ичинде кызматтык жеңил автоунааны кармоого чыгымдар. Кызматтык жеңил автоунаанын бирдигинин саны, аны кармоого кеткен сарптоолорду товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) өздүк наркына киргизүү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат;
- башкаруунун техникалык каражаттарын, байланыш түйүндөрүн, сигнализация каражаттарын, эсептөө борборлорун жана башкаруунун өндүрүшкө тиешесиз башка техникалык каражаттарын кармоо жана тейлөө чыгымдары (жалпы чарбалык арналыштагы негизги каражаттардын эскириши, имараттарды, курулмаларды жана жалпы чарбалык арналыштагы шаймандарды кармоо чыгымдары). Имараттарды жана курулмаларды оңдоо боюнча чыгымдар финансылык жылга карата түзүлгөн сметаларга ылайык наркка киргизилет, алар отчеттук мезгилде өздөштүрүлүүгө тийиш;
- банк кызматтарына акы төлөө;
- субъекттин штаттык тизмесинде тигил же бул функционалдык кызматтар каралбаган учурларда жалпы чарбалык башкаруу боюнча башка уюмдар аткарган кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө;
- мыйзамдарга ылайык администрациялык башкаруу кызматкерлеринин иш сапарынын чыгымдары;
- мыйзамдарга ылайык администрациялык башкаруу аппаратынын кызматкерлерин которуштурууда төлөнүүчү компенсациялар;
- ченемдик укуктук актыларда белгиленген кеңсе, басмакана, почта, телеграф жана телефон чыгымдары;
- санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылышын камсыздоо боюнча чыгымдар;
- жумушчу күчтү уюштуруучулук топтоо чыгымдары, кызматкерлерди бошотуудагы компенсациялар;
- жалпы чарбалык багыттагы негизги каражаттарды ижаралоо боюнча чыгымдар;
- мыйзамдарга ылайык мүлккө жана кыймылсыз мүлккө салыктар, жыйымдар жана милдеттүү чегерүүлөр;
- өндүрүштүк эмес кызматкерлерге (башкаруу аппараты ж.б.) мыйзамдарга ылайык иштеген жылдары үчүн төлөнүүчү сыйакылар;
- консультациялык жана маалыматтык кызматтарга акы төлөөлөр, анын ичинде тендердик документтерди сатуудан алынган каражатты эсептен чыгаруу менен тендер өткөрүү чыгымдары. Иштин жөнгө салынуучу түрү менен байланышпаган консультациялык (аудитордук) кызматтарга акы (финансылык иштин жыйынтыгы боюнча) пайданын эсебинен төлөнөт;
- эмгектенүүнүн жакшы шарттарын жана коопсуздук техникасын камсыздоо боюнча чыгымдар: машиналарды жана алардын кыймылдуу бөлүктөрүн, люктарды, тешиктерди, сигнализацияларды, коопсуздук техникасын камсыз кылуучу капиталдык эмес мүнөздөгү түзүлүштөрдүн башка түрлөрүн тосуу жана күтүү; өндүрүштөгү дезинфекциялоочу камераларды, жуунгучтарды, душтарды, мончолорду жана кир жуугуч жайларды куруу жана күтүү (иштегендерге кызматтардын бул түрлөрүн көрсөтүү өндүрүштүн өзгөчөлүгүнө байланыштуу болгон жерлерде);
8) амортизациялык чегерүүлөр баланстык наркка жана бекитилген ченемдерге же эксплуатациялоо мөөнөтүнө жараша негизги каражаттарга жана материалдык эмес активдерге эсептелген амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасын чагылдырат.
Эскертүү: амортизация төмөнкүлөр боюнча эсептелет, алар:
- экономикалык пайда алуу болжолдонгон убакыт мезгили;
- өндүрүлгөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) саны.
