Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 386 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2013-жылдын 11-ноябрындагы № 600 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык аймагында жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосунун чокусунда орнотулган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун асабасы жөнүндө ЖОБО
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосунун чокусуна орнотулган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун асабасын (мындан ары - асаба), ага жанаша аймакты кароо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун көтөрүү тартибин белгилейт.
2. Асабага көтөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясында сакталып турган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун түстүк жана схемалык сүрөттөлүшүнүн эталонуна далма-дал келүүгө тийиш.
3. Ушул Жобонун 4-пунктунда каралган учурларды кошпогондо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу асабада такай көтөрүлүп турат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун расмий көтөрүү Кыргыз Республикасынын гимни менен коштолот.
4. Асабага орнотулган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу төмөнкү учурларда түшүрүлөт:
- аза күтүү күндөрүндө (аза күтүү мөөнөтүнүн ичинде асабанын бийиктигинин жарымына түшүрүлөт);
- эгерде анын жулунуп кетүү коркунучу болсо (катуу шамал, жаан, асабаны оңдоо жумуштарын жүргүзүү);
- алмаштыруу же калыбына келтирүү үчүн.
5. Электр энергиясы жок, оңдоо же аба-ырайы начар учурларды кошпогондо асаба жана ага жанаша аймак сутканын караңгы мезгилинде жарык кылынууга тийиш.
6. "Республикалык инкассация башкармасы" мамлекеттик ишканасы убактылуу, 5 жылдык мөөнөткө асабаны тейлөөнү уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
7. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун талаптагыдай күтүүнү, асабаны кайтарууну жана ага жанаша аймакты абаттоону, ошондой эле аталган иш-чараларды жүргүзүү менен байланышкан каржылоону камсыз кылат.
8. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана асабанын техникалык элементтеринин абалына мониторингди ишке ашырат.
9. Асабага жанаша аймакты тазалоо, жашылдандыруу жана кайтаруу үчүн ыйгарым укуктуу орган келишим боюнча башка мекемелерди ишке тартышы мүмкүн.