Негизги фонддорго кайрадан баалоо жүргүзүү жана тездетилген амортизация Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Негизги каражаттардын объектин сатып алууга кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар сатып алуу баасын, анын ичинде импорттук алымдарды жана сатып алуудагы орду толтурулбас салыктарды, ошондой эле багыты боюнча пайдалануу үчүн активди иш абалына келтирүү боюнча ар кандай тике чыгымдарды камтыйт; ар кандай соода арзандатуулары сатык баасын аныктоодо эсептен чыгарылат. Тике чыгымдарга төмөнкүлөр кирет:
- аянтты даярдоо чыгымдары;
- жеткирүүгө жана түшүрүүгө кеткен баштапкы чыгымдар;
- орнотууга жана башка жөндөө-иштетүү жумуштарына чыгымдар;
- архитекторлордун жана инженерлердин жумушу сыяктуу кесиптик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы;
- демонтаждын болжолдуу наркы;
9) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 124 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)
10) материалдык эмес активдер сатып алынган наркы - алар үчүн төлөнгөн сумма боюнча эсепке алынат.
Эскертүү: патенттерден башка, материалдык эмес активдердин баштапкы наркы алардын баасы кийин баштапкы сатып алуу наркына салыштырганда (соода маркасы, фирма баасы) өссө да өзгөрбөйт.
Патенттин баштапкы наркы патентти коргоо боюнча соттук чыгымдардын суммасына жана ал патенттин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүү үчүн кайра сатып алынган башка атаандаш патенттердин суммасына көбөйөт.
Гудвилдин баштапкы наркы (фирманын баасы) эгерде бул активдер өз-өзүнчө сатып алынса, бардык бул активдердин чыныгы базар баасынын ишкананын сатып алуусунун жогорулатылган наркынын иш жүзүндөгү чоңдугун билдирет. Гудвилдин наркын аныктоонун өзгөчөлүгү ал үчүн активдердин баланстык эмес, базар наркы алынганында болуп эсептелет;
11) цехтик чыгымдарга төмөнкүлөр кирет;
- цехтин башкаруу аппаратынын жана башкаруу аппаратына кирбеген кызматкерлердин эмгек акылары жана социалдык муктаждыктарына чегерүүлөр;
- эмгекти коргоо чыгымдары;
- баалуулугу аз жана тез эскирүүчү буюмдардын эскириши;
- жабдууларды күтүү жана пайдаланууга чыгымдар;
- өндүрүштүк эмес чыгымдар.
Цехтик чыгымдар, эреже катары, товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар кыл түрлөрүнүн ортосунда өндүрүштүк жумушчулардын эмгек акыларынын, жабдууларды күтүү жана эксплуатациялоо чыгымдарынын суммасына жана чийки заттын, материалдардын жана чала фабрикаттардын наркынын негизги чыгымдарысыз суммага пропорциялуу бөлүштүрүлөт.
12) жалпы чарбалык чыгымдар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- заводдун башка жалпы кызматкерлерин кармоого чыгымдар;
- салыктар (орду толтурулбас);
-жыйымдар;
- төлөмдөр (камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү менен кошо);
- фонддорго (резервдерге) чегерүүлөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлүүчү башка милдеттүү чегерүүлөр;
- булгоочу заттарды чыгаргандыгы (төккөндүгү) үчүн төлөмдөр;
- ойлоп табуулар жана рационализатордук сунуштар үчүн акылар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген (негизги каражаттарды жана материалдык эмес активдерди сатып алуу менен байланышкан кредиттерден тышкаркы) коюмдардын чегинде банктардын кредиттери боюнча төлөмдөр жана товардык-материалдык баалуулуктарды (башка ишканалар тарабынан жумуштарды аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрү) сатып алуу үчүн товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) берүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн) кредиттери боюнча пайыздарды төлөөгө чыгымдар;
- продукцияны сертификаттоо боюнча жумуштарга акы төлөө;
- командировкалык чыгымдар;
- кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өлчөмдөрдөгү чыгымдар;
- кызматкерлерди уюшкандыкта алууга чыгымдар;
- негизги өндүрүштүк фонддорду (же алардын айрым бөлүктөрүн) ижаралоо акысы;
- жалпы заводдук лабораторияларда кармоого чыгымдар;
- негизги каражаттарды оңдоого пландаштырылган чыгымдар;
- өндүрүштү кеңейтүү (модернизациялоо, реконструкциялоо) үчүн тажрыйбалык иштетүү үчүн жабдууну сатып алууга жана орнотууга (монтаждоого) алынган кредит (ссуда) үчүн пайыздар;
- амортизациялык чегерүүлөр түрүндө негизги каражаттарды сатып алуу үчүн алынган кредиттер үчүн чарбакер субъект тарабынан колдонулган эсепке алуунун методуна жараша мамлекеттик бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кепилдигинде эсептелбеген же төлөнбөгөн пайыздардын суммасы;
13) өндүрүштөн тышкаркы чыгымдардын беренелеринин номенклатурасына төмөнкүлөр кирет:
- даяр продукция кампаларында тарага жана таңгактоого кеткен чыгымдар;
- өзүнүн көмөкчү цехтеринин тара жана таңгактоо жасоого байланышкан чыгымдары;
- башкалардан сатып алынган таранын наркы;
- буюмдарды башка уюмдарда таралоо жана таңгактоо акысы;
- продукцияны ташуу чыгымдары;
- продукцияны жеткирүү жана жүктөө чыгымдары;
- адистештирилген транспорттук-экспедициялык кеңселердин кызматтарына акы төлөө;
- комиссиялык жыйымдар;
- сатуучу уюмдар жүргүзүүчү чегерүүлөр;
- даяр продукцияны сатуу боюнча башка чыгымдар.
- чийки заттардын, материалдардын, күйүүчү майдын, электр энергиясынын ченемдик (техникалык) коромжулуктары ж.б.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 124, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15. Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүгө кеткен чыгымдар төлөөнүн мөөнөтүнө карабастан алар чыгарылган отчеттук мезгилдеги товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркына киргизилет. Кайсы калькуляциялык мезгилге тиешелүүлүгүн так аныктоого мүмкүн болбогон чыгымдардын айрым түрлөрү (өндүрүштү даярдоо жана өздөштүрүү чыгымдары, атайын аспаптар менен жабдуулардын эскирүүсүнүн ордун толтуруу ж.у.с.), ошондой эле өнөр жайдын сезондуу тармактарынын чыгымдары бекитилген сметаларга ылайык өндүрүштүн чыгымдарына киргизилет.
Ишкана жумшаган жана чет өлкөлүк валютада төлөнгөн, товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркына киргизилүүчү чыгымдар операция жүргүзүлгөн күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген курс боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында чагылдырылат.
16. Мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу табигый монополиянын субъекттеринин жөнгө салынуучу товарларынын (жумуштарынын, кызмат көрсөтүүлөрүнүн) бааларында (тарифинде) чагылдырылган товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте тендер формасында ишке ашырылат.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 124, 2017-жылдын 20-январындагы № 36 токтомдун редакциясына ылайык)
16-1. Табигый монополиянын субъектинин пайдасы бекитилген инвестициялык программаны ишке ашыруу мүмкүндүгүн, анын туруктуу ишин жана керектөөчүлөрдү тейлөө мүмкүндүгүн камсыз кылышы керек. Табигый монополиянын субъектинин бааларын (тарифтерин) эсептөөдө эсептелген пайданын суммасы табигый монополиянын чөйрөсүнө жана бааларды (тарифтерди) жөнгө салуунун тандап алынган методуна жараша табигый монополиялар жөнүндө мыйзамдарга ылайык эсептелет.
Табигый монополиянын субъектинин жана чарбакер субъекттердин бааларын (тарифтерин) эсептөө жөнгө салынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрү боюнча өз алдынча жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
16-2. Табигый монополиянын субъекттерин чыгымдарды төмөндөтүүгө жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга дем берүү төмөнкүлөр аркылуу чыгымдарды үнөмдөөнүн эсебинен иштин жөнгө салынуучу түрлөрү боюнча кошумча пайданы алуу жана колдонуу мүмкүндүгүн сунуштоо жолу менен жүргүзүлөт:
жөнгө салынуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн кыйла натыйжалуу методдорун жана технологияларын киргизүү;
конкурстук (тендердик) жол-жоболорду жүргүзүүнүн натыйжасында акча каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу;
ченемдик технологиялык (техникалык) чыгымдарды (жоготууларды) төмөндөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
эмгекти уюштуруунун алдыңкы методдорун киргизүү;
энергия жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүү;
чыгымдарды кыскартуу жана оптималдаштыруу боюнча башка иш-чараларды жүргүзүү.
Мында табигый монополиянын субъекти ыйгарым укуктуу органга белгиленген үнөмдөөнү иш жүзүндө колдонууну ырастоочу материалдарды тиркөө менен чыгымдарды үнөмдөөнү ырастоочу материалдарды берет.
Иштин жөнгө салынуучу түрү боюнча табигый монополиянын субъекти тарабынан алынган чыгымдардын үнөмдөөсү жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча экономикалык негиздөө ыйгарым укуктуу органга сунушталган учурда, оптималдаштыруучу иш-чараларды жүргүзүүгө чыгымдарды актоо мөөнөтү аяктагандан кийин 3 жыл аяктаганга чейин чыгымдардын сарпталышын үнөмдөө түзүлгөн мезгилдин ичинде тарифтерди эсептөөдө эске алынбайт (чыгымдарды калькуляциялоо үнөмдөөнүн бар болушун эсепке албастан жүргүзүлөт).
Чыгымдарды оптималдаштыруунун же жөнгө салынуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн айрыкча натыйжалуу методдорун жана технологияларын колдонуунун натыйжасында кошумча пайданы алууда табигый монополиянын субъекти үнөмдөлгөн сумманы жаңы өндүрүштүк активдерди түзүүгө, өндүрүштүк активдерди кеңейтүүгө, калыбына келтирүүгө, жаңыртууга, колдоого, кайра калыбына келтирүүгө жана техникалык жактан кайтадан жаңыртып жабдууга сарптайт жана үнөмдөлгөн сумманы чыгымдарды үнөмдөөдөн алынган чоңдуктун 10 пайызынан ашпаган суммада кызматчыларга сый акыны төлөп берүү үчүн сарптоого укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Жөнгө салынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрү боюнча тартылган чыгымдарын, кирешелерин жана активдерин эсепке алуу өзүнчө жүргүзүлөт.
Субъект мамлекеттик монополияга каршы орган менен макулдашуу боюнча өз алдынча эсеп жүргүзүүнүн тартибин иштеп чыгат жана бекитет.
Өзүнчө эсебин алуу бухгалтердик эсептин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт.
Иштин белгилүү бир түрүнө киргизилген бардык кирешелер жана чыгымдар тиешелүү эсептик документтер менен ырасталышы керек.
18. Тигил же бул чыгымдарды иштин тигил же бул түрүнө киргизүүгө мүмкүн болбогон учурда мындай чыгымдарды иштин белгилүү бир түрүнө киргизүү мамлекеттик монополияга каршы орган менен макулдашылат.
19. Бааларды (тарифтерди) аныктоо жана пайдалануу тартибин бузууларга төмөндөгүлөр кирет:
1) товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) жөнгө салынуучу бааларды (тарифтерди) жогорулатуу (арзандатуу);
2) соода үстөгүнүн чектүү деңгээлин жогорулатуу;
3) Бааларга (тарифтерге) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган кошумча бааны колдонуу;
4) товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) наркына иш жүзүндө aткарылбаган же толук эмес көлөмдө аткарылган жумуштардын баасын кошуу;
5) ушул Жобонун 16-2-пунктунда каралган учурлардан тышкары, бааларды (тарифтерди) чийки заттын, материалдардын жана башка технологиялык өзгөртүүлөрдүн арзандаганын эске албастан түзүү;
6) товарлардын (жумуштун, көрсөтүлгөн кызматтардын) баасын, соода үстөктөрүнүн чектүү деңгээлин ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) өздүк наркынын жана инвестицияларга багышталган пайданын бөлүгүнүн эсебинен түшкөн каражаттарды толук эмес көлөмдө же башка максатка пайдалануу;
7) товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) наркына бекитилген же акыркы 2 жылдагы иш жүзүндөгү ченемдерден ашкан чыгымдарды кошуу;
8) товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркын түзүүдө чыгымдардын беренелерин экономикалык негизсиз көбөйтүү;
9) товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) бирдигине иш жүзүндө акы төлөөнүн салыштырма салмагын макулдашууда белгиленген көлөмдөргө караганда ашыра көтөрүү (төмөндөтүү);
10) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органына бааларды (тарифтерди) белгилөөгө (макулдашууга) материалдарды бербөө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы белгиленген талаптарды бузуу менен берүү;
11) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) ыйгарым укуктуу орган менен белгиленбеген (макулдашылбаган) баалар (тарифтер) менен сатуу;
12) жөнгө салынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жана жалпы бөлөк ишмердиктин ар бир түрү боюнча тартылган чыгымдарды, кирешелерди жана активдерди өзүнчө эсепке алуунун жоктугу;
13) чийки зат, материал, кызмат көрсөтүүлөр баасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кабыл алынган тартипте тендер формасында сатып алууларды жүргүзбөстөн пайдалануу;
14) чыгымдардын беренелерин ченемдик техникалык коромжулуктардын чегинен жогору ашыруу.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 124, 2017-жылдын 20-январындагы № 36 токтомдорунун редакциясына ылайык)
20. Ушул Жобону бузуунун натыйжасында, Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы белгилеген жөнгө салынуучу талаптардан четтөөнүн айынан алынган кирешеден акчалай өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органынын, анын аймактык бөлүктөрүнүн алып коюу жөнүндө чечимин тапшырган күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттө же Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы белгилеген мөөнөттө республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы белгилеген жөнгө салынуучу талаптардан четтөөнүн айынан чарбакер субъект тарабынан алынган кирешеден акчалай өндүрүп алуу өз убагында чегерилбеген учурда мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн өнбөгөн калдыктын өлчөмүнүн 0,09 пайызга барабар өлчөмдө үстөк эсептелет. Эсептелген үстөктүн жалпы суммасы эсептелген акчалай өндүрүү суммасынын өлчөмүнүн 100 пайызынан ашпашы керек. Үстөк Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 37-беренесинде каралган учурларда эсептелбеши мүмкүн.
Акчалай өндүрүп алууну өз убагында төлөө жана үстөктү өндүрүп алуу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органынын жетекчилигине жүктөлөт
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 168 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Бул Жобонун бузулганы жөнүндө башка контролдоочу органдар тарабынан аныкталган фактылар жана ал фактылар боюнча материалдар чечим чыгаруу үчүн мамлекеттик монополияга каршы органга жиберилет.
22. Бул Жобону бузуунун натыйжасында алынган сумманы аныктоо мүмкүн болбогон учурда эреже бузуу мезгилиндеги айлык орточо кирешенин суммасынын 25 пайызы монополияга каршы мамлекеттик органдын чечими боюнча алынууга тийиш.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 124 токтомдун редакциясына ылайык)
23. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 36 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
24. Монополияга каршы мамлекеттик органдын ушул Жобону бузуунун натыйжасында алынган кирешени которуу жөнүндө чечими Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинде каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 267, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 168 токтомдорунун редакцияларына ылайык